Вахий-аян маселеси • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамааты менен башка мусулмандардын ортосунда талаштуу маселелердин бири – бул «вахий-аян» маселеси. Бул тууралуу жалпы мусулмандардын акыйдасы (ишеними) бул: Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан кийин вахий-аян токтоп калган, эми кыямат күнүнө чейин Алла Тааланын Өзүнүн сүйүктүү пенделери менен сүйлөшүү сапаты бекер болуп кеткен. Буга каршы Ахмадия Мусулман Жамаатынын акыйдасы төмөнкүдөй:

ВОХ ХУДА АБ БХИ БАНАТА ХАЙ ЖИСЭ ЧАХЭ КАЛИЙМ АБ-БХИ-УС-СЭ-БОЛТА-ХАЙ-ЖИС-СЭ-ВОХ-КАРТА-ХАЙ-ПИЯР

ВОХ ХУДА АБ БХИ БАНАТА ХАЙ ЖИСЭ ЧАХЭ КАЛИЙМ
АБ-БХИ-УС-СЭ-БОЛТА-ХАЙ-ЖИС-СЭ-ВОХ-КАРТА-ХАЙ-ПИЯР

Ал – Алла азыр да Өзү каалаган адамды Калийм[1] кылат.

Азыр да Ал Өзү сүйгөн адам менен сүйлөшөт.

Ахмадия Мусулман Жамааты өзүнүн көз карашын колдоп, жактап келтирген акылдык жана илимий далилдеринин айрымдары төмөнкүлөр:

КУРАНИ КАРИМ

ВА ИЗАА СА-АЛА-КА ИБАА-ДИЙ АННИЙ ФА-ИННИЙ КАРИЙ-БУН УЖИЙ-БУ ДАЪВА-ТАД-ДААЪИ ИЗАА ДАЪАА-НИ ФАЛ-ЙАС-ТА-ЖИЙ-БУУ-ЛИЙ ВАЛ-ЮʹМИ-НУУ БИЙ ЛА-АЪЛЛА-ХУМ ЙАР-ШУ-ДУУН. (2:187)

ВА ИЗАА СА-АЛА-КА ИБАА-ДИЙ АННИЙ ФА-ИННИЙ КАРИЙ-БУН УЖИЙ-БУ ДАЪВА-ТАД-ДААЪИ ИЗАА ДАЪАА-НИ ФАЛ-ЙАС-ТА-ЖИЙ-БУУ-ЛИЙ ВАЛ-ЮʹМИ-НУУ БИЙ ЛА-АЪЛЛА-ХУМ ЙАР-ШУ-ДУУН. (2:187)

Котормосу: Жана (эй, Пайгамбар)! Менин пенделерим сенден Мен жөнүндө сурашканда, (сен аларга жооп берип кой) албетте, Мен (аларга) жакын турамын. Дуба кылуучу адам Мага кайрылганда, Мен анын дубасына жооп кайтарамын. Демек, хидаят табуулары үчүн алар (дуба кылуучулар) да Мага жооп кылуулары жана Мага ыйман келтирүүлөрү зарыл. (2:187)

Ушул куттуу аятта Алла Таала Өзүнүн бар экенинин далили катары Өзүнүн сүйлөшүүсүн эле сунуш кылып жатат. Буга каршы Курани каримдеги бир канча башка жайларда буттардын ушул сапаттан куру-жалак экенин алардын жалганчы экенинин далили катары сунуш кылат. Мисалга, төмөнкү аяттарга карагыла:

ЛА-КАД АЛИМ-ТА МАА ХАА-УЛАА-И ЙАН-ТИ-КУУН. (21:66)

ЛА-КАД АЛИМ-ТА МАА ХАА-УЛАА-И ЙАН-ТИ-КУУН. (21:66)

Котормосу: Алар (мушриктер) айтышты: «(Эй, Ибрахим!) Ушул (буттар) сүйлөбөгөнүн билесиң го». (21:66)

