Такыбага жетишүүнүн куралдары • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Ислам дини

Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын II Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) Ахмадия Мусулман Жамаатынын миссионерлерине (дааватчыларына) кээ бир абдан күчтүү насаат сөздөрүн айткан. Ал насаат сөздөрүнүн ичинде такыбага жетишүүнүн жол-жоболору жана ыкмаларына да токтолгон. Такыбага жетишүүнүн ушул жол-жоболору жана куралдары ар бир момун-мусулманга тийиштүү болгондугунан аларды ушул макала аркылуу силердин назарыңыздарга сунуштоо бактысына ээ болуудабыз. Мына ушул жол-жоболор жана куралдар бардык момун-мусулмандарды такыбага жетишүүгө түрткү болуп, аларды дагы Алла Таалага жакындатат деген үмүттөбүз.

Такыбанын аныктамасы

Алла Таала «Ал-Мааида» сүрөөсүндө мындай деп айтат:

ВАТТА-КУЛЛАА-ХА ВАС-МАЪУУ, ВАЛЛАА-ХУ ЛАА ЯХДИЛ-КАУМАЛ-ФАА-СИКИЙН. (5:109)

ВАТТА-КУЛЛАА-ХА ВАС-МАЪУУ, ВАЛЛАА-ХУ ЛАА ЯХДИЛ-КАУМАЛ-ФАА-СИКИЙН. (5:109)

Алла Тааладан корккула, Анын буйруктарына жакшылап моюн сунгула. Алла Таала моюн сунбагандарга ийгилик тартуулабайт (5:109).

Ушул аяттан белгилүү болгондой, такыба – бул моюн сунуучулуктун аталышы.

 Моюн сунуучулук кандай пайда болсун?

Моюн сунуучулук сүйүүнүн айынан же коркуунун айынан пайда болот. Сүйүү – бул сулуулук жана мээрмидүүлүк жөнүндө, ошондой эле коркуу жөнүндө окуу менен пайда болот. Адамдын табигатында дагы эки нерсе бар болгондугунан «Ал-Фаатиха» сүрөөсүндө дагы ошол эки нерсе пайдаланылган. Алла таала мындай деп айтат:

АЛ-ХАМДУ ЛИЛЛАА-ХИ РАББИЛ-ААЛА-МИЙН, АР-РАХ-МАА-НИР-РАХИЙМ. (1:2-3)

АЛ-ХАМДУ ЛИЛЛАА-ХИ РАББИЛ-ААЛА-МИЙН, АР-РАХ-МАА-НИР-РАХИЙМ. (1:2-3)

Бардык мактоо-алкоо бүткүл ааламдардын Раббиси, Эң Мээримдүү жана Эң Ырайымдуу Аллага таандык (1:2-3).

Ушул бардык мээримдүүлүктөрдү эскертип, бир жактан сулуулук дагы ушул гана, адамдарды Өзүнө моюн сунууга чакырган. Кээ бир табигаттарды коркутпай туруп, алар моюн сунбагандыктан, алар үчүн мында йдеп айткан:

МАА-ЛИКИ ЙАУ-МИД-ДИЙН (1:4)

МАА-ЛИКИ ЙАУ-МИД-ДИЙН (1:4)

Тактап айтканда, жаза менен сыйлык күнүнүн Ээси дагы Менмин (1:4).

Такыба пайгамбарлардын келүүсү менен пайда болот

Кыскасы, моюн сунуучулук жеткилең сүйүүгө же жетик коркууга негизделет. Бул үчүн Алла таала эки түрдүү чара жана шартты белгилеген: бири асмандык, экинчиси жердик. Адамдарда моюн сунуучулук же такыбаны жарата турган асмандык чара – бул пайгамбарлардын келүүсү. Мисалга, Азирети Ибраахийм (алайхиссалаам) такыбанын руху дүйнөдөн жоголуп бара жатканын байкаганда, өзүнүн Раббисинин алдына жыгылып, жалынып-жалбарып мындай деп дуба сураган:

РАББА-НАА ВАБЪАС ФИЙ-ХИМ РАСУУ-ЛАМ-МИН-ХУМ ЯТ-ЛУУ АЛАЙ-ХИМ ААЯА-ТИКА ВА ЮЪАЛЛИМУ-ХУМУЛ-КИТАА-БА ВАЛ-ХИК-МАТА ВА ЮЗАККИЙ-ХИМ, ИННА-КА АНТАЛ-АЗИЙЗУЛ-ХАКИЙМ». (2:130)

РАББА-НАА ВАБЪАС ФИЙ-ХИМ РАСУУ-ЛАМ-МИН-ХУМ ЯТ-ЛУУ АЛАЙ-ХИМ ААЯА-ТИКА ВА ЮЪАЛЛИМУ-ХУМУЛ-КИТАА-БА ВАЛ-ХИК-МАТА ВА ЮЗАККИЙ-ХИМ, ИННА-КА АНТАЛ-АЗИЙЗУЛ-ХАКИЙМ». (2:130)

Эй, Раббибиз! Аларга өздөрүнөн болгон бир пайгамбарды чыгаргын, ал аларга Сенин аяттарыңды окуп берсин, аларга китеп менен даанышмандыкты үйрөтсүн жана аларды тазаласын. Албетте, Сен Жеңүүчү (жана) Акылмандыктын Ээсисиң (2:130).

Ушул дуба кабыл болуп, бир Пайгамбар келип, эң ээн баш болгон коомдун ичинде моюн сунуучулук рухун жаратты. Пайгамбарлардын колу Ыйык Кудайдын колунда болот, ошондуктан алар (пайгамбарлар) менен байланыша турган адам дагы тазаланат. Алардын мисалы кудум токтун батериясына окшош: аны менен бир аз байланыша турган бирөө дагы таасирленбей калбайт. Силер байкаганыңардай, миңдеген Темптресс коомчулуктары канчалык жылдардан бери иштеп келип жатышууда, бирок алардын тилге алынаарлык кандайдыр бир пайдасы жок. Бирок Мухаммад Пайгамбар (саллааллааху алайхи ва саллам)дын ордосунан бир үн салынып, бүтүн  араб бирөөсүн да калтырбай, ичкиликтин бардык идиштерин сындырып салат. Ал эми (бүгүнкү күндөгү) мусулмандардын ахвалы ушундай: дүйнөнүн төмөн-пас пайдалары үчүн динди таштоого даяр болуп калышат. Бирок ушул эле мусулмандардын арасынан Абдул Латиф[i] деген инсан бир пайгамбардын колуна колун берет, анан дин үчүн өз жанын курман кылуудан дагы аябайт. Кабулдун Амири (падышасы) тарабынан ага элге көрсөтүү үчүн эле мен Мырза (Гулам Ахмад)ды Убада кылынган Мессия деп кабыл кылбайм деп айтып коюңуз деген ишаарат кылынат, бирок ал ташбараң болууну жактырат жана эмнеге ошондой болду? деген сөздү дагы тилинен чыгарган жок. Себеби, ал асмандык курал аркылуу тазаланган болчу.

Экинчи ыкма

Экинчи ыкма жердик болуп, адамдын өз тарабынан жасала турган «Мужаахада[ii]сын» билдирет. Ал убакытта адамдык рухтун ахвалы кудум акырындык менен үйрөтүлгөн жылкы сыяктуу болот. Ошонудктан, Алла таала мындай деп айтат:

ВАЛЛА-ЗИЙНА ЖААХА-ДУУ ФИЙ-НАА ЛА-НАХДИ-ЯННА-ХУМ СУБУ-ЛАНАА. (29:70)

ВАЛЛА-ЗИЙНА ЖААХА-ДУУ ФИЙ-НАА ЛА-НАХДИ-ЯННА-ХУМ СУБУ-ЛАНАА. (29:70)

Биздин жолубузда Мужаахада кыла турган адамдарга жолдорубузду көрсөтөбүз (29:70).

Ал Мужаахадалардын айрымдарынан ушул жерде сөз кылынат:

Биринчи курал

Биринчиси – чынчылдар менен карым-катышта болуу. Чынчылдар менен карым-катышта болуу ушундай нерсе: ал аркылуу адам тазаланат. Карым-катышта болуунун таасири кандайдыр бир ишенимдүү нерсе. Адамдар «даарыны» издеп-кагып жүрүшүүдө, менин назарымда эгерде дүйнөдө кандайдыр бир «даары» бар болсо, ал «даары» чынчылдар менен карым-катышта болуу. Андан пайда көрө турган адамдар – бактылуу бирөөлөр.

Алла Таала Курани каримде мындай деп айтат:

ЙАА АЙЙУ-ХАЛЛА-ЗИЙНА ААМА-НУТТА-КУЛЛАА-ХА ВА КУУ-НУУ МАЪАС-СААДИ-КИЙН. (9:119)

ЙАА АЙЙУ-ХАЛЛА-ЗИЙНА ААМА-НУТТА-КУЛЛАА-ХА ВА КУУ-НУУ МАЪАС-СААДИ-КИЙН. (9:119)

Эй, ыйман келтиргендер! Такыба болгула. Ушул такыбага жетишүүнүн куралы кандай? Тактап айтканда, силер чынчылдар менен бирге болгула. Чынчылдарда кандайдыр бир чагылган сыяктуу таасир болот, аны менен күнөөлөрдүн микробдору жок кылынат. Чынчыл инсан Алла тааланын алдында кандайдыр бир сый-урматка ээ болот. Анын аркасынан чынчыл инсан менен алакасы бар адам дагы ийгиликтүү болот.

