Такыбалар кимдер, алардын кандай өзгөчөлүктөрү бар? • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Такыбалар кимдер, алардын кандай өзгөчөлүктөрү бар?

الَّذِیۡنَ یُؤۡمِنُوۡنَ بِالۡغَیۡبِ وَ یُقِیۡمُوۡنَ الصَّلٰوۃَ وَ مِمَّا رَزَقۡنٰہُمۡ یُنۡفِقُوۡنَӨткөн сабакта мындан мурункуذٰلِکَ الۡکِتٰبُ لَا رَیۡبَ ۚۖۛ فِیۡہِ ۚۛ ہُدًی لِّلۡمُتَّقِیۡنَдеген аятта мындай деп окуган элек: бул Китеп – Курани Карим абдан жогорку даражадагы толук Китеп; анда эч кандай шек-күмөн жок; ошондой эле бул Китеп такыбаларга туура жолду көрсөтөт жана аларды туура жолдон бастырат. (2:3)

Жогоруда окулуп берилген аятта төмөндөгүдөй айтылган: бул такыбаларды туура жолго баштоочу эң жогорку даражадагы Китеп. Такыбалар кимдер? А дегенде, такыбалардын үч (3) эң маанилүү жана зарыл сапаты баяндалган:

1) Кайыпка ыйман келтирүүчүлөр; 2) Намазды аткаруучулар; 3) Биз аларга тартуулаган нерселерден сарп кылуучулар. (2:4) Курани Каримден пайда көрүүчү чыныгы такыбалардын ушул үч сапаты бар: алардын биринчиси – бул кайып болгон, купия болгон, жалпысынан көздөргө көрүнбөгөн, колдор менен кармап табылбаган, кулактар менен угулбаган жана нурлар пардасында жашынган Алла Таалага ыйман келтирүү.

Такыба адам ыйман келтиргенден кийин эки түрдүү жумушту жасайт: алардын биринчиси – ал Алла Таалага ибадат кылат, Алла Тааланын акысын аткарат, мунун эң маанилүү жана эң алгачкы амалы – бул намазды аткаруу. Ыйман келтиргенден кийин, Алла Таалага ишенгенден кийин намаз эң алгачкы тепкич болуп саналат.

Алла Тааланын акысын аткаруу максатында намаз аткаргандан кийин амалдардын арасында экинчи баскыч – бул адамдарга боорукер болуу жана аларга пайда келтирүү. Бул үчүн Алла Таала тартуулаган мал-мүлктү, жөндөмдөрдү, акыл-парасатты, илим-билимди Алла Тааланын жолунда жана Анын пенделеринин боорукерлигине сарптоо керек.

Демек, такыба адам Курани Каримден пайда көрүүнү кааласа, анда а дегенде ыйман келтирсин, анан Алла Тааланын акы-укуктарын аткаруу үчүн намазды аткарсын жана пенделердин акы-укуктарын аткаруу үчүн өз байлыгын жана жөндөмдөрүн пенделерге сарптасын. Алла Таала колдоп, бардыгыбызга Курани Каримди окуп-үйрөнүүгө күч-кубат берсин. (Аамийн)

Share via