01-хадис сабагы

Алла Таалага жагымдуу эки сөз
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айтат:

Калиматаани хафийфатаани алал-лисаани
тилге аябай жеңил жана оңой болгон, бирок

сакийлатаани фил-мийзани
берилүүчү сыйлык менен кун таразасында өтө салмактуу,

хабийбатаани илар-Рахмаани
амал жана эмгек талабы жок аша чаап сыйлык берүүчү Эң Мээримдүү Аллага абдан жагымдуу эки (2) нерсе бар. Ал эки нерсе төмөнкүдөй: бири

Субхааналлаахи ваби хамдихий
Алла Таала ар түрдүү жамандыктан, алсыздыктан жана күнөөдөн таза, ошондой эле тек таза гана болбостон, бардык мактоо-алкоолор, бардык касиеттер, ар түрдүү сулуулуктар менен айкөлдүктөрдүн Ээси. Анан төмөн даражада эле ошондой болбостон,

Субхааналаахил азийм
Алла Таала ар түрдүү алсыздык жана айып-кемчиликтен таза болуудан тышкары ар түрдүү улуулук, бийиктик жана салтанаттуулук да Ага гана таандык. («Бухарий», Китаабут-Тавхид, Баабу каулиллаахи таала «ва назаъул-муваазийнал-киста…7563-хадис)
Ушул эки көлөмү аз, бирок абдан сүйүкүмдүү сүйлөмдө Раббибизге чоң-чоң китептерде да кезикпеген зор мактоо-алкоо айтылган. Раббибиздин Китеби – Курани Каримде жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын айткандардында Раббибиздин сыпаттары жана сүйкүмдүү аттары жакшылап ачык-айкын жана кең-кесири баян этилген, ошондой эле майда жана кылдат маани-мазмундарды баян кыла турган, саны аз болсо да, түшүнүүгө жана эсте сактоого жеңил болгон маани-мазмундар да баян этилген. Раббибиз ар түркүн айып-кемчиликтерден таза, Анда бир дагы алсыздык жок, Анда бир дагы айып-кемчилик жок, Ал эч кандай жаңылыштыкка, наадандыкка, күнөөгө жол койбойт. Экинчи жактан алганда, адам баласы элестетүүсү мүмкүн ар бир жакшылык жана ар бир сулуулук Раббибизде кезигет. Ушул маани-мазмундардын баары мына ушул эки сүйлөмдө камтылган. Келгиле, ушул эки сүйлөмдү жаттап алып, аларды кайталап туралы:

Субхааналлаахи ваби хамдихий, Субхааналаахил азийм.