МОМУН-МУСУЛМАНДЫН СЫПАТТАРЫ • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

МОМУН-МУСУЛМАНДЫН СЫПАТТАРЫ

2018-жылдын 20-апрелинде Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы, Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосун) Англиянын борбору Лондон шаарында жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинде жума кутбасын окуган. Ал кутбанын кыскача маани-мазмуну төмөнкүдөй:

Ташаххуд, Таъвуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Хаа Мийм Ас-Сажда сүрөөсүнүн 34-аятын окуду. «Аллага чакыра турган, жакшы амалдарды кыла турган жана: «Мен албетте, толук моюн сунуучуларданмын», – дей турган кишиден дагы чырайлуураак сүйлөй турган бирөө барбы?!» Бул аят момун-мусулмандын үч сыпатын белгилеп көрсөтөт. Бул үч сыпат: Алла Таалага чакыруу, такыба иштерди аткаруу жана баш ийүүчүлүк үлгүсүн көрсөтүп, төмөнкүдөй жарыяны жарыялоо: «Мен Алла Таала жана Анын Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам)дын бардык тапшырмаларын аткаруучумун же колдон келишинче аткарууга аракет кылуучумун».

♦ Булар ушундай нерселер, алардын биринчиси момун-мусулманды диний билимди үйрөнүүгө жана аны бүткүл дүйнөгө үйрөтүүгө үндөйт. Адамдын жүрөгүндө башкалар үчүн кандайдыр бир камкордук болуп, башкаларды шайтандын колунан жана тузагынан бошотуу үчүн кандайдыр бир эӊсөө жана аракет болгондо гана башкаларга кулактандырууга көӊүл бурушу мүмкүн. Ошол эле учурда, Мээримдүү Кудайдын кулдарын көбөйтүү шыктуулугу да болушу керек.

♦ Экинчи мүнөздөмөсү, Алла Таала такыба иштерди кылууга чакырат. Башкача айтканда, Алла Таала жана Анын пенделеринин акы-укуктарын аткаргыла, ал гана эмес, өзүӊөр башкалар үчүн кандайдыр бир үлгү боло турган мисал болуп көрсөткүлө.

♦ Анан үчүнчү мүнөздөмөсү, чыныгы момун-мусулман: «Мен толугу менен баш ийгендерденмин», – деген кулактандырууну жарыяласын. Башкача айтканда, мен толугу менен Алла Таала жана Анын Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам)дын бардык буйруктарына ыйман келтирем. Баш ийүүгө Жамаат системасына, ошондой эле Учурлук Халифага баш ийүү кирет. Алла Таала мындай дейт: Алла Таалага чакыруу жакшы иш болсо да, бирок «мен момун-мусулмандарданмын», – деген билдирүүнү да жасоо керек. Башкача айтканда, баш ийүүнүн эӊ бийик өлчөмдөрүн сактаган бойдон мен баш ийгендигимди да жарыялайм.

♦ Биз Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дан кийин түзүлгөн Халифат системасына толугу менен моюн сунуп, Халифаттын кол астында иштеп жаткан системага да колдоо көрсөткөнүбүздө гана биз – Ахмадийлер үчүн толугу менен баш ийүүнүн бул өлчөмдөрү орношот, дааватыбыз ийгиликтүү болот жана кылып жаткан жакшы амалдарыбыз такыба амал деп аталат. Алла Таала Өзүнүн убадасына ылайык жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) алдын ала айткан кабарларына ылайык Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)ды жөнөткөндүгүнө кенедей да шек-күмөн жок. Башкача айтканда, Алла Таала ага берген убадалары жана бүтүрүүлүсүн ага жүктөгөн милдеттери ИншаАллах (Кудай буюрса) сөзсүз аткарылат. Ыйык Куранда Алла Таала мындай деп айтат: Алла Таала албетте, Мен жана Менин пайгамбарларым жеӊишке жетебиз деп жазып койгон. (Ал-Мужаадала: 23). Алла Таала Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)га да  бир нече жолу ушул ачылышты (вахий-аян) берген. Ал (алайхиссалаам) Ыйык Курандын негизинде, Исламдын кабарын бизге түшүндүргөн. Бул дүйнө жүзү боюнча ар бир бурчуна жайылып жатат жана дүйнө Исламдын кооз таалимдерине тартылып келүүдө.

