Нурдун мезгили • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну
Намаз ибадат сыйынуу

(1)

«Силер байкаганыңардай мөмө-жемиш өз мезгилинде келет, дал ошондой нур дагы өз убагында гана түшөт. Анын өзү түшө электе эч ким аны түшүрө албайт. Анан ал түшкөндө, аны эч ким токтото албайт. Ал эми жаңжал жана карама-каршылыктын чыгышы зарыл болот. Бирок, акыр аягында акыйкат жеңип чыгат. Анткени, бул нерсе адам тарабынан да, кандайдыр бир адамзат колунан да эмес, тескерисинче мезгилдерди өзгөртүүчү жана доорлорду алмаштыруучу, ошондой эле күндөн түндү жана түндөн күндү чыгаруучу Кудай тарабынан гана. Ал караңгылыкты да жаратат, бирок жарыкты гана каалайт. Ал Ширктин жайылуусуна да жол берет, бирок жалгыз Тавхийди гана сүйөт. Анын жаркырашы башка бирөөгө таандык кылынуусун жактырбайт. Адамзат жаралганынан тартып, өлгөнүнө чейин Кудайдын табият мыйзамы ушундай: Ал дайыма Тавхийдди гана колдойт». («Руханий хазааин», 15-том, «Масийх Индияда», 65-бет)

(2)

«Эй, Кудай! Эй, Жаратуучу! Эй, күнөөлөрдү Кечирүүчү Алла!

Эй, менин Сүйүктүүм, менин Жардамчым, менин Багуучум!

Мени жактырганың – мага болгон Сенин мээримдүүлүгүң,

Болбосо Сенин алдыңда кызматчылар арбын болчу.

Биз доспуз дегендердин баары душман болуп кетишти,

Бирок, эй, Кудайым! Сен мени эч качан таштаган жоксуң.

Эй, Сүйүктүү Досум! Эй, мага башпанек берүүчү Кудай!

Мен үчүн Сен гана, Сенсиз мен эч нерсе эмесмин.

Эгер Сенин мээримиң болбогондо, мен өлүп топуракка айланмакмын.

Анан ушул топурак каерге чачылып жиберилерин Кудай гана билет.

Эй, Алла! Менин денем, жаным жана дилим Сенин жолуңда курман болсун!

Сага окшош сүйгөн бирөөнү мен эч таппадым.

Мен башынан эле Сенин көлөкөң астында гана күн кечирдим,

Мен эмип турган ымыркай сыяктуу эле Сенин кучагыңда жашадым.

Сенин достугуңдай достукту мен адам тукумунда байкаган жокмун,

Сенден башка эч бир боорукер жана камкор досту көргөн эмесмин.

Адамдар: «Жараксыз[1] бирөө кабыл болбойт», – деп айтышат, Мен «жараксыз» болуп дагы Алланын алдында кабыл алындым.

Сен мага ушунчалык көп мээримдүүлүк көрсөттүң:

Аны Кыямат күнүнө чейин саноого болбойт». («Руханий хазааин», 21-том, «Бараахийн-э-Ахмадия», 5-бөлүк, 127-бет)


[1] Убада кылынган Масийх жана Махдий Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) ушул жерде өзүн карапайымдыгын билдирүүдө.

Share via