Такыбаларда дагы кандай өзгөчөлүктөр бар? • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Такыбаларда дагы кандай өзгөчөлүктөр бар?

وَ الَّذِیۡنَ یُؤۡمِنُوۡنَ بِمَاۤ اُنۡزِلَ اِلَیۡکَ وَ مَاۤ اُنۡزِلَ مِنۡ قَبۡلِکَ ۚ وَ بِالۡاٰخِرَۃِ ہُمۡ یُوۡقِنُوۡنَжана сага түшүрүлгөнгө, сенден мурун түшүрүлгөнгө ыйман келтире тургандар, ошондой эле акыретке ишене тургандар (үчүн) (2:5).

Өткөн сабакта мындан мурунку аяттын төмөндөгүдөй маани-мазмуну баян этилген эле: ушул Китептен хидаят (туура) жолуна жетишүүнү каалаган такыба адамдар үчүн төмөнкү үч (3) нерсе зарыл: биринчиден, көзгө көрүнбөгөн Аллага ыйман келтиршсин, Алла Тааланын акы-укуктарын орундатуу максатында намаз аткарышсын жана пенделерге боорукер болуп, алардын пайдасына өз мал-мүлкүн жана Алла Таала тартуулаган тартуулардын баарын жумшашсын.

Бүгүнкү сабакта окулган аятта төмөндөгүдөй ой-пикир айтылган: ушул нерсе, тагыраак айтканда, Алла Таалага ыйман, Алла Тааланын акы-укуктарын аткаруу жана Алла Тааланын пенделеринин акы-укуктарын аткаруу деген кандайча ишке ашырылсын? Муну түшүнүү үчүн Алла Таала Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га түшүргөн Алла Тааланын сөздөрүнө ыйман келтирүү зарыл. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га түшүрүлгөн Китептен адам баласы Алла Тааланын акы-укуктарын орундатуу үчүн жана пенделердин акы-укуктарын орундатуу үчүн туура жол-жободон да кабардар болот, ошондой эле Алла Тааланын бар экенин, Анын акы-укуктарын аткаруу жана Анын пенделеринин акы-укуктарын аткаруу канчалык зарыл экенин далилдей турган далилдерге да ээ болот. Мындан тышкары, Алла Таала ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га чейин Өзүнүн элчилерине, пайгамбарларына түшүргөн сөздөргө ишенүү жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын пайгамбар болуусу жөнүндө алдын-ала кабарлар бар, алардан азыр Курани Каримдин жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын чынчылдыгы далилденет. Андан тышкары, адам баласы мындай деп ишенүү да зарыл: өлгөндөн кийин боло турган жашоодо Алла Таала жакшы адамдарга жакшы кун берет, ошондой эле жамандык кылуучуларга жаза берилет. Анткени адам баласы акыреттеги жашоого ишенмейинче бул жашоодо диккат менен жакшы иштерди жасабайт жана жаман иштерден кайтпайт. Алла Таала колдоп, бардыгыбызга Курани Каримди окуп-үйрөнүүгө күч-кубат берсин. (Аамийн)

Share via