АФА-ЛАА ЙА-РАУ-НА АЛЛАА ЙАР-ЖИЪУ ИЛАЙ-ХИМ КАУ-ЛАА. (20:90)

АФА-ЛАА ЙА-РАУ-НА АЛЛАА ЙАР-ЖИЪУ ИЛАЙ-ХИМ КАУ-ЛАА. (20:90)

Котормосу: Бирок ал музо алардын эч бир сөзүнө жооп кайтарбаганын алар көрүшпөйбү? (20:90)

АЛАМ ЙА-РАУУ АННА-ХУУ ЛАА Ю-КАЛЛИ-МУ-ХУМ ВА-ЛАА ЙАХ-ДИЙ-ХИМ САБИЙ-ЛАА. (7:149)

АЛАМ ЙА-РАУУ АННА-ХУУ ЛАА Ю-КАЛЛИ-МУ-ХУМ ВА-ЛАА ЙАХ-ДИЙ-ХИМ САБИЙ-ЛАА. (7:149)

Котормосу: Ал аларга кандайдыр бир акылга сыярлык сөз сүйлөбөгөнүн жана аларга эч бир туура жолду көрсөтпөгөнүн алар ойлоп көрүшкөн жокпу? (7:149)

Жогорудагы аяттардан бегилүү болгондой, сүйлөө деген сыпаттан куру-жалак калган Кудай Тирүү Кудай деп аталуу укугуна ээ эмес. Ал эми Алла Таала бардык айып-кемчиликтерден таза жана Анын бардык сыпаттары түбөлүктүү. Демек, Алла Тааланын улуу даражадагы шан-шөөкөтүндө айып-кемчилик бар деп айта турган акыйданын (ишенимдин) туура эмес экендиги далилденип калды.

ИН-НАЛЛА-ЗИЙНА КАА-ЛУУ РАББУ-НАЛЛАА-ХУ СУМ-МАС-ТА-КАА-МУУ ТА-ТА-НАЗЗА-ЛУ АЛАЙ-ХИМУЛ-МАЛААИ-КАТУ АЛЛАА ТАХАА-ФУУ ВА-ЛАА ТАХ-ЗА-НУУ ВА АБ-ШИ-РУУ БИЛ-ЖАННА-ТИЛЛА-ТИЙ КУН-ТУМ ТУУЪ-А-ДУУН. (41:31)

ИН-НАЛЛА-ЗИЙНА КАА-ЛУУ РАББУ-НАЛЛАА-ХУ СУМ-МАС-ТА-КАА-МУУ ТА-ТА-НАЗЗА-ЛУ АЛАЙ-ХИМУЛ-МАЛААИ-КАТУ АЛЛАА ТАХАА-ФУУ ВА-ЛАА ТАХ-ЗА-НУУ ВА АБ-ШИ-РУУ БИЛ-ЖАННА-ТИЛЛА-ТИЙ КУН-ТУМ ТУУЪ-А-ДУУН. (41:31)

Котормосу: «Алла – биздин Раббибиз», – деп, анан ушул акыйдага (ишенимге) туруктуу болгондорго периштелер түшүп мындай деп айтышат: «Коркпогула жана өтүп кеткен катага кайгырбагыла, ошондой эле силерге убада кылынган бейиштин берилүүсүнө ыраазы болгула». (41:31)

Түшүндүрмөсү: ушул куттуу аятта периштелердин түшүүсү үчүн {تَتَنَزَّلُ} «татаназзалу» (түшөт) деген феъл музаариъ колдонулган, ал учур чак жана келер чак деген экөө учурга колдонулат. Ошондуктан, аяттын сөздөрүнөн далилденгендей, Алла Таала өткөн замандарда периштерлер аркылуу Өзүнүн такыба пенделери менен сүйлөшчү эле жана бүгүнкү күндө да Ал вахий-аян түрүндө сүйлөшөт, келечекте да ошондой болуп турат жана ушул курам эч качан үзүлбөйт. Себеби, Алла Тааланын сыпаттары түбөлүктүү.

