Китептин кыскача маани-мазмуну
Мындан жүз жыл мурда Ахмадия Мусулман Жамаатынын негиздөөчүсү – Азирети Мырза Гулам Ахмад алайхиссалаам (1835-1908): «Алла Таала мени ушул доорду оңдоо үчүн жөнөткөн. Мен Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллааху алайхи ва саллам алдын ала айтып, келерин кабарлаган жана Исламды бардык диндердин үстүнөн жеңишке чыгара турган акыр заман Махдийси жана Масийхи Мавъудумун», – деп билдирген эле.
Анын ушул билдирүүсүнө бир кылымдан ашуун убакыт өттү. Ушул убакыт аралыгында анын Жамааты бир гана Алла тааланын колдоосу менен абдан кыйын жана оор абалда ар түрдүү каршылыкка карабастан, дүйнөнүн бардык жеринде абдан тездик менен өсүп-өнүгүп келди. Бүгүнкү күнгө чейин бул Жамаат 194 өлкөдө катталып, өз ишмердүүлүгүн алып барууда.
Ахмадия Мусулман Жамаатынын кабарын, анын өзгөчөлүктөрүн жана сунуш кылган программаларын даана, так билүү үчүн, ошондой эле Жамааттын Негиздөөчүсү – Азирети Мырза Гулам Ахмад алайхиссалаамдын билдирүүлөрү менен кеңири таанышуу үчүн ылайыктуу жана ишенимдүү ыкма – анын жазууларын түз жана бейтарап абалда окуу.
Ушул китепчеде Азирети Мырза Гулам Ахмад алайхиссалаамдын диний ырлары жана кара сөздөн турган жазуулары берилип, диндин негиздерине жана Ахмадия Мусулман Жамаатынын ишенимдерине жарык чача турган айрым тандалма үзүндүлөр сунуш кылынууда. Буларды окуу аркылуу Азирети Мырза Гулам Ахмад алайхиссалаамдын сексенден ашуун китептери тууралуу кандайдыр бир жыйынтык чыгаруу менен бирдикте акыл-эс дараметин өөрчүтүү, жүрөктөргө жарык берүү жана рухтун өсүп- өнүгүшүнө өбөлгө болот деген үмүттөбүз.
Азирети Мырза Гулам Ахмад алайхиссалаам мындай деп айткан: «Кудай таала мага: «Дүйнөдөгү ар кандай диндер өздөрүнүн ыйык китептериндеги алдын ала берилген кабарларга ылайык күтүп жаткан акыр замандагы убада кылынган Реформатор сенсиң», – деп кабар берди. Хиндилер Кришнаны, ал эми буддистер Будданы, жөөттөр жана христиандар Иса Масийхти күтүшүүдө. Мусулмандар убада кылынган Махдий жана Масийх чыгат деп күтүшкөн эле. Бирок Кудай тааланын жазууларында төмөнкүдөй нерсе чечилген болчу: бардык диндер күтүп жаткан убада кылынган Реформатор бир эле адам болот. Ал Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллааху алайхи ва салламдын үммөтүнөн чыгат жана анын жолдоочусу болот. Анын келиш максаты – бардык адамдарды Алла тааланын акыркы дини жана толук жашоо мыйзамы – Исламдын туусу астында чогултуу болот. Ал зат алайхиссалаамдын келиши адамзаттын бардык муундары эңсеп келген алтын доордун башталышы экенин жарыя кылды. Ушундай алтын доордо адилеттүүлүк, тынчтык, элдешүү жана ынтымак өкүм сүрөт жана жер жүзүндө жашап жаткан бардык адамдардын бир эле дини – Ислам дини жана бир эле жолбашчысы – Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллааху алайхи ва саллам болот.
Ушул убада кылынган Реформатордун келишиндеги максаттарына жетүү программалары эл аралык гана эмес, мезгил жагынан кылымдарды өз ичине алат. Ошондуктан, муундан-муунга өз жандарын, мал-мүлктөрүн жана убакыттарын тынымсыз курман кылып, Исламдын жеңиши тууралуу программасын алдыга сүрөп, кыямат күнүнө чейин аракет кыла турган бир жамаат керек болчу. Ошентип, Алла тааланын буйругу менен Азирети Мырза Гулам Ахмад алайхиссалаам 1889-жылдын 23-мартында Индиянын Лудхияна шаарында ыкыластуу адамдардан Байъат алды. Алар аны Кудай таала элчиси деп таанып, анын бардык билдирүүлөрүн кабыл кылышты жана анын ушул ыйык аракетине жардам кылууга ниеттеништи. Ал алайхиссалаам Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллааху алайхи ва салламдын экинчи Ахмад деген атынан өз Жамаатына «Ахмадия Жамааты» деп наам койду.