Азирети Айша (разияллааху анхаа) өз жээндеринин бирине өзүнүн көп-көп садага бергенине шек санаганы үчүн капа болуп кеткен. Ал жээнибиз эч качан биздикине келбесин деп буюрган. Күндөрдүн биринде улуу даражадагы сахаабалар (разияллааху анхум) барлашууга уруксат сурашканда, аларга (уруксат) берилген. Айша Сыддыка (разияллааху анхаа)нын жээни дагы аларга кошулуп, ичине кирип келе берген. Чынчылдар менен болгон карым-катыш кандай пайда бергенин көрдүңөрбү? Кудум ошондой сапаттуу данга сапаты төмөн дан кошулуп сатылгандыгы көп-көп байкалган.

Экинчи курал

Экинчи курал – бул өз жан-дүйнөсүн көзөмөлдөө. Тагыраак айтканда, силер күндө өз иштериңерге сын-көз менен назар салгыла. Кылып жаткан аракеттерибиз дүйнө үчүнбү же дин үчүнбү жана Алла тааланы нааразы кыла турган кандайдыр бир ишти жасаганыбыз жокпу деп байкагыла, анан аны оңдогула.

Алла Таала мындай деп айтат:

ЙАА АЙЙУ-ХАЛЛА-ЗИЙНА ААМА-НУТТА-КУЛЛАА-ХА ВАЛ-ТАН-ЗУР НАФ-СУММАА КАДДА-МАТ ЛИ-ГАД, ВАТТА-КУЛЛАА-ХА, ИН-НАЛЛАА-ХА ХАБИЙ-РУМ БИ-МАА ТАЪМА-ЛУУН. (59:19)

ЙАА АЙЙУ-ХАЛЛА-ЗИЙНА ААМА-НУТТА-КУЛЛАА-ХА ВАЛ-ТАН-ЗУР НАФ-СУММАА КАДДА-МАТ ЛИ-ГАД, ВАТТА-КУЛЛАА-ХА, ИН-НАЛЛАА-ХА ХАБИЙ-РУМ БИ-МАА ТАЪМА-ЛУУН. (59:19)

Эй, ыйман келтиргендер! Силер Алладан корккула. Такыба мындай насип этилет: ар бир жан эртеңки күнгө эмне кылганына көз салсын жана Алладан корккула, силер эмне кылып жатканыңардан Алла кабардар (59:19)

Алла таала менин ахвалыма көзөмөлчү деп ишенип, өз амалдарына улам-улам көз салып турган жана эртеңки күнгө мен кандай даярдыкты көргөнмүн деп байкап турган адам такыба болуп кетет.

Үчүнчү курал

Үчүнчү курал – бул күнөөлөргө бушайман болуу, тактап айтканда, тобо кылуу.

АТТА-ИБУ МИ-НАЗ-ЗАНБИ КА-МАН ЛАА ЗАНБА ЛАХУУ. (ИБН МААЖА, КИТААБУЗ-ЗУХУД, БААБУ ЗИКРИТ-ТАВБА)

АТТА-ИБУ МИ-НАЗ-ЗАНБИ КА-МАН ЛАА ЗАНБА ЛАХУУ. (ИБН МААЖА, КИТААБУЗ-ЗУХУД, БААБУ ЗИКРИТ-ТАВБА)

Өз күнөөлөрүнө бушайман экенин билдирүүчү адам алардын жаман натыйжаларынан сактанып турат, ошондой эле келечек үчүн өзүн жакшылык жана такыбалуулук үчүн даярдайт жана шайтандын дагы чабуулдарынан сактанат.

Азирети Муъаавия (разияллааху анху)нун Багымдат намазы каза болгондо, ага ушунчалык бушайман болуп, Алла тааланын алдында ушунчалык ыйлап жалынып-жалбарган: ага бир намаздын ордуна он намаздын сообу берилген. Эртеси күнү бирөө аны ойготкондо: «Сен кимсиң?» – деп сураганда, ал: «Мен шайтанмын», – деп жооп берген. Ал киши намаз үчүн шайтандын ойготконуна айран-таң болгондо, ал мындай деген: «Эгер мен сизди ойготпосом, анда сиз бир намаздын ордуна он намаздын сообун аласыз».

Кыскасы, силер кетирген катаңарга ушунчалык катуу бушайман болгула: силердин шайтаныңар мусулман болуп калсын.

 Төртүнчү курал

Адам бардык иштеринде Алла таалага тобокел кылсын. Азирети Ибн Умар (разияллааху анху) мындай деп айткан: «Эгерде бирөө түн бою ойлонуп турса жана: «Ибн Умар менин ишимди бүтүрүп берет», – деп айтса, анда кааласам дагы, каалабасам дагы көңүл-дитим ал жакта болот». Кудум ушундай ар бир маселесинде Алла тааланы эле өзүнүн тирөөчү деп билүүчү адамга Алла таала өзгөчө көңүл бурат. Кимге Алла таала көңүл бурса, ал кандайча баш ийүүчү болбосун?

Бешинчи курал

Такыбага жетишүүнүн бешинчи куралы – бул Истихаара. Тагыраак айтканда, ар күнү өз иштери үчүн Истихаара кылсын. «Такыба жана Сенин ыраазычылыгыңа ылайык болгон амалдарды кылуу мага насип этсин, ошондой эле Сенин ыраазычылыгыңа ылайык келбеген амалдардан мени алыстаткын», – деп өз Раббисине дуба кылсын. Эгер күндө ошондой кыла албаса, анда бир жумада бир жолу сөзсүз ошондой кылсын.

Алтынчы курал

Дуба суроо менен алектинип турсун. Кимде-ким өз Алласына дуба кылып турса, Алла таала ага Өз ыраазычылык жолдорун көрсөтөт жана адашып кетүүсүнөн сактайт.

 Жетинчи курал

ЛА-ИН ШАКАР-ТУМ ЛА-АЗИЙ-ДАННА-КУМ. (14:8)

ЛА-ИН ШАКАР-ТУМ ЛА-АЗИЙ-ДАННА-КУМ. (14:8)

Эгер силер шүгүрчүлүк кылсаңар, Биз сөзсүз силерге көбүрөөк тартуулайбыз (14:8).

Бул аяттан белгилүү болгондой, Алла тааланын кайсы бир белегине биз шүгүрчүлүк кылсак, ал көбүрөөк берилет. Демек, эгерде адам баласы кандайдыр бир жакшылыкты кылса, анда дагы жакшылыктарды кылууга күч-кубат насип этилип, такыба болуп калсын деп көп-көп шүгүрчүлүк кылсын.

Сегизинчи курал

СУБ-ХАА-НАЛЛААХИ ВАЛ-ХАМДУ-ЛИЛЛААХИ ВА-ЛАА ИЛАА-ХА ИЛЛАЛ-ЛААХУ ВАЛЛАА-ХУ АКБАР (САХИХ МУСЛИМ)

СУБ-ХАА-НАЛЛААХИ ВАЛ-ХАМДУ-ЛИЛЛААХИ ВА-ЛАА ИЛАА-ХА ИЛЛАЛ-ЛААХУ ВАЛЛАА-ХУ АКБАР (САХИХ МУСЛИМ)

Алла – Ыйык жана бардык мактоо-алкоо Аллага гана тандык, Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Алла – Улук деген дубаны окуп турсун. Мында төмөндөгүдөй сыр бар: кимде-ким бирөөгө мактоо-алкоо айтса, ошондо өзүнө мактоо-алкоо айтылган анын дагы ошондой болуусун каалайт.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллааллааху алайхи ва саллам)

ЛАА ИЛАА-ХА ИЛЛАЛ-ЛААХУ

ЛАА ИЛАА-ХА ИЛЛАЛ-ЛААХУ

Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок деген сөздөргө аябай эле басым жасаган. Алла тааланы шериги жок Жалгыз экенин далилдегенде, Алла таала мындай деген: «Эй, Пайгамбар! Биз сени дагы дүйнөдө жалгыздатып койгонбуз».

Кимде-ким «Аллааху Акбар» (Алла баарынан Улук) деп чын жүрөктөн, өз жаны жана амалы менен Алла тааланы улуктаса, Алла таала дагы аны улук кылып коёт. Кимде-ким Ага тасбих айтса, Алла таала аны тазалайт. Кимде-ким Анын «Хаамид» (мактоочусу) болсо, ал «Махмуд» (макталган) болуп кетет.

Тогузунчу курал

Намаздар аркылуу өзүн реформалап-оңдосун. Себеби, Алла таала мындай деп айтат:

ИН-НАС-САЛАА-ТА ТАН-ХАА АНИЛ-ФАХШАААИ ВАЛ-МУН-КАР. (29:46)

ИН-НАС-САЛАА-ТА ТАН-ХАА АНИЛ-ФАХШАААИ ВАЛ-МУН-КАР. (29:46)

Намаз жагымсыз иштерден кайтарат (29:46).

Намаз момундардын меъраажы, тактап айтканда, момундарды руханий жактан көтөрүүчү. Ошондуктан, такыбага жетишип, силерде баш ийүү руху пайда болсун деп көп-көп намаздарды аткаргыла.

Онунчу курал

Адам баласы Алла тааланын кудуреттүүлүгүн жана сулуулугун байкап турсун. Кудуреттүүлүгү жөнүдө (Алла таала) мындай деп айтат:

АВА-ЛАМ ЙАХДИ ЛА-ХУМ КАМ АХ-ЛАК-НАА МИН КАБ-ЛИ-ХИМ-МИНАЛ-КУРУУ-НИ ЙАМ-ШУУ-НА ФИЙ МАСАА-КИНИ-ХИМ, ИННА ФИЙ ЗАА-ЛИ-КА ЛА-ААЯАТИН, АФА-ЛАА ЙАС-МАЪУУН. (32:27)

АВА-ЛАМ ЙАХДИ ЛА-ХУМ КАМ АХ-ЛАК-НАА МИН КАБ-ЛИ-ХИМ-МИНАЛ-КУРУУ-НИ ЙАМ-ШУУ-НА ФИЙ МАСАА-КИНИ-ХИМ, ИННА ФИЙ ЗАА-ЛИ-КА ЛА-ААЯАТИН, АФА-ЛАА ЙАС-МАЪУУН. (32:27)

Мындан мурун бир топ коомдорду жок кылгандыгыбыз аларды туура жолго баштаган жокпу? Булар алардын үйлөрүнүн урандыларында басып-жүрүшөт. Мында бир топ жышаандар бар, эмнеге алар угушпайт? (32:27)

Силер Алла таалага баш ийбегендердин акыбети ушундай болгонун жана алар кайсы дүйнөлүк эмеректер үчүн Алла тааланы нааразы кылган болсо, анын акыбети ушундай болгонун көргөнүңөрдө, силер сөзсүз баш ийүүчүлүккө көңүл бурасыңар. Ал эми сулуулугу, тактап айтканда, белектери жөнүндө мындай деп айтылган:

АВА-ЛАМ ЙАРАУ АННАА НА-СУУ-КУЛ-МАА'А ИЛАЛ-АРЗИЛ-ЖУРУЗИ ФА-НУХ-РИЖУ БИ-ХИЙ ЗАРЪАН ТА'КУЛУ МИН-ХУ АНЪАА-МУ-ХУМ ВА АН-ФУСУ-ХУМ, АФА-ЛАА ЮБ-СИ-РУУН. (32:28)

АВА-ЛАМ ЙАРАУ АННАА НА-СУУ-КУЛ-МАА’А ИЛАЛ-АРЗИЛ-ЖУРУЗИ ФА-НУХ-РИЖУ БИ-ХИЙ ЗАРЪАН ТА’КУЛУ МИН-ХУ АНЪАА-МУ-ХУМ ВА АН-ФУСУ-ХУМ, АФА-ЛАА ЮБ-СИ-РУУН. (32:28)

Биз сууну кургак жер жакка айдап алып барып, анан аны менен эгин пайда кылганыбызга алар ой жүгүртүшпөйбү? Андан алардын чарба малдары дагы, өздөрү дагы жешет, алар акыл-парасатты иштетишпейби? (32:28)

Эгерде адам баласы Алла тааланын белектерин окуса, ар бир клеткасына болгон Анын мээримдүүлүктөрүн байкаса, анда жүрөгү өз Раббисине, Мээримдүүсүнө курман болууну каалайт. {تِلْكَ عَشَرَةٌ كَامِلَةٌ} Булардын саны так онго жетиптир.

Алла Таала такыбага жетишүү куралдарын пайдаланып, Алла Тааланын ыраазычылыгына татыктуу болгондордон кылсын. «Миссионерлерге насаатар», «Анваарул-Улуум», 3-том, 302-306-бет)

[i] 1903-жылдын 14-июлунда Ислам-Ахмадия жолунда Ооганстандын Кабул шаарында өз жанын курман кылган шейит.

[ii] Өз жан-дүйнөсүн тазалоо үчүн жан-талашып аракеттенүү.

Share via