Алла Тааланын коргоосун издөө жолдору • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Алла Тааланын коргоосун издөө жолдору

2018-жылдын 9-февралында Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы, Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосун) Англиянын борбору Лондон шаарында жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинде жума кутбасын окуган. Ал кутбанын кыскача маани-мазмуну төмөнкүдөй:

 Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин, Ал Азирети мындай деди:

♦ Азирети Айша (разияллааху анхаа)дан төмөнкүдөй рабаят этилет: кайсы маййиттин жаназасына жүз мусулман катышса жана алардын баары анын күнөөлөрүнүн кечирилишин тилешсе, алардын тилеги кабыл кылынат. Дагы бир рабаят бар: адамдар бир жаназаны алып бара жатышканда, сахаабалар ал адамды мактай башташкан, ошондо Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ага бейиш важип болду деп айткан.

♦ Бүгүн мен эки жаназа намазын окутам, ошон үчүн жаназа жана өлүктү көмүү жөнүндө хадистер жана Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын айткандарын окуп, анан маркумдар жөнүндө сөз кылам деген ойдо болчум. Бирок бүгүн мен сөз кылмакчы болгон инсан жана дин кызматчысы тууралуу чогулуп калган көлөмдүү материалдын айынан ал материалды айтып берүү кыйын, анын бештен бир бөлүгүн баяндоо да кыйын го.

♦ Жакынкы өткөн күндөрдө Мырза Гулам Ахмад Сахиб дүйнө менен кош айтты. Ал киши Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын небересинин баласы болчу. Азирети Мырза Султан Ахмад Сахибдин небереси жана Азирети Мырза Азиз Ахмад Сахибдин перзенти болгон. Мир Мухаммад Исхаак Сахибдин жээни жана менин күйөө балам (эжемдин күйөөсү) болчу. Бул тууганчылык мамилелерди сөз кылуу анча деле зарыл эмес, чындыгында анын касиеттери ал тууралуу сөз кылууга аны татыктуу кылат. Динге кызматчы инсан болгон. Аны Наазир-э-Аълаа деп дайындаганымда, алсыздыгына жана ооруганына карабай, өзүнө жүктөлгөн бардык милдеттерин мыкты аткарды. Өлүмдөн бир күн мурун «Мадрасатул-Хифзда» бүтүрүүчүлөргө күбөлүктөрдү тапшырды жана Худдаамул-Ахмадия уюштурган бир аземге катышкан. Каза болгон күнү да бир топ үйлөргө барып, ооругандардын ал-ахвалын сураган. Беш намазды «Мубаарак» мечитинде аткарган.

♦ 1962-жылдын май айында динге арнаган жашоосун баштаган. Саясат таану боюнча магистратура дипломун алган. Андан тышкары CCS деген экзаменди тапшырып, жакшы баа менен бүткөн. Адамдар ушул экзаменден өтүү кыйын деп айткандыгы үчүн тапшырдым деди. Анан кандайдыр бир дүйнөлүк ишке барбай, өз өмүрүн динге арнап салган. Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын II Халифасы, Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) аны Managing Editor of “Review of Religion” деген кызматка дайындаган. Ал киши диний таалимди өзүнүн тайакеси Мир Дауд Ахмад Сахибден алган. Анын биринчи аты Мырза Саъийд Ахмад болгон. Анын апасынын суранычы менен II Халифа ага Мырза Гулам Ахмад деген ат койгон. Мырза Саъийд Ахмад Сахиб анын биринчи энесинен төