Урматтуу Фаузий Аш-Шавикий мырза
Ал киши Ал-Кудустагы такыба жана ыймандуу бир үй-бүлөдөн болот. Анын аталаш бир тууганы – Ибрахим Аш-Шавикий мырза мурда эле Ахмадий болуп калган болчу. Ал киши өтө даанышмандык менен ага даават кылган, ал даават аны туура жолго багыттоого себепчи болду. Бир аз убакыт мурда ал киши ооруп, угуу жөндөмдүүлүгү төмөндөп калган, дарыланганына карабай оорусу ырбап кете берген. Азыр угуу жөндөмдүүлүгү бүтүндөй жоголуп кеткен. Анын кулактарынын угуу жөндөмдүүлүгү аз болсо да, бирок жүрөгү тирүү болчу жана анын рухунда чындыкка жетишүү деген күйүт бар болчу. Ошондуктан, ал киши жүрөк кулактары менен Имамуз-Заман (Учурлук Имам Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын үнүн угуп алып, аны таанып калган. Ал өз сапар ахвалын мындай деп айтып берет:
Халифаттын орноо тилеги
Бала чагымда эле мен намаз-орозо жана диний маселелерге аябай эле кызыкчу элем. Он беш жыл мурда өлкөбүздө «Хизбут-Тахрир» деген кыймыл өтө кеңири деңгээлде жайылып кеткен болчу. Ушул жамаат халифатты орнотууга жарактуу жана мына ошондой кылып көрсөтөт деп бекем ишенчү элем. Ошондуктан, мен да ага кошулгам.
Аз эле убакыт өткөн соң ушул жамааттын төбөлдөрүндө тоодой бийик билдирүүлөрдөн жана чоң-чоң ураандардан башка эч нерсе жоктугун сездим. Алар өз милдеттерин аткаруунун ордуна мажбур жана алсыз калайык-калкты алардын өз бийликтерине каршы тукурушат, бул нерсе болсо, жерде бүлүк салуу менен барабар. Ушул тамашаны көрүп, мен «Хизбут-Тахрирден» чыгып кеттим.
Имам Махдий (алайхиссалаам) чыккандыгы
Бир канча жылдар өтүп кетти жана мен учурда өкүм сүргөн азаптардан бизди куткара турган кандайдыр бир окуя болушун күтүп отура бердим. Мен кандайдыр бир нерсе болоорун сезип калган болчумун, бирок жүз берген окуяны такыр күткөн эмес болчум.
Окуя мындай болду: күндөрдүн биринде менин Ахмадий аталаш бир тууганым Ибархим Аш-Шавикий мырза менин үйүмө келди жана адаттагыдай биз ар кандай темаларда талку жүргүзө баштадык. Сөздөрдүн арасында Ахмадия Мусулман Жамааты тууралуу да сөз болуп кетти. Мен жана менин бир туугандарым бул жөнүндө эч нерсени билбейт элек. Ошондуктан, биз Жамааттын акыйдалары жөнүндө сүйлөшүп, күлчү элек жана айрым аяттар менен хадистерди сунуштап, ошондой болушу кыйын деп койчу элек. Бир аз убакыттан кийин Ибрахим Аш-Шавикий мырза мындай деди: «Имам Махдий жана Убада кылынган Мессия түшкөн. Эми анын каза тапканына да жүз жылдан ашуун мөөнөт өтүп кеткен». Мен: «Сиз эмнени айтып жатасыз?» – деп сурадым. Мусулман өлкөлөр да мыйзамсыз карамагынан чыккан эмес, Дажжаал жана Яжуж-Мажуж да жоголгон эмес, андай болсо, Имам Махдий жана Убада Кылынган Мессия келип эле калбастан, жүз жыл мурда каза да тапкан деп кандайча ишенүүгө болот?
