Теңдеши жок Тавхийд

Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху)дан Хаммаам бин Мунабба мындай деп рабаят этет: «Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) Алла тааланын мындай айтканын баян кылды: «Менин пендем улуктугумду жокко чыгарат, бул ага жарашпайт. Ал Мага орой сөз айтат, чынында ушундай кылууга анын укугу жок болчу. Анын улуктугумду жокко чыгаруусу төмөнкүчө: ал киши: «(Алла) мени биринчи ирет жаратты, бирок өлгөндөн кийин кайра жарата албайт», – деп айтат. Мага орой сөз айткандыгы төмөнкүчө: ал киши: «Алла бирөөнү Өзүнө уул кылып алды», – деп айтат. Акыйкатта болсо, Мен Самад, тактап айтканда, кажетсизмин. Мен бирөөнү төрөгөн эмесмин, Мен Өзүм да төрөлгөн эмесмин. Мага кимдир бирөө тең боло албайт».