Биздин ишенимдерибиз • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Намаз

(1)

«Лаа илааха иллаллааху Мухаммадур Расуулуллаах» биздин ишенимибиздин корутундусу жана маңызы. Ушул дүйнөлүк жашоодо биздин ишенимибиз төмөнкүчө жана Кудай Тааланын берешендиги, колдоосу менен ал аркылуу гана бул жалган дүйнө менен коштошобуз: биздин жетекчибиз жана жолбашчыбыз – Азирети Мухаммад Мустафаа (саллаллааху алайхи ва саллам) бардык пайгамбарлардын мөөрү жана бардык пайгамбарлардын эң абзели. Дин анын колунда толукталды жана кайсыл Нээмат[1] аркылуу адамзат туура жолду тандап Кудай Таалага жетүүсү мүмкүн болсо, ал (нээмат) толук бойдон өзүнүн чокусуна жетти. Биз бекем ишенүү менен: «Курани Карим көктүк Китептердин эң абзели жана анын шарияттарына, чек араларына, буйруктарына жана амирлерине бир үтүр же чекитти көбөйтүүгө да, андан кемитүүгө да болбойт», – деп ыйман келтиребиз. Эми Курани Каримдин амирлерин өзгөртүүчү же бекер кылуучу же кандайдыр бир буйругун эле өзгөртүүчү же алмаштыруучу вахий же аян Кудай Тааладан келүүсү мүмкүн эмес. Эгер кимдир бирөө ошондой ойго барса, биздин назарыбызда ал момундар жамаатынан чыккан динсиз жана каапыр». («Руханий хазаайин», 3-том, «Изаалау Аухаам», 169-170-бет)

(2)

«Биз Алла Тааладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок экенине жана Саййиднаа Азирети Мухаммад Мустафаа (саллаллааху алайхи ва саллам) Анын Элчиси жана Хаатамуль-Анбия экенине ыйман келтиребиз. Биз периштелердин бар экенине, кайра тирилүүнүн, Кыямат күнүнүн жана бейиш менен тозоктун акыйкат экенине ыйман келтиребиз. Биз Улук Алла Курани Каримде айтканынын баарын жана Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) айтканынын баарын, жогоруда айтылып өтүлгөндөрдүн негизинде акыйкат экенине ыйман келтиребиз. Биз ушул Ислам шариятынан кыпындай нерсени кемите турган же кенедей нерсени көбөйтө турган же парыздарды таштоого же арамды адал кылууга жол ача турган адамдын ыймансыз жана динден чыккан адам экенине ыйман келтиребиз. Биз өз Жамаатыбызга: «Алар Лаа илааха иллаллааху Мухаммадур-Расуулуллаах деген ыйык келимеге ыйман келтирсин жана ага бекем ишенген бойдон гана дүйнөдөн кайтсын дейбиз. Ошондой эле Курани Карим чынчылдыгын тастыктаган пайгамбарлар жана Китептердин баарына ыйман келтирсин. Намаз, орозо, зекет жана ажылык, ошондой эле Кудай Таала жана Анын Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам) белгилеп койгон баардык парыздарды парыз деп жана баардык арамдарды арам деп чыныгы-туура Исламга амал кылсын», – деп насаат кылабыз. Кыскасы, илгери өтүп кеткен такыбалар ишеним катары жана амал катары бирдикте карманган бардык ишенимдерге, ошондой эле «ахли сүннөттүн» биргеликтеги көз карашы боюнча Ислам деп аталган бардык ишенимдерге ыйман келтирүү – парыз. Ушул эле биздин ишенимибиз экенине биз асман жана жерди күбө кылабыз». («Руханий хазаайин», 14-том, «Аййаамус-Сулх», 323-бет)

(3)

«Эй, жер бетинде жашоочу бардык адамдар! Эй, Чыгыш жана Батышта жашоочу бардык адамзаттар! Мен зор басым менен силерди төмөнкү нерсеге чакырамын: азыр жер бетинде нукура дин – жападан-жалгыз Ислам дини. Ошондой эле нукура Кудай дагы – Ыйык Куран сүрөттөгөн Кудай. Ошол эле сыяктуу кудуреттүүлүк жана тазалыктын тактысында отурган түбөлүк руханий жашоого ээ болгон Пайгамбар дагы – Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафаа (саллаллааху алайхи ва саллам)». («Руханий хазаайин», 15-том, «Тарякуль-Кулууб», 141-бет)


[1] Ислам дини.

Share via