Жамаат үчүн керектүү насааттар • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Жамаат үчүн керектүү насааттар

Бирден көп аялга үйлөнүү уруксаты

Магриб намазынан кийин Абботтабаддын тургуну Шейх Нур Ахмад Сахиб адвокат, Саййид Хамид Али Шах Сахиб Баддумалхи жана дагы бир киши байъат берген. Байъат бергенден кийин Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айткан:

«Адашуу, шалаакылык жана адашуу шамалы ар тараптан согуп турган ушул дүрбөлөңдүү мезгилде биздин Жамаатыбыз такыбаа болууга аракет кылышы керек. Дүйнө Алла Тааланын буйруктарын сыйлабай калды. (Адамдардын) акы-укуктары жана осуяттары эске алынбайт. Дүйнөгө жана анын иштерине аябай чөгүп кетти. Бир аз дүйнөлүк жоготуу болгонун көрүп, алар диндин бөлүгүн таштап, Алла Тааланын акы-укуктарын аткарбай коюшат. Мунун баары соттошуулар жана мураскерлер менен мурасты бөлүшүп жатканда көрүнүп турат. Алар бири-бирине ач көздүк менен мамиле кылышат. Алар рухтун эмоцияларына караганда бир кыйла алсызыраак болушат. Кудай Таала аларды алсыратып турганча алар күнөө кыла алышпайт, бирок кичинекей алсыздык жоюлуп, күнөө кылуу мүмкүнчүлүгү пайда болгондо, аны ошол замат жасашат. Бүгүнкү заманда ар кайсы жерден издеп көргүлө, ошондо чыныгы такыбалык көтөрүлүп, чыныгы ишеним такыр жоктой сезилет. Бирок алардын чыныгы такыбачылыгы жана ишениминин үрөнүн текке кетирүүнү жактырбаган Кудай азыр эгин толугу менен жок болуп кеткенин көрүп, дагы бир эгинди өстүрүп коёт.

Аллах Таала айткандай эле жап жаңы Куран (азыр да) бар:اِنَّا نَحۡنُ نَزَّلۡنَا الذِّکۡرَ وَ اِنَّا لَہٗ لَحٰفِظُوۡنَАлбетте, Биз гана ушул Зикирди түшүргөнбүз жана албетте, Биз гана анын сактоочусубуз (15:10)

Көптөгөн хадистер да бар жана берекелер да бар, бирок жүрөктөрдө ыйман жана практикалык абал калбай калды. Алла Таала булардын кайрадан пайда болушу үчүн мени жиберген. Алла Талаа майдан (аянт) бош экенин көргөндө, Анын кудайлыгы талаанын бош болуп, элдин ушунчалык (Алла Тааладан) алыс турушун такыр ыраа көргөн эмес, ошондуктан эми Алла Таала аларга каршы тирүүлөрдүн бир жаңы коомун жаратууну каалайт. Демек, биздин дааватыбыз такыбаа жашоосунун пайда болушуна эле таандык.

Адамдардын түрлөрү көп, алардын айрымдары жамандык кылып, анан аны менен сыймыктанышат. Бул кандайдыр бир сыймыктана турган касиет беле? Мындай жол менен жамандыктан алыс болуу жакшылык деп аталбайт. Ошондой эле ал чыныгы жакшылык деп да аталбайт. Себеби, жаныбарлар да ушундай жол менен үйрөнө алышат. Миан Хуссайн Бейг аттуу бир бизнесмен болгон, анын бир ити болгон, ага нандарды кайтарганды үйрөткөн болчу, ал нандарды кайтарчу эле. Ошол сыяктуу эле, мына ошондой нерселер үйрөтүлгөн бир мышык жөнүндө уккам. Айрым адамдар муну билгенден кийин, аны сынап көрүүнү каалашкан. Анан мышык сөзсүз ач көз болушу керек болгон халва, сүт, эт ж.б. сыяктуу нерселерди бир бөлмөдө коюп, ал мышыкты таштап, анын ушул нерселердин бардыгын жеген-жебегенин билүү үчүн эшикти жабышкан. Анан бир-эки күндөн кийин ачып көрсө, баары ушундай жатыптыр, мышык өлүп калыптыр, ал эч нерсени тийбептир дагы. Демек, булар уят болуулары керек, ал айбан болуп да адамдын буйругуна баш ийген, алар адам болуп да, Аллахтын буйругуна баш ийишпейт. Адамдын өз напсисин эскертүү үчүн мындай мисалдар көп. Ишенимдүү иттер да көп, бирок өкүнүчтүүсү, иттин даражасында да болбогон бирөө айтсынчы, ал Кудайдан эмнени сурайт? Кудай адамга башка бир дагы макулукка бербеген жөндөмдөрдү берген. Жамандыктан алыс болууда айбандар дагы ага шерик болушат. Кээ бир аттарды көргөнбүз, камчы кожоюнунун колунан түшүп калганда, оозу менен алып, кайра кожоюнуна беришет, анын буйругу менен жатып алып, отуруп, анан туруп, ага толук бойдон баш ийишет. Колу-бутунун ж. б. органдардын саналуу эле күнөөлөрүнөн алыс болуусу гана адамдын сыймыгы болушу мүмкүн эмес. Мындай күнөөлөрдү жасаган адамдар кудум айбандар сыяктуу мүнөзгө ээ. Мисалы, иттер менен мышыктар үстү жабылбаган бир идишти көрөөрү менен ага кол салышат жана үстү жабылбай, ачык түрган тамак-ашты жеп коёт. Демек, мындай адамдар ит-мышыктай болушат, акыры кармалышат, түрмөлөргө түшүшөт. Түрмөлөр ушундай мусулмандарга толгонун көрөсүӊөр.

حضرت انساں کہ حد مشترک را جامع است

مے تواند شد مسیحا مے تواند شد خرے

Адам баласында эки карама-каршы кудурет бар,

Кааласа, Масийхаа[1] боло алат, кааласа эшек боло алат.

Демек, азыр убакыт келди жана бул күндөр Алла Тааланын толкундарынын күндөрү, б.а. кээде бир доор Кудайдын мээримдүүлүк доору болуп, анда адамдар күч табышат. Бул да ошондой убакыт. Биз адам дүйнө бизнесинен таптакыр баш тартсын деп айткан жокпуз, жок биздин максат-мүдөөбүз бул: кандайдыр бир орточо аракет кылсын жана динге кызматчы болуу ниети менен дүйнөгө ээ болсун, бирок ага (дүйнөгө) аябай берилип кетпесин, диндин парыздарын унутуп, орозо жана намазды эсинен чыгарып койбосун». (Малфузаат, 4-том, 394-397-бет, 1948-жылы басылган нускасы)

**********

[1] Руханий даарыгер.

Share via