Азирети Давуд (алайхиссалаам)дын бир дубасы

Азирети Абу Дардаа (разияллааху анху) мындай деп рабаят этет: «Адамдардын арасында баарынан дагы көбүрөөк ибадат кыла турган инсан – Азирети Давуд (алайхиссалаам) (Алла Тааланын сүйүүсүнө жетишүү үчүн) төмөндөгүдөй дубаны сурачу:
اللَّهُمَّ إِنِّيْ أَسْأَلُكَ حُبَّكَ، وَحُبَّ مَنْ يُحِبُّكَ، وَالْعَمَلَ الَّذِيْ يُبَلِّغُنِيْ حُبَّكَ، اللَّهُمَّ اجْعَلْ حُبَّكَ أَحَبَّ إِلَيَّ مِنْ نَفْسِيْ وَأَهْلِيْ، وَمِنَ المَاءِ البَارِدِ
ОКУЛУШУ: АЛЛААХУММА ИННИЙ АС-АЛУКА ХУББАКА ВА ХУББА МАН Ю-ХИББУКА ВАЛ-АМАЛАЛЛАЗИЙ Ю-БАЛЛИГУНИЙ ХУББАКА, АЛЛААХУММАЖЪАЛ ХУББАКА АХАББА ИЛЛАЙЙА МИН НАФСИЙ ВА АХЛИЙ ВА МИНАЛ МАА-ИЛ-БААРИД. (ТЕРМИЗИЙ, КИТААБУД-ДАЪВААТ)
Котормосу: Эй, Алла! Мен Сенден сүйүүңдү сурайм жана Сени сүйө тургандын сүйүүсүн дагы. Жана Сенден мени сүйүүңө жеткирге турган амалды жасоо күч-кубатын сурайм. Эй, Алла! Ушунчалык көп сүйүүңдү жүрөгүмө салгын: менден дагы, үй-бүлөмдөн дагы, муздак суудан дагы күчтүүрөөк болсун.