♦ Ошондуктан, мында эч кандай шек-күмөн жок, албетте, Исламдын кооз кабары Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) аркылуу жайылат жана чынында ушундай болуп жатат. Мында такыр эле шек-күмөн жок, бул кабар бүт дүйнөгө жетет жана дүйнө ал (алайхиссалаам)ды Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын чыныгы чемпиону жана ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га берилген ашыгы катары таанып-билүүгө аргасыз болот жана ошондой болуп жатат. Демек, бул Алла Тааланын иштери жана убадалары, алар албетте аткарыла берет, ИншаАллах [Кудай буюрса]. Бул арабыздагы эч бир адамдын жеке иш-аракетинин натыйжасы эмес. Бирок Алла Таала мыкты момун-мусулмандын сапаты бул, ал башкаларды Алла Таалага чакырсын деп айтат. Демек, Алла Таала Өзү аткарып келе жаткан жана аткарылышына чечим чыгарган бул ишке бизди да шерик кылууну каалайт. Ошентип, бизди соопко шерик кылууну каалайт. Ошондуктан, ар бир адам жана ар бир Ахмадий мусулман бул ишке маани берүүсү керек. Демек, силер – Испанияда жашагандар убакытыӊарды бөлүп, ар бир айда жок дегенде, эки күндү даават иштерине арнооӊор керек. Демек, биздин Борбордук Таблиг (Даават) катчысыбыз, ар бир Жамаатыбыздагы Таблиг катчылары да, башка кызматчылар да өздөрүнүн жагдайларына жараша иш-пландарды иштеп чыгуулары керек, ошол эле учурда, ар бир Ахмадий мусулман да, Худдаамдар да, Ансаарлар да, Лажна да даават үчүн убакыт бөлүүлөрү керек.

♦ Бул жерде [Испанияда] жети-сегиз жүз жыл мурун мусулмандар кылыч күчү менен христиан динине өткөрүлүп алынышкан. Испания тилиндеги адабияттарга келе турган болсок, Ислам жана Ахмадияны тааныштыруучу адабияттарга келе турган болсок, мен акыркы бир нече жылдан бери Улуу Британия жана Германиядагы [Жамиядан] «Шахид» деген диплом алгандарды ар кайсы кызматтарына дайындоодон мурун адабияттарды таратуу үчүн ушул жерге жиберип жатам. Мындан тышкары, Ахмадияны кабыл кылган бир Испан айым бар, ал Лондондо жашайт. Ал жердеги Ноо-Мубайъиндердин катчысынын аялы. Анын үй-бүлөсү, б.а. анын ата-энеси бул жерде, Испанияда жашайт. Ал бул жерге келип, ар кайсы мектептерге же жогорку окуу жайларына жана коледждерге барып, даават кылат. Ал Лондондон келип, мүмкүнчүлүктөрдү таап алат жана ушул жерде Жамаатты тааныштырат жана Исламдын кабарын жайылтат. Ошондой болсо, анда эмне үчүн ушул жерде жашагандар жана миссионерлер ошондой мүмкүнчүлүктөрдү таба алышпайт? Ошондуктан, ушул жерде жашаган жооптуу Ахмадий кызматкерлер жана миссионерлер бул жөнүндө кандайдыр бир бекем жана конкреттүү иш-планды түзүүлөрү керек. Улуттук Таблиг (даават) катчысы Таблиг жана даават жөнүндө өзүнүн улуу шыктуулугун билдирип турат. Ал ачык эле мага айткан жок, бирок ал киши бюджет маселеси жана Жамаат мүчөлөрүнүн колдоо көрсөтүү маселесинде кыйналып жатат окшойт. Демек, эгерде бюджет деген көйгөй бар болсо, анда ал көйгөйдү чечүү да Жамаат Амиринин [Улуттук Президентинин] милдети болуп саналат. Ошондой эле Жамаат Амири менен да толук кандуу кызматташуу Таблиг катчысы, миссионерлер жана Жамаат мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги болуп саналат. Бул ыкмада гана биз дагы бир жолу Исламдын жоголгон салтанатын кайрадан орнотушубуз мүмкүн. Бул Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын келүү максаты болгон.