ХАДИСТЕР

ЛА-КАД КАА-НА ФИЙ-МАН КАА-НА КАБ-ЛА-КУМ МИН БАНИ ИС-РАА-ИЙ-ЛА РИЖАА-ЛУН Ю-КАЛЛА-МУУ-НА МИН ГАЙ-РИ АН ЙА-КУУ-НУУ АН-БИЯʹА ФА-ИН ЯКУН МИН УММА-ТИЙ МИН-ХУМ АХА-ДУН ФА-УМАРУ. (САХИЙ АЛ-БУХАРИЙ, КИТААБУЛ-МУНААКИБ, БААБУ МАА ЖААʹА ФИЙ МУНААКИБИ УМАРА)

ЛА-КАД КАА-НА ФИЙ-МАН КАА-НА КАБ-ЛА-КУМ МИН БАНИ ИС-РАА-ИЙ-ЛА РИЖАА-ЛУН Ю-КАЛЛА-МУУ-НА МИН ГАЙ-РИ АН ЙА-КУУ-НУУ АН-БИЯʹА ФА-ИН ЯКУН МИН УММА-ТИЙ МИН-ХУМ АХА-ДУН ФА-УМАРУ. (САХИЙ АЛ-БУХАРИЙ, КИТААБУЛ-МУНААКИБ, БААБУ МАА ЖААʹА ФИЙ МУНААКИБИ УМАРА)

Котормосу: Силерден мурун Израил балдарында ушундай адамдар да өткөн экен: алар пайгамбар болгон эмес, ушуга карабастан Алла Таала алар менен сүйлөшчү. Эгер менин үммөтүмдө да ушундай (бактылуу) адамдар болсо, алардын бири Умар (разияллааху анху). (Сахий ал-Бухарий, Китаабул-Мунаакиб, Баабу маа жааʹа фий мунаакиби Умара)

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ушул айтканы чын болуп чыкты. Азирети Умар (разияллааху анху)нун бир канча вахий-аяндары сахих (туура) хадистерден далилденген.

Азирети Умар (разияллааху анху) ирандыктарга каршы болуп жаткан согуштун аралыгында Азирети Саъд (разияллааху анху) ибн Аби Ваккааска мындай деп жазган эле: «Силерге каршы душманыңар жеңилүүгө дуушар болот деген вахий-аян мага келди». (Ал-Васаакул-Аббасия» Саъд ибн Аби Ваккаас атына буйрук, 303-бет)

{اَلْقَاء} ал-каа,а вахий-илхамдын эле бир түрү.

  1. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) дүйнө менен коштошкондо, сахаабаларга ал (саллаллааху алайхи ва саллам)ды кийим-кечеги менен эле жуунтуу жөнүндө вахий-аян берилген.

«Азирети Айша (разияллааху анхаа)дан төмөндөгүдөй рабаят этилет: качан сахаабалар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын кийимин чечип, жуунтмакчы болушканда, алардын арасындагы кээ бир адамдар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды кийимин чечип жуунтууга эки анжы болушкан жана бул маселеде алардын ортосунда пикир келишпестик пайда болгон. Ушул убакыт аралыгында Алла Таала аларга уйку сыяктуу ахвалды түшүргөн (Кашф ахвалын түшүргөн) анан үйдүн бурчтарынын биринен аларга кандайдыр бир үн угулган, алар ошол үн кимдин үнү экенин билбей калышкан. Бул – Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) көйнөгү менен жуунтулсун» деген сөздөр болчу. Ошентип, сахаабалар (разияллааху анхум) ал (саллаллааху алайхи ва саллам)ды көйнөгү менен жуунтушкан». (Сийрат ибни Хашшам, ал-кисмул-саний, 4-бөлүк, 662-бет)

Ушул хадистен далилденгендей, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды жуунтуу маселесинде сахаабалар (разияллааху анхум)га вахий-аян болгон эле.

ҮММӨТ УЛАМАЛАРЫНЫН СӨЗДӨРҮ

Мусулман үммөтүндөгү көпчүлүк уламалар да Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан кийин да вахий-аян уланып келүүдө деген акыйданы (ишенимди) колдошот. Демек, үлгү катары төмөндө бир канча мисалдар жазылат:

◊ Азирети Шах Валиюллаах Мухаддис Дехлавий (рахимахуллах) мындай деп айтат:

«Алла Тааланын {وَهُوَ يَتَوَلَّى الصَّالِحِيْنَ}, ва хува йата-вал-лас-саа-ли-хий-на, (Ал такыбалардын досу) деп айткандыгы – бул Алла Таалага жакын болгон инсандардын эле белгиси жана ошол жакындоонун өзгөчөлүктөрүнүн дагы бири: периштелер мына ошондой адамды кудум эле Марямды чакыргандай эле чакырышат». («Тафхиймат-э-Илахия» 2-том, 123-бет)

◊ Имам Разий өзүнүн «Тафсир-и-Кабийр» аттуу китебинде мындай деп жазат:

«Периштелер илхамдар (вахий-аяндар) аркылуу адамдардын рухтарына (жандарына) өз таасирлерин түшүп турушат жана ишенимдүү Кашфтар аркылуу аларга өздөрүнүн жеткилеӊдүүлүктөрүн (касиеттерин) даңгазалап турушат». («Тафсийр-и-Кабийр» 7-том, 370-бет)

◊ Мавлана Дауд Газнавий мырзанын атасы Мавлавий Абдул Жаббар Газнавий мырза өзүнүн «Исбаатул-Илхаами вал-Байъату» аттуу китебинин 148-бетинде мындай деп жазат:

«Илхам (вахий-аян) маселеси кандайдыр бир халал менен арам маселеси болуп, сахаабалар менен табиъийндерден далилденүүсү зарыл болгон маселе эмес. Эгер Азирети Адам (алайхиссалаам)дан тартып, ушул кезге чейин бирөө билдирүү жасабаган болсо жана бүгүн кайсы бир такыба-момун мага вахий-аян келет жана мага кайыптан үн угулат деп билдирсе, биз аны чынчыл деп билебиз, ошондой эле шарияттын буйругуна ылайык аны чынчыл деп билүү ар бир мусулманга шарт».

◊ Азирети Мавлана Рум (рахимахуллах) мындай деп айтат:

ХАЛК НАФС АЗ ВАСВАСА ХАЛИ ШАВАД МЕХМАН ВАХИЙ АЖЛАЛИЙ ШАВАД

ХАЛК НАФС АЗ ВАСВАСА ХАЛИ ШАВАД
МЕХМАН ВАХИЙ АЖЛАЛИЙ ШАВАД

Алла Таала кемел инсандарды напсиликтин азгырууларынан тазалайт жана аларга вахий-аян түшүп турат. («Маснаваий», 3-бөлүм, 10-бет)

◊ «Рухул-Маъаний» деген тафсирде мындай деп жазылган:

«Курани Каримде Алла Таала мындай деп айтат:

ВА МАА КАА-НА ЛИ-БАША-РИН АН Ю-КАЛЛИ-МА-ХУЛЛАА-ХУ ИЛЛАА ВАХ-ЯН АУ МИН ВА-РАА-И ХИЖАА-БИН (42:52).

ВА МАА КАА-НА ЛИ-БАША-РИН АН Ю-КАЛЛИ-МА-ХУЛЛАА-ХУ ИЛЛАА ВАХ-ЯН АУ МИН ВА-РАА-И ХИЖАА-БИН (42:52).

Эч бир адамга, Алланын аны менен вахий-аяндан башка же парданын аркасынан башка сүйлөшүүсү мүмкүн эмес. (42:52)

Бул (аят)та Алла Таала жалпы адамдан сөз кылган. Пайгамбардан сөз кылган эмес. Ошондуктан, вахий-аян пайгамбарларга эле таандык эмес. Жок, андай эмес, мурунку замандарда пайгамбар болбогон Марям жана Муса (алайхиссалаам)дын энесинин мисалы бар. Алла Таала алар менен сүйлөшкөн. Биздин үммөтүбүздө үммөт Мухаддистерине да дал ошондой мамиле болот жана аларга вахий-аян түшөт». («Рухул-Маъааний», «ва маа каана ли-баша-рин ан ю-калли-ма-хуллаа-ху иллаа вах-ян» деген аяттын тафсири, 13-бөлүк, 955-бет)

◊ Индиядагы Ахли Хадис жамаатынын атактуу жетекчиси, «Хижажул-Кираама» аттуу китептин автору Наваб Сыддык Хасан Хан мырзанын уулу Наваб Нурул-Хасан Хан мырза мындай деп айтат:

«{لَا وَحْىَ بَعْدَ مَوْتِىْ}, лаа вах-я баъ-да мау-тий (менин өлүмүмөн кийин эч бир вахий-аян келбейт) деген хадистин негизи жок. Туура, {لَا نَبِىَّ بَعْدِىْ} лаа на-биййа баъ-дий (менден кийин пайгамбар жок) деген сөздөр кезигет. Уламалардын назарында бул (хадис) менден кийин эч бир пайгамбар Шарх Наасих (бекер кылуучу шарият) менен келбейт…

ИННА ЖИБ-РА-ИЙЛА ЛАА ЙАН-ЗИЛУ ИЛАЛ-АРЗИ БАЪ-ДА МАУ-ТИН-НАБИЙЙИ САЛЛАЛЛААХУ АЛАЙХИ ВА САЛЛАМА.

ИННА ЖИБ-РА-ИЙЛА ЛАА ЙАН-ЗИЛУ ИЛАЛ-АРЗИ БАЪ-ДА МАУ-ТИН-НАБИЙЙИ САЛЛАЛЛААХУ АЛАЙХИ ВА САЛЛАМА.

(албетте, жабраил Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын өлүмүнөн кийин жерге түшпөйт) деген хадис негизи жок нерсе. Чындыгында болсо, бир топ хадистерде Жабраилдин түшүүсү далилденген. Мисалга,

1) өлгөндөн кийин жуунткан кезде;

2) кадыр түнүндө;

3) Дажжаалды Мекке менен Мединадан кайтаруу үчүн ж.б. («Иктираабус-Сааъат» 162-163-бет)

ҮММӨТ УЛАМАЛАРЫНА ВАХИЙ-АЯНДЫН ҮЗГҮЛТҮКСҮЗ КЕЛҮҮСҮ

Өздөрүнө вахий-аяндын келгендиги далилденген толтура уламалар жана олуялар мусулман үммөтүндө өтүшкөн.

  1. Азирети Имам Абу Ханифа (рахимахуллах) түнкү ибадаттын учурунда төмөндөгүдөй үндү укчу эле:

«Эй, Абу Ханифа! Сен чын жүрөктөн мага кызмат кылгансың жана Менин маърифатымды туу чокусуна жеткиргенсиң. Ошондуктан, Мен сени жана чын жүрөктөн сени ээрчигендерди кечирип жиберем». («Рухул-Баян» 1-том, 144-бет)

  1. Азирети Имам Шаафеъий (рахимахуллах)ка төмөнкүдөй вахий-аян келген:
ЙАА МУ-ХАММА-ДА АЛАЙ-КА БИЛ-ФИК-ХИ ВА ДАЪИШ-ШЕЪРА.

ЙАА МУ-ХАММА-ДА АЛАЙ-КА БИЛ-ФИК-ХИ ВА ДАЪИШ-ШЕЪРА.

«Эй, Мухаммад! Ой жүгүртүү сага шарт жана акынчылыкты (ырларды жазууну) коюп кой». («Машахийр-э-Ислам» 2-том, 182-бет)

  1. Эгер Мавлавий Абдулла Газнавий мырзанын вахий-аяндары бир жерге топтолсо, ал чоң бир китепке айланышы мүмкүн. Үлгү катары эле ал кишинин айрым вахий-аяндары ушул жерге жазылат:
АЛАЙ-САЛЛАА-ХУ БИ-КАА-ФИН АБ-ДА-ХУ.

АЛАЙ-САЛЛАА-ХУ БИ-КАА-ФИН АБ-ДА-ХУ.

Алла Таала Өзүнүн пендесине жетиштүү эмеспи. («Мавлавий Абдулла Газнавийдин өмүр баяны» 46-бет)

АН-ТА МИН-НИЙ ВА АНА МИН-КА ФА-ЛАА ТА-ХАФ ВА-ЛАА ТАХ-ЗАН.

АН-ТА МИН-НИЙ ВА АНА МИН-КА ФА-ЛАА ТА-ХАФ ВА-ЛАА ТАХ-ЗАН.

Сен Менденсиң жана Мен сенденмин, ошондуктан сен коркпо жана кайгырба. («Мавлавий Абдулла Газнавийдин өмүр баяны» 46-бет)

АНА ЖА-ЛИЙ-СУ-КА ВА АНИЙ-СУ-КА ФА-ЛАА ТАХ-ЗАН.

АНА ЖА-ЛИЙ-СУ-КА ВА АНИЙ-СУ-КА ФА-ЛАА ТАХ-ЗАН.

Мен сенин Жолдошуңмун жана сени сүйүүчүмүн, ошондуктан сен коркпо жана кайгырба. («Мавлавий Абдулла Газнавийдин өмүр баяны» 36-бет)

  1. Азирети Шах Валиюллаах Мухаддис Дехлавий (рахимахуллах) мындай деп айтат:

«Алла Субхаанаху Таъаалаа мага вахий-аян түшүргөн жана мындай деген: Мен сага учурда кеңири таралган ыкмалардан да аша чаап Алла Таалага жакындатуучу жана баарынан ишенимдүүрөөк ыкманы тартуулайм». («Тафхимаат-э-Илахия» 1-том, 45-бет)

Төмөндөгү уламаларга вахий-аян берилгендиги далилденген:

  1. Азирети Увайс Карний (рахимахуллах). («Тазкиратул-Аулия» 18-20-бет)
  2. Азирети Хожа Хасан Басрий (рахимахуллах). («Тазкиратул-Аулия» 30-бет)
  3. Азирети Малик бин Динар (рахимахуллах). («Тазкиратул-Аулия» 36-бет)
  4. Азирети Хабиб Ажамий (рахимахуллах). («Тазкиратул-Аулия» 47-бет)
  5. Азирети Рабиъа Басрий (рахимахуллах). («Тазкиратул-Аулия» 53-бет)
  6. Азирет Ибрахим бин Ахмад (рахимахуллах). («Тазкиратул-Аулия» 84-бет)
  7. Азирети Зуннуун Мисрий (рахимахуллах). («Тазкиратул-Аулия» 98-бет)
  8. Азирети Баязийд Бустамий (рахимахуллах). («Тазкиратул-Аулия» 113, 114, 118, 119-бет)
  9. Азирети Мухаммад Али ХакиймАт-Термизий (рахимахуллах). («Тазкиратул-Аулия» 252-бет)
  10. Азирети Жунэд Багдадий (рахимахуллах). («Тазкиратул-Аулия» 221-бет)
  11. Азирети Абул Хасан Хирканий (рахимахуллах). («Тазкиратул-Аулия» 287-бет)
  12. Азирети Абдул Ваххаб Шеъраний (рахимахуллах). («Латааифул-Минан ал-Кубраа» 1-том, 62-бет)
  13. Азирети Шейх Ахмад Сархиндий (рахимахуллах). («Макаамаат-э-Имам Раббааний» 65-бет)
  14. Азирети Саййид Ахмад Барелвий (рахимахуллах). («Саванэх Ахмадий» 11-бет)
  15. Азирети Саййид Абдул Кадыр Жиланий (рахимахуллах). («Тазкиратул-Ауля» 247-248-бет)

Жогорудагы аттардан тышкары да үммөттө жыйырмадаган улуу инсандарга вахий-аян берилген эле.

АЗИРЕТИ ИМАМ МАХДИЙ (АЛАЙХИССАЛААМ)ГА ЖАБРАИЛДИН ТҮШҮҮСҮ

Мухаммад үммөтүнүн көптөгөн уламаларынын ушундай сөздөрү бар, аларда Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)га Жабраил аркылуу вахий-аяндын келүүсү кабыл алынган.

  1. «Махдий илхам (вахий-аян) аркылуу шарияттын кылдаттыктарын түшүнүп, адамдарга жеткирет». (Мухюддин ибн Арабий (рахимахуллах): «Асъаафур-Раагибийн» 145-бет)

  2. Жабраил ага (Имам Махдий) чыныгы вахий-аян алып түшөт». (Мухюддин ибн Арабий (рахимахуллах): «Асъаафур-Раагибийн» 147-бет)

НАЪАМ Ю-ХАА АЛАЙ-ХИС-СА-ЛАА-МУ ВАХ-ЮН ХА-КИЙ-КИ-ЮН КА-МАА ФИЙ ХА-ДИЙ-СИН МУС-ЛИ-МИН.

НАЪАМ Ю-ХАА АЛАЙ-ХИС-СА-ЛАА-МУ ВАХ-ЮН ХА-КИЙ-КИ-ЮН КА-МАА ФИЙ ХА-ДИЙ-СИН МУС-ЛИ-МИН.

Сахих Муслимдин хадисине ылайык Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)га чыныгы вахий түшөт. («Рухул-Маъааний» 5-том, 65-бет)

ВАХИЙ МИ-ШУ-ВАД БАД ПАС АМАЛ МИ-КУ-НАД БА-АМР ХУДАЙ ТАА-ЛА.

ВАХИЙ МИ-ШУ-ВАД БАД ПАС АМАЛ МИ-КУ-НАД БА-АМР ХУДАЙ ТАА-ЛА.

(Имам Махдий)ге вахий-аян түшөт жана ал Алланын буйругу менен ошол вахий-аянга жараша амал кылат… («Ан-Нажмус-Саакиб» 1-том, 66-бет)

Макаланын аягында биз болгону эки акылга сыярлык далилди келтирмекчибиз:

  1. Эгер вахий-аяндын эшиги жабык болсо, анда Имам Махдий өзүнүн «Имам Махдий» экенин кайдан билет. Эгер ага Алла Таала айтып берсе, анда ошол айтып берүүнүн өзү «вахий-аян» деп аталат.
  2. Азирети Ыйса (алайхиссалаам)ды тирүү деп билген мусулмандардын акыйдасына (ишенимине) жараша Азирети Ыйса (алайхиссалаам) кайрадан дүйнөгө келгенде, адамдарга Курани Каримдин таалимин үйрөтөт. Ал эми Азирети Ыйса (алайхиссалаам) Инжил ээси болгон жана анын тили Ибраний же Араамий болчу. Ушуга карабастан Курани Каримдин илимин кайдан үйрөнөт. Эгер Алла Тааладан үйрөнөт деп айтсаңар, анда вахий-аяндын уланып турганын кабыл кылууга туура келет.

[1] Бул Азирети Муса (алайхиссалаам)дын ылакабы. Алла таала менен сүйлөшүүчү адамга «калийм» деп айтылат.

Share via