Ибрахим мырза мындай деди: «Эгер кааласаңыз, анын адабияттарын сизге алып келип берейин, аларды окуп, өзүңүз чечим чыгарсаңыз болот». Бир туугандарым китептерди алуудан баш тартышкан, ал эми мен китептерди алууга макул болдум. Ошентип, мага баарынан да мурда берилген китеп – бул Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дын араб тилинде жазылган «Мактуб-э-Ахмад» аттуу китеби болчу, аны окуй баштаганымда, бүтүрмөйүнчө тынч отурган эмесмин. Экинчи китеп – бул «Ал-каулус-сарийх» (ачык-айкын сөз) болчу. Ал китепти окуп, мен аябай капаландым. Кандайдыр бир шек-күмөндүү нерсе же кандайдыр бир алсыз далил табылып калар бекен деген үмүт менен анда жазылган аяттарды жана хадистерди кайра-кайра окучу элем. Бирок бардык далилдер күчтүү бир иреттүүлүк менен жазылган эле. Ал китеп мени сар-санаага салды. Мен көбүнчө кандайдыр бир обочо жайга отуруп, мына ушул бардык маселелерге ой жүгүртө баштадым. Ушул убакыт аралыгында Ибрахим мырза мага «Ислам окууларынын философиясы» деген китептин арабча нускасын берди, аны окуган соң менин жүрөгүм ар түрдүү шек-күмөндөн бошоп калды жана мен Ислам таалимдерин туура көрүнүштө жана көркөм ыкмада сунуштаган Убада кылынган инсан ушул жана Исламга даават кылуу деген милдетти чындап аткаруу жөндөмдүүлүгүнө ээ Жамаат ушул гана деп ишенип калдым. Андан кийин тууганым Ибрахим мага Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дын «Ыйса Масийх – Индияда» аттуу китебинин араб тилиндеги котормосун берди, аны окуп «Аллааху Акбар» (Алла – Улук) деген ураанды тартууга аргасыз болдум. Бирок аны менен бирге мынчалык улуу нерсе ушунчалык көп убакытка чейин кандайча катылган бойдон турган деп аябай айран-таң да болдум.
Кыскасы, мен Ибрахим мырзадан Жамааттын башка китептерин сурадым, ал киши мага «Тафсир-э-Кабийр» аттуу китептин (Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) жазган он томдук Курани каримдин тафсири) алгачкы жети томун алып келип берди. Ал казына мени илим-билим катары байытканы менен бирге мени көкүрөгүмдө мына ошондой казыналарды окууга шыгым дагы артты.
Ой жүгүртүү жана изилденүү
Мен ар түрдүү ойлорго чүмкөп кете берчү элем. Менде качан гана кандайдыр бир суроо туулганда, мен Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дын жана ал (алайхиссалаам)дын халифаларынын китептерине кайрылчу элем, андан мага менин рухума терең сиңип кете турчудай канааттандыраарлык жооп табылчу. Мен «Ислам окууларынын философиясы» деген китептин котормосун жана «Ал-каулус-сарийх» аттуу китепти кайра-кайра окудум. Азыр кандайдыр бир чечимге келүү убактысы жетилген болчу окшойт жана ушул чечим мен үчүн өтө маанилүү болчу. Үч ай ой жүгүртүү жагынан менин ахвалым ушундай болгон: тим эле мен башка өрөөндө, ал эми үйдөгүлөрүм кандайдыр бир башка өрөөндө жашагандай. Андан кийин мага туугандарымдын бири молдо, ал «Хизбут-Тахрирден» болот, аны менен сүйлөшүүм керек деген ой келди. Мен бир туугандарым менен чогуу ошол молдоке тууганымдын алдына бардым. Ал Ахмадия Мусулман Жамааты жалганчылардын жана наадандардын тобу экенин айтты. Мага анын кептеринен Жамаатка каршы кандайдыр бир күчтүү далил табылбады. Бул убакыт аралыгында мага Ибрахим Аш-Шавикий мырза аркылуу Кабабирдеги Жалса Саланага (Жылдык Жыйынга) катышуу чакыруусу берилди. Мен ушундай учурду аябай күтүп жаткан болчумун, себеби мен ушул Жамаат мүчөлөрү менен жолугушуп, изилденүүлөрүмдү аягына чыгармакчы элем. Кыскасы, биз Кабабирге жеткенибизде, бизди тосуп алгандардын арасында урматтуу Мустафаа Сабит мырза жана Ханий Тахир мырза да бар болчу. Мен аларга ырасмий түрдө эле салам бердим, бирок алардын мээримдүүлүккө толгон кучак ачып көрүшүүсү менин жүрөгүмдө таңкалаарлык жакындык бир сезимди жаратып койду.