Ал алайхиссалаам Аариялар (индус дининин бир агым) жана христиан попторунун Исламга карата жасаган чабуулдарынан Исламды коргоо үчүн жана Курани каримдин улуу таалимдерин дүйнөгө жайылтуу үчүн сексенден ашуун китептерди жазып, өзүнүн чектелүү шарттарына карабастан, дүйнөгө Исламды таркатты. 1908-жылы ал зат алайхиссалаам көз жумган соң анын Жамаатында хилаафат системасы орношту. Анын (хилаафат) берекеси менен Жамаат өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн бир жерге топтоп, бүткүл ааламга Ислам динин жана Курани карим таалимдерин жайылтуу ишин улантты.
1947-жылы Индия-Пакистан бөлүнгөн учурда Ахмадия Мусулман Жамаатынын жүз миңдеген мүчөлөрү Пакистанга көчүп келүүгө аргасыз болушту. Ушул жерде Пенжаб облусунда Чинаб дарыясынын жээгинде Жамаат Рабвах атынан белгилүү болгон жаңы Борборду курду.
Башынан эле каршылаш молдолор тарабынан Жамаатка каршы аракеттер жүргүзүлүп келген. Алардын белгилүүсү – 1953, 1974 жана 1984-жылдардагы кыймылдар. Эң акыркы кыймылды ошол учурдагы бийлик толук бойдон колдогон жана иштиктүүлүк менен «чоң» салымын да кошкон. Бийлик Жамааттын өсүп-өнүгүүсүн токтотуу жана Ахмадийлердин негизги адамдык укугун тепселөө үчүн абдан чоң акысыздык жана зулумдукту колдогон мыйзамдарды чыгарды. Алардын белгилүүсү – 1984-жылкы № ХХ Анти-ахмадиялык президенттик указ. Кыскасы, Ахмадия Мусулман Жамааты Пакистанда каапырлыкка чыгарылды. Кээ бир мечиттер кулатылып, кээ бирлерине кулпу салынды. Миңдеген Ахмадийлер соттолду, юридикалык жактан дагы, моралдык жактан дагы кысымга алынып, түрмөгө камалды жана бир топ Ахмадийлер шейит кылынды. Алла тааланын өзгөчө берешендиги жана колдоосу менен Жамаат мүчөлөрү абдан чоң сабырдуулук жана туруктуулук менен теңдеши жок курмандык кылып, ошондогу бийликтин жана анын шериги болгон молдолордун аракеттерин ийгиликсиз кылды.
Пакистанда Ахмадийлерге каршы ушул акысыз аракеттердин натыйжасында башка өлкөлөрдөгү Ахмадийлерде бир теңдеши жок руханий ойгонуу пайда болду жана Жамаат ушул доордо мурдагыдан да көбүрөөк өсүп-өнүктү.
1989-жылы Ахмадия Мусулман Жамаатынын жүз жылдык маарекесинин берекелүү аземи учурунда эл аралык деңгээлде иш-план түзүлгөн. Анын негизги жагы төмөнкүдөй: Ахмадия Мусулман Жамааты ушул учурда Кудай таалага шүгүрчүлүк кылып, ыраазычылык менен бир жүздөн ашуун тилдерде Курани карим, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллааху алайхи ва салламдын тандалма хадистери жана Ахмадия Мусулман Жамаатынын негиздөөчүсү – Азирети Мырза Гулам Ахмад алайхиссалаамдын жазгандарынан тандалган үзүндүлөрдү бастырып чыгарууда. Бул китепче дагы ушул улуу жана ыйык пландын бир бөлүгү.
Китепчедеги түшүндүрмөлөр (сноска) котормочу тарабынан берилди.
Аршад Мехмуд
Кыргызстандагы
Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси