Яжуж-Мажуж • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Яжуж Мажуж

«Яжуж-Мажуж бардык коомдордун арасында от менен иштөө боюнча эң уста, тескерисинче ушул ишти жаратуучу коом. Ушул аттарда төмөнкүдөй нерсеге ишаарат бар: алардын учактары, поезддери жана техникалары от аркылуу жүрөт жана алар от аркылуу согушат. Алар оттон иш алуу өнөрүндө дүйнөдөгү бардык коомдордон жогору турушат. Ошол үчүн гана алар Яжуж-Мажуж деп аталышат. Демек, булар – европалык коомдор: алар от өнөрүндө ушунчалык уста, чебер жана дүйнөдөн өзгөчөлөнүп турат. Мындан көбүрөөк баяндоонун кажети жок. Исрааийл балдарынын пайгамбарларына берилген илгерки Китептерде да европалык адамдар гана Яжуж-Мажуж деп аталышкан. А түгүл, байыркы Россиянын борбору – Москванын аты дагы жазылган. Демек, Масийхи Мавъуддун Яжуж-Мажуж доорунда ачыкка чыгуусу белгиленип коюлган болчу». («Руханий хазааин», 14-том, «Аййаам-э-Сулх», 424-бет)

Share via