Байъат
Көрүшкөн соң биз бир чоң залга кирип кеттик, анын дубалында кээ бир инсандардын чоң-чоң сүрөттөрү илинген болчу. Алардын арасындагы эң чоң сүрөттөгү инсан баарынан да сулуу деп көрүнүп жаткан эле. Мен ушул эле сүрөт Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дыкы деп ишендим. Биз отурганыбызда эле узун бойлуу бир адам бөлмөгө кирип келип, ал киши өзүнүн жылмайюусу, кең пейилдиги жана чексиз мээримдүүлүгүнүн айынан менин жүрөгүмө кирип кетти. Ал киши урматтуу Мухаммад Шариф Аудэ мырза болчу. Ал жыйында суроо-жооптор болду, бирок мен ага чейин канааттанып калган элем окшойт. Ал түндү мен тынчсызданып өткөрдүм. Эртеси күнү жума намазын аткаргандан кийин Жалсанын программасы башталды. Кабабирдеги (Жамаатыбыздын) Амири Сахиб мени коноктордун биринчи сабына отургузду. Жалсанын программасы аяктаганда, мен өз тууганыма: «Мен байъат бермекчимин», – дедим. Ал киши Амир Сахибге, Мустафаа Сабит мырзага жана Ханий Тахир мырзага айтып койду. Алардан башка да көптөгөн Ахмадий туугандар ал жерге чогулуп келишти. Мен байъат шарттарын окуп, байъат анкетасын толтуруп койдум. Менин кол коёрум менен туш тараптан Аллааху Акбар жана куттуктоо үндөрү көтөрүлүп кетти. Кимдир бирөө колун сунуштады, кимдир бирөө кучактоо үчүн көкүрөгүн тосту. Сүйүү-махабат жана мээримдүүлүк боюнча ушул сезимдер менин көздөрүмө жаштар деңизин тартып алып келди.
Каршылык жана туруктуулук
Эртеси күнү Аль-Кудуска кайтып келип, Ахмадий болгондугум жөнүндө өз жубайыма айтып бергенимде, жубайым каршылык көрсөтүп, мазактады жана оройлук да кылды, бирок мен такыр көңүлгө албадым. Эки жылга чейин үйдөгү жашоо мына ошондой улана берди. Ушул убакыт аралыгында ар сапар мен Кабабирге барып, Жамаат мүчөлөрү менен жолукканымда, бул нерсе ыйманымды күчтөндүрүүгө себепчи болчу. Бирок ар сапар үй-бүлөм жана жакын туугандарым мени жек көрүү жана каапырлыкка чыгаруу боюнча күчөй беришти, а түгүл Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)ды да урматсыздык кыла башташты. Ушундан улам жогору да мен сөз кылган молдо деген тууганым Жамаатыбызга каршы бир китепти да жазган. Ал киши үй-бүлө мүчөлөрү арасында эле мага каршы жекчилдүүлүктү таратпастан, бүткүл аймактагы адамдардын арасында да каршылык отту жалындаткан.
Жогоруда сөз кылынган ошол туугандарыбыздан болгон молдо акыр аягында мага каршы каапырлык деген фатваны чыгаруу жана коркутуп-үркүтүүлөрдү чегине жеткирип, сени үйдөн айдап, балдарыңан ажыраштырам деп коркуткан. Мен ага мындай дедим: «Сен өзүң каалаганыңды кылып көргүн, эгер менин балдарымды менин көздөрүмдүн алдында союп салсаң да, мен ушул жолдон кыпындай да четтебейм.
Ошол молдо-тууганым мага жана Ибрахийм Аш-Шавикий мырзага каршы бүткүл үй-бүлөдө жек көрүүнү таратуу үчүн жан талашып аракет кыла баштады жана дээрлик максатына жетти десе да болот. Себеби, Ибрахийм Аш-Шавикий мырза ошол каршылыктын айынан өз үй-бүлөсү менен Кабабирге көчүүгө аргасыз болду. Ушинтип, ал киши алардын ээн баштыктарынан коопсузданып калды.
Улуу бир тууганым – катуу каршылык
Үй-бүлөбүздө улуу бир тууганым мага каршылык көрсөтүү боюнча баарынын алдында болчу. Ал киши менин алдымда отуруп, жубайым менен бир туугандарымды мага каршы тукурууга аракет кылган, бирок мен унчукпай отурдум. Анан качан ал киши Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дын абийирине тийгенде жана ал (алайхиссалаам)дын каза тапкандыгы жөнүндө жалган жана адамдын абийирине тийүүчү жомокторду айта баштаганда, мен чыдабай кеттим жана мындай деп дуба сурадым: «Эй, Алла! Сен акыйкат кандай экенин билесиң, алар өз каталарын сезе ала тургандай кылып аларга түшүндүргүн».
Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)га вахий-аян аркылуу
(сени кордомокчу бирөөнү албетте Мен кордойм) деген убаданы берген Алла ушул жерде да Өз убадасын аткарды. Менин улуу байкем кокустан а дегенде боор оорусуна, анан сахар (кант) оорусуна чалдыгып калды. Ушуга карабастан анын тили ыпылас сөздөрүн сүйлөй берген.
Айт майрамы келгенде, мен кеңири таралган ыкмага ылайык айттап, анын үйүнө бардым. Ал убакытта ал киши оор абалда болчу. Ал туруп отура алчу да эмес. Анын ичи өтүп, алсыздыктан тура албай калып, төшөктүн үстүндө эле булганычта жата берчү. Албетте, Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дын абийирине ыпылас сөздөрдү сүйлөгөндүгү үчүн жаза катары эле ал ушул ахвалга жетишкен. Анын абалына боорум ооруп, аны ооруканага алып бардым. Анан ал киши бир аз айыгып калганда, айыгып калганына куттуктаганымда, ал кектигин таштаган жок. Кыскасы, каршылык менен бирге байкемдин оорусу да ырбап кете берди. Акыры бир күнү эсин жоготуп, жыгылып түштү. Биз аны ооруканага алып бардык. Аны ошол оор абалда көрүп, менин боорум ооруп калды жана анын айыгып кетүүсү үчүн мен өтө эле жалынып-жалбарып дуба сурадым. Анан аны көргөнү ооруканага барсам, ал өзүнө келип калган эле. Мен колумду анын башына койсом, ал ачууланып, мени сөгүп, мага: «Өзүңдүн таза эмес колуңду бешенемден ал», – деп койду. Анын ушул мамилесинен мен такыр капа болгон эмесмин, анткени анын ооруганын билчүмүн. Анын ошол оор абалынын айынан ооруканадагы адамдар анын боорун алмаштыруу чечимине келишти. Бирок боор табылганча күтүү керек болчу, бул аралыкта ал өлүп кетпесин деген коркунуч да бар эле. Боор табылышын күтүп жатып, үмүтсүздөнө баштадык. Анын ден-соолугу да күндөн-күнгө начарлай баштады. А түгүл туугандарым ага кепин ж. б.ларды да камсыздап коюшкан. Анткени, азыр анын абалы ушунчалык оор болгондуктан, ал белгисиз убакытта каза болушу мүмкүн болчу. Мына ушундай оор абалда мен өтө жалынып-жалбарып дуба кылдым, ошондо Алла Таала мага түштө улуу байкеме боор табылып калганын көрсөттү. Ошентип, ошол эле күнү ооруканадан боор табылды, операцияга келе калгыла деген кабар келди. Мен көргөн түшүмдүн негизинде толук кандуу ишенимдүүлүк менен Иншаа,Аллаах (Кудай буюрса) баары жакшы болот жана эч кандай кыйынчылык болбойт деп айтып койдум. Ал-хамдулиллаах, дал ошондой болду. Азыр ошол каршылаш бир тууганым бүтүндөй айыгып кетти.
Ошол байкемдин адамдын абийирине тийүүчү каршылыгына каршы сураган дубаларым жана кылган жакшы мамилем аркылуу Алла Таала анын жүрөгүн өзгөртүп жиберди. Азыр ал мага каршылык көрсөтпөй калды. Мен үчүн бул нерсе кандайдыр бир жышаандан кем нерсе эмес.