Такыбалыктын чындыгы • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Такыбалыктын чындыгы

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар

Такыбаа болуу үчүн, ойноштук, уурулук, укуктарды тебелөө, кожо көрсүндүк, көйрөӊдөнүү, жек көрүү, сараңдык сыяктуу коюу нерселерди таштагандан кийин, бузуку адеп-ахлактардан алыс болуп, аларга каршы эӊ мыкты адеп-ахлакты өрчүтүү керек. Адамдарга мээримдүүлүк, шайырдык жана боорукердик менен мамиле кылсын. Алла Таалага чындап берилгендикти жана чын ыкластуулукту көрсөтсүн. Алла Тааланын алдында мактоого татыктуу кызматтарды көрсөтсүн. Ушул иштер менен адам такыба деп аталат жана ушул нерселерди өзүндө топтоп алгандар гана чыныгы такыбаалар болушат. (б.а. эгер кулк-мүнөздүн бирөө гана ар бир жеке адамда болсо, анда толугу менен бардык мыкты адеп-ахлакттар анда кезикмейинче ал такыба деп аталбайт) жана андай адамдар үчүн وَ لَا خَوۡفٌ عَلَیۡہِمۡ وَ لَا ہُمۡ یَحۡزَنُوۡنَ(аларга эч кандай коркунуч болбойт жана алар сар-санаа да болушпайт 2:63) деп айтылган. Анан алар эмнени каалашат? Алла Таала Өзү айткандай, андайлардын ишенимдүү коргоочусу болуп калат:وَ ہُوَ یَتَوَلَّی الصّٰلِحِیۡنَ(Ал такыба адамдарга коргоочу болот (7:197). Хадисте кезиккендей, Аллах Таала алардын алар кармай турган колу болуп калат. Алар көрө турган көзү болуп калат. Алар уга турган кулактары болуп калат. Алар баса турган буттары болуп калат. Дагы бир хадисте кезиккендей, Менин камкорчума кастык кылган адамга Мени менен беттешүүгө даяр бол деп айтам. Дагы бир жерде айтылгандай, качан бирөө Аллахтын досуна кол салганда, Аллах Таала ага бирөө ургаачы арстандан баласын тартып алганда, ага ачууланып кол салгандай эле ага кол салат.

Намаздын маанилүүлүгү

 Аллах Тааланын мээримдүүлүгүнүн булагынан пайдалануунун чыныгы эрежеси ушул. Аллах Таалага мүнөздүү бир нерсе, анын (адамдын) кадамы алгалап келген сайын, Аллахтын кадамы да (адамды көздөй) жакындай берет. Аллах Тааланын өзгөчө мээримдүүлүктөрү ар бир адамга насип боло бербейт, ошондуктан алар ага ээ болгондор үчүн кандайдыр бир белги-жышаан деп аталат. (Буга мисал катары карагыла) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын душмандары анын ийгиликсиздиги үчүн эмне деген иш-аракеттерди кылып көрүшкөн эмес, бирок эч нерсе кыла алган эмес, а түгүл аны өлтүрүү иш-планын да түзүшкөн, бирок акыры алар ийгиликсиз болушкан. Аллах Таала бул сунушту сунуштайт (адеп-ахлак сыяктуу ушул өзгөчө мээримге жетүү үчүн), бул нерселер биздин көз алдыбызда эмес, Аллах Тааланын алдында сунуш этилиши керек. Өз жүрөктөрүңөрдө Аллах Тааланын сүйүүсүн жана улуулугун уланта бергиле жана бул үчүн намаздан күчттүүрөөк эч бир нерсе жок. Анткени, орозо бир жылдан кийин келет жана зекетти да бай-дөөлөттүү адам гана төлөйт. Бирок намазды ар бир статустагы адам беш жолу аткарууга милдеттүү, аны эч качан текке кетирбегиле. Аны кайта-кайта окугула жана мен эӊ кудуреттүү Кудайдын алдында турган экенмин, эгер Ал кааласа, ушул эле саатта, жок ушул эле секундада кабыл кылышы мүмкүн деген ой менен окугула. Себеби дүйнөлүк башкаруучулар казынага муктаж болушат, алар казына бошоп калбасын деп, жакырчылыктан коркушат, бирок Аллах Тааланын казынасы ар дайым толуп турат. Адам Анын алдында турганда, бир гана ишениши керек. Мен Угуучу, Билүүчү, Кабардар кудуреттүү Кудайдын алдында турам, эгер мага ырайымы келсе, анда азыр эле берет деп ишениши керек. Аябай жалынып-жалбарып дуба кылсын. Үмүтүн үзүп алып, шек-күмөнгө такыр барбасын. Эгерде ошондой кылса, анда ал (ошол бейпилдикти) тез арада көрөт жана Аллах Тааланын башка берешендиктерине да ээ болот, Аллахтын Өзү (ага) табылат. Демек, ушул жолду карманышы керек. Ал эми заалим жана баш ийбес бирөөнүн дубасы кабыл болбойт, анткени ал Аллах Таалага кайдыгерлик кылат. Эгерде уулу атасын ойлобосо жана тил албаса, анда атасы ага көӊүл бурбайт, андай болсо, Алла Таала эмнеге ага көӊүл бурсун!

 Дуба жана сыноо

Бир киши Балъам Баурдун дубасы эмне үчүн кабыл болгонун сурады. Ал (алайхиссалаам) мындай деп айткан:

«Бул дуба эмес, сыноо болгон, акыры аны өлтүрүп салды. Дуба – бул Алла Тааланын сүйүктүүлөрү жасаган иши болот, антпесе Кудай индустарды угат жана алардын айрым ой-ниеттери ишке ашат, бирок ал дуба эмес, сыноо деп аталат. Мисалы, кимдир бирөө Кудайдан нан сураса, Ал бербейби? Анын төмөндөгүдөй убадасы бар:وَ مَا مِنۡ دَآبَّۃٍ فِی الۡاَرۡضِ اِلَّا عَلَی اللّٰہِ رِزۡقُہَا(жердеги ар бир жандыктын ырыскысы Алланын милдетинде (11:7), иттер менен мышыктар да курсагын тойгузат жана курт-кумурскалар дагы азыктанат, бирок «истафайнаа» (Биз тандаган) деген сөз өзгөчө учурларга таандык. (Малфузаат, 4-том, 400-402-бет, 1984-жылы басылган нуска)

Share via