Периштелер • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Намаз сыйынуу ибадат азан дуба дин ыйман мусулман момун хадис куран

(1)

«Курани Каримге кылдаттык менен көңүл бурсак, тек гана адамзат үчүн эмес, тескерисинче дүйнө ааламынын көрүнөө жана көмүскө тарбиясы үчүн кээ бир каражаттардын болуш зарыл экендигине күбө болобуз. Курани Каримдеги айрым ишаараттардан ачык-айкын көрүнөт: периштелер деп аталуучу айрым ыйык жанзаттардын асман тайпалары менен өзүнчө алака-байланыштары бар. Алардын кээ бирлери өзүнүн өзгөчө таасирлери аркылуу шамалды үйлөтүүчү, айрымдары жаанды жаадыруучу, ошондой эле кээ бирлери айрым башка таасирлерин жерге түшүрүүчү». («Руханий хазааин», 3-том, «Тавзийх-э-Мараам», 70-бет)

(2)

«Муну дагы эстен чыгарбаш керек: Ислам шарияты боюнча периштелердин өзгөчөлүктөрүнүн даражасы адамзаттын өзгөчөлүктөрүнөн жогору эмес, тескерисинче адамдардын касиеттери периштелердин касиеттеринен артык. Денелик системада же руханий системада алардын курал экендиги алардын абзел экенин далилдебейт, тескерисинче Курани Каримдин көрсөтмөсү боюнча алар кызматчылар катары ушул кызматка дайындалган». («Руханий хазааин», 3-том, «Тавзийх-э-Мараам», 74-бет)

(3)

«Периштелердин түшүүсүнүн мааниси эмне? Демек, эсиңерде болсун, Кудай Тааланын адаты ушундай улантылып келген: кандайдыр бир элчи же пайгамбар же Мухаддас[1] адамдарды оңдоо үчүн асмандан түшкөндө, аны менен бирге, ага жолдош болуп ушундай периштелер түшүшөт: алар даяр болгон жүрөктөргө хидаят киргизишет жана жакшы-такыба иштерге чакырышат. Алар каапырлык жана наадандык караңгылыгы жоголуп, ыйман жана чындык таңы атканга чейин тынымсыз түшүп турушат. Мисалга, Алла Таала мындай айтат: «Тата-назза-лул малааи-кату вар-Рууху фий-хаа би-изни Раббихим, мин кулли амрин, салаамун, хия хаттаа матлаъил фажр»[2]. Демек, периштелер жана Рухул-Кудустун түшүүсү, тагыраак айтканда, асмандан түшүүсү бир улуу мартабалуу инсан халифат чепкенин кийип, Илаахий Сөзгө татыктуу болуп, жерге түшкөндө гана жүз берет. Рухул-Кудус айрыкча ошол Халифага берилет». («Руханий хазааин», 3-том, «Фатх-э-Ислам», 12-бет, түшүндүрмө)


[1] Хадис жыйноочу.

[2] (تَنَزَّلُ الْمَلَائِكَةُ وَالرُّوحُ فِيهَا بِإِذْنِ رَبِّهِمْ مِنْ كُلِّ أَمْرٍ،سَلَامٌ هِيَ حَتَّى مَطْلَعِ الْفَجْرِ} (القدر 5-6} Котормосу: анда периштелер жана Рухул-Куддус өз Раббисинин амири менен тез-тез түшөт, ар бир маселеде, салам, бул (түшүү) таң атканга чейин улантылат. (97:5-6)

Share via