♦ Бардыгыбыз Алла Таала бүгүнкү күндө ошол улуулугун көрсөтүп келе жатканына күбөбүз. Бул жерде да маалымат каражаттары жана башка адамдар бул жакка көӊүл бурушкан, ошондой эле дүйнөдөгү кээ бир өлкөлөрдө бул нерсе ачык эле көрсөтүлүп жатат. Албетте, бул нерселер Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын сөздөрүн тастыктап жатат. Алсыздыктарыбызга карабай, Алла Таала Өзү бул иштерди кылып жатат. Демек, бул иштерге шерик болгула жана толугу менен өзүңөрдү ага катыштыргыла. Дагы бир жерде Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) өмүрлөрүӊөрдүн узун болушун кааласаӊар, анда даават кылгыла деп айткан. Ал (алайхиссалаам) мындай дейт: «Эгер бирөө узун өмүрлүү болуп, өз жаш курагын узартууну кааласа, анда ал мүмкүн болушунча өз өмүрүн динге кызмат кылууга арнасын. Билип койгула, Алла Тааланы эч кандай жол менен алдоо мүмкүн эмес. Алла Тааланы алдоого аракет кылган адам билип койсун, ал өзүн гана алдайт жана акыр-аягы анын артынан жок болуп кетет».

♦ Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп улантат: «Өз өмүрүн узартуунун эӊ мыкты рецепти бул: адам чын жүрөктөн жана өзгөчө берилүү менен Ислам динин таратуу менен алектенип калсын жана динге кызмат ишине киришип кетсин. Бул рецепт өтө эле пайдалуу жана натыйжалуу, анткени дин бүгүнкү күндө мына ошондой ыкластуу кызматчыларга муктаж». Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Али (разияллааху анху)нун көӊүлүн Таблиг (даават) жакка тартып, мындай деп насаат кылган эле: «Алланын атын ортого салып айтам: сен аркылуу бир адамдын хидаят табуусу сага бир жүз кызыл төө берилишинен жакшыраак». Ал күндөрдө кызыл төө абдан баалуу мүлк болуп эсептелинчү. Өзүндө кызыл төөлөр бар болгон адам бай адам деп эсептелинчү. Ошентип, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) дүйнөлүк мал-мүлктүн Таблиг (даават) кылып, бирөөнүн хидаят табышына себепчи болгон адам менен салыштырмалуу эч кандай баркы жок экенин айткан. Мейли, бул жерге келгендер дүйнө байлыгын табууга умтула беришсин, бирок эч болбогондо биз аз убагын Таблиг (даават) иштерине да сөзсүз бөлүшсүн. Мен айына бир же эки күн берүүӊөрдү айттым, бирок чындыгында мындан да көбүрөөк убакыт берүүӊөр керек. Ушундай жол менен силер дүнүйө мүлктөрүнө да жетишесиӊер жана Алла Таала да силерге ыраазы болот.

♦ Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) андан ары мындай дейт: «Алла Таала чынчыл менен жалганчынын ортосунда кандайдыр бир айырманы жаратууну каалайт. Бул ыкластуулук жана берилгендикти даӊгазалоо мезгили жана берилген акыркы мүмкүнчүлүк. Бул мүмкүнчүлүк кайрадан насип этилбейт. Бул бардык пайгамбарлардын алдын ала айткан кабарларынын ушул жерге келип токтогон убагы. Ошондуктан, бул ыкластуулук жана берилгендикти көрсөтүү жана динге кызмат кылуу үчүн адамзатка берилген эӊ акыркы мүмкүнчүлүк болуп саналат. Эми мындан кийин эч бир мүмкүнчүлүк берилбейт, бул мүмкүнчүлүктү текке кетирүүчү бирөө бактысыз адам».

♦ Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) андан ары мындай деп айтат: «Жөн эле оозеки Байъат [баш ийүү анты] берүүнүн эч кандай баркы жок. Тескерисинче, Алла Таала силерди чынчылдардан кылсын деп аракет кылгыла жана Алла Тааладан дуба кылгыла. Бул маселеде жалкоолонбогула жана эринчээк болбогула, тескерисинче жигердүү болгула жана мен тартуулаган таалимге амал кылууга аракет кылгыла жана мен көрсөткөн жолдон жүргүлө».

♦ Мен өткөн жума кутбасында «Нух Кемеси» аттуу китепке байланыштуу сөз кылган элем. «Нух Кемеси» аттуу китептеги «Биздин Таалим» деген бөлүмдү ар бир Ахмадий окусун. Чындыгында, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) толук китепти окуу керектигибизди айткан. Аталган китептеги «Биздин Таалим» деген бөлүмдө камтылган көрсөтмөлөр адамдарды Алла Таалага чакырууда жана жакшы иштерди аткарууда бизге багыт берүү мүмкүнчүлүктөрү катары кызмат кылат. Анын ичинде камтылган таалим бизди эӊ мыкты момундардан болууга жардам берет.

♦ Көӊүлүбүздү такыба амалдарды аткарууга бургузуп, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп кошумчалайт: «Билип койгула, бул (такыба) амалдар чын жүрөктөн жана руханий жактан чыныгы ыклас менен аткарылмайынча эч кандай пайдасы жана натыйжасы жок. Такыба амалдар ар түрдүү фитна-чагымчылыктардан таза болгондо гана «такыба амалдар» деп саналат».

♦ Такыба амалдарды дайыма аткаруу керектиги жөнүндө айтып, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай дейт: «Өз ишенимин сактап калууну каалаган адам такыба иштерди аткаруу боюнча алгалай берсин. Бул руханий нерселер жана адамдын амалдары анын ишенимине күчтүү таасирсин тийгизет». Демек, толугу менен баш ийип, толук моюн сунуп, Алла Тааланын ыраазычылыгына татыктуу болуу үчүн аткарыла турган такыба амалдар гана «такыба амалдар» деп эсептелинет.

♦ Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат: «Бизге жеӊиш тартуулай турган куралдар бул: Истигфаар (кечирим суроо), Тооба (кыжаалат болуу) диний билимди жогорулатуу, Алла Тааланын бийиктигин түшүнүү жана беш маал намазды аткаруу. Намаз – бул дуба кабыл болуунун ачкычы болуп саналат. Намаз аткарып жатканыӊарда, анда дуба сурагыла жана бул маселеде кайдыгер болбогула. Алла Тааланын акы-укуктарын аткаруу менен байланышкан жаманчылыкпы же Анын пенделеринин акы-укуктарын аткаруу менен байланышкан жаманчылыкпы, ар бир жаманчылыктан абайлагыла».

♦ Алла Таала Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын кабарын таратуу мүмкүнчүлүгүн бизге берсин жана бизди да ошол жеӊишке шерик кылсын. Биз тобо келтирип, кечирим сурап жана дуба кылып, ошол кабарды жеткирүү милдетин аткаралы. Биз Алла Тааланын жана Анын пенделеринин акы-укуктарын аткаралы. Бул акы-укуктарды аткаруу гана такыба иштерди ишке ашырууга көӊүлүбүздү бургузуп турат. Биздин ар бир иш-аракетибизде Алла Тааланын ыраазычылыгы көздөлгөн болсун жана Алла Таалага толугу менен баш ийгендерден бололу. Биз бул маселелерге көӊүл бургандан кийин Кудай буюрса, Алла Тааланын убадаларына ылайык Исламдын жеӊиш күндөрүн да көрүп калабыз. Бул үчүн Алла Таала бизге күч-кубат берсин.

Share via