Ахмадия – бул адамды Кудай менен жолуктура турган чыныгы Ислам
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия – бул адамды Кудай менен жолуктура турган чыныгы Ислам

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын сахаабаларынын бири Азирети Мавлавий Мухаммад Ильяс Хан Сахиб (разияллааху анху) төмөнкүлөрдү айтып берет: «Калат[1] штатынын казыларынын казысы Абдул Алий Ахундзада Мастунг шаарында чогулган калыӊ элдин арасында ачык түрдө мага кайрылып: «Мен сизден сиз Пенжабга барып, бир пенжабдык Мырза Гулам Ахмад Кадиянийге байъат бергенсиз, бүткүл Сархад[2] облусунда сизге бир дагы руханий Пир[3] табылган жокпу деп сурайм», – деди.

Азирети Мавлавий Сахиб (разияллааху анху) берген күчтүү жана ыймандарды күчтөндүүрүчү жооп таӊ калычтуу болду. Ал киши мындай деди:

«Негизинен, Ахунзада мырза, кеп мындай: менден менин Кудайым жоголуп кеткен болчу. Мен Аны ар бир динден издеп көрдүм. Ар бир дин мени мурунку (доордогу) жомокторго алып барчу. Мен ар биринен Ал Кудай азыр деле сүйлөйбү деп сурачу элем. Алар жок, азыр сүйлөбөйт деп жооп берчү. Мен мусулмандардын жетимиш эки агымынын ар бирине бардым, алар дагы Азирети Мухаммад Мустафаа (саллаллааху алайхи ва саллам)дан кийин Кудай сүйлөбөй калган, вахий-аяндын эшиги такыр эле жабылып калды деп жооп беришкен. Ошондо мен чындыгында Кудай жок го, Ал болгону мурунку жомокторго негизделген бир философия, антпесе Кудай бардык сулуу сапаттардын кени болуп, бир дагы сапаты бекер (өчүп калган) болгон болбошу керек, илгери сүйлөп жүрүп, азыр сүйлөө сапаты кандайча мөөрлөнүп калган болсун деген жыйынтыкка келдим. Атеист болуп калуума аз калганда, аркамдан бир жумшак гана кол ийинимен кармап мындай деди: «Мухаммад Ильяс эмне болду, эмнеге капасыз? Мен: «Кудайдын чындыгын билип алдым, Ал болгону бир философия. Чынында эле Анын чындыгын билип алдым, Ал болгону бир философия, акыйкатта жок экен, анткени кимден гана сурабасам, ал илгери Кудай сүйлөчү, азыр сүйлөбөйт деп жооп берчү», – дедим. Ал менин колуман кармады жана ал инсан Азирети Мырза Гулам Ахмад Кадияний болгон, ал мындай деди: «Келиӊиз, мен сизге Ал Кудайдын азыр деле сүйлөгөнүн көрсөтөйүн, бирок бул үчүн сиз мага байъат беришиӊиз керек, анткени мен Алла Таала тарабынан жиберилген Масийх жана Махдий болом, ошондо Ал Кудай сизге да түшөт. Эгер кааласа, сиз менен дагы сүйлөшөт». Азыр, Абдул Алий Ахунзада мырза! Мен Алла Тааланын атын ортого салып айтам – Анын атын калпы эле ортого салып, ант ичүү каргышталган бирөөлөрдүн иши – Мырза Гулам Ахмад Кадиянийдин Кудайы мени менен дагы сүйлөшөт. Мен силерден Кудай мени менен да сүйлөшөт дей турган бирөөӊөр барбы деп сурайм». Чогулган элдин баары унчукпай калды жана бир азга созулган сүкүттөн кийин эч кимден жооп келбеген соӊ Мавлавий Сахиб мындай деди: «Мен ушундай ишенимди жана чирип кетип, ырым-жырымдардын Исламы гана болуп калган жана Кудай сүйлөбөгөн Исламды эмне кылайын? Эмнеге Кудай менен жолуктура турган, Анын сүйүү жана мээримдүү сөздөрүнө татыктуу кыла турган чыныгы Ислам болгон Мырза Гулам Ахмад Кадиянийдин Исламын кабыл албайын?» (Абдус-Салам Хан: «Хаят-э-Ильяс», 118-бет)

[1] «Калат» азыркы Пакистандын «Хайбер Пахтунхва» облусунда жайгашкан өрөөн.

[2] Пакистандын азыркы «Хайбер Пахтунхва» облусунун мурунку аты «Сархад» болчу.

[3] Адамдар ээрчий турган руханий жол башчы.

Share via