Алла Тааланын сүйүүсүнө жетишүү дубасы

Азирети Абдулла (разияллааху анху) бин Язийд ал-Ансарий мындай деп айтат: «Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) (Алла Тааланын сүйүүсүнө жетишүү үчүн) сураган дубалардын арасында төмөндөгүдөй дубаны дагы сурачу:
اللَّهُمَّ ارْزُقْنِيْ حُبَّكَ وَحُبَّ مَنْ يَنْفَعُنِيْ حُبُّهُ عِنْدَكَ، اللَّهُمَّ مَا رَزَقْتَنِيْ مِمَّا أُحِبُّ فَاجْعَلْهُ قُوَّةً لِيْ فِيْمَا تُحِبُّ، اللَّهُمَّ وَمَا زَوَيْتَ عَنِّيْ مِمَّا أُحِبُّ فَاجْعَلْهُ فَرَاغًا لِيْ فِيْمَا تُحِبُّ
ОКУЛУШУ: АЛЛААХУММАР ЗУК-НИЙ ХУББА-КА ВА ХУББА МАН ЯН-ФАЪУНИЙ ХУББУХУ ИНДАКА, АЛЛААХУММА МАА РАЗАКТАНИЙ МИММАА УХИББУ ФАЖЪАЛХУ КУВВАТАЛЛИЙ ФИЙ-МАА ТУХИББУ, АЛЛААХУММА ВА МАА ЗАВАЙТА АННИЙ МИММАА УХИББУ ФАЖЪАЛХУ ФАРААГАЛЛИЙ ФИЙ-МАА ТУХИББУ. (ТЕРМИЗИЙ, КИТААБУД-ДАЪВААТ)
Котормосу: Эй, Алла! Мага Өз сүйүүңдү тартуулагын жана сүйүүсү мага Сенин алдыңда пайда келтире турган бирөөнүн сүйүүсүн дагы. Эй, Алла! Сен мага тартуулай турган сүйүктүү нерселеримди Өзүңө сүйүктүү болгон нерселериң үчүн мага күч-кубат куралына айландыргын. Эй, Алла! Сен менден алыстатып жиберген сүйүктү нерселеримдин ордуна Өзүң жактырган нерселериңди мага тартуулагын.