Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам)дын орду • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам)дын орду

Ахмадия Махдий Ислам рамазан орозо кечирим такыба ыйман ишеним жакшылык

(1)

«Түш ичинде адамдар бир Мухйини[1] издеп жүргөндөрүн көрдүм. Бир киши менин алдыма келип: «Хааза ражулун юхиббу Расулаллаах»[2], – деп айтты. Тагыраак айтканда, бул киши Алланын Пайгамбарын сүйөт. Ушул сөздүн мааниси төмөнкүдөй болчу: ушул кызматтын эң улуу шарты – Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)ды сүйүү. Демек, ал (шарт) бул адамда кезигет». («Руханий хазаайин», 1-том, «Бараахийн-э-Ахмадия», түшүндүрмөнүн түшүндүрмөсү, 598-бет)

(2)

«Дүйнө мени кабыл кыла албайт, анткени мен дүйнөдөн эмесмин. Бирок табиятына тигил ааламдан үлүш берилгендер мени кабыл алышат жана андан ары кабыл кылып турушат. Мени таштай турган бирөө мени Жөнөткөндү таштайт. Мени менен байланыша турган бирөө мени Жөнөткөн менен байланышат. Менин колумда кандайдыр бир чырак бар, мага келген адам андан сөзсүз жарык алат. Бирок, азгырык жана жаман ой себебинен алыстай турган бирөө караңгылыкка ыргытылат. Ушул доордун бекем чеби – мен. Мага кирген киши уурулар, каракчылар жана жапайылардан өзүн сактайт». («Руханий хазаайин», 3-том, «Фатх-э-Ислам», 34-бет)

(3)

«Менин жаным колунда бар Кудайдын атынан касам ичемин: Курани Каримдеги акыйкаттарды жана илим-билимдерди түшүнүү боюнча мага ар бир адамдын үстүнөн жеңиш насип этилген. Мисалга, Курани Каримге тафсир-чечме жазуу үчүн аларды (молдолор) кайра-кайра чакырдым. Эгер каршылаш молдолордун бирөөсү мени менен мелдешкени чыкканда, Кудай Таала аны кордоп, шерменде кылмак. Демек, мага тартуу кылынган Курани Карим түшүнүгү – бул Алла Тааланын бир белги-жышааны. Мен Кудай Тааланын колдоосу менен ишенемин: жакын арада дүйнө ушул айтканым боюнча чынчыл экендигиме күбө болот». («Руханий хазаайин», 12-том, «Сирааж-э-Мунийр», 41-бет)

(4)

«Мен жалгыз эмесмин, Кудай Таала мени менен бирге. Андан башка мага жакыныраак эч ким жок. Анын берешендигинен улам «жапа чегип дагы Анын динине кызмат кылуу жана Ислам кызматтарын чын жүрөктөн аткаруу» деген ашыктык рух мага тартуу кылынды. Анын Өзү мени ушул кызматка дайындады. Эми бирөөнүн айтуусу менен мен тыйыла албаймын». («Руханий хазаайин», 5-том, «Аайна Камаалаат-э-Ислам», 35-бет)

(5)

«Бир такыба киши үчүн бул жетиштүү (далил): Кудай Таала мени жалганды айткандар сыяктуу талкалаган эмес. Тескерисинче, менин көрүнөөмө, көмүскөмө, денеме жана рухума мен санай албаган даражада жакшылык кылды. «Мага Кудайдан вахий жана аян келет», – деп билдирүү жасаган учурумда мен жаш болчумун, эми картайып калдым. Ушул билдирүүмө жыйырма жылдан ашуун мөөнөт өтүп кетти. Менин менден жашыраак бир топ досторум жана туугандарым каза болушту, ал эми Ал Зат мага узак өмүр берди жана ар бир кыйынчылык-оорчулугумда мага Колдоочу жана Жардамчы болуп турду. Кудай Таалага каршы калпты чыгаруучулардын белгилери ушундай болобу?» («Руханий хазаайин», 11-том, «Анжаам-э-Аатхам», 50-бет)


[1] Тирилтүүчү жана жандандыруучу.

[2] {ھٰذَا رَجُلؑ یُحِبُّ رَسُوْلَ اللہِ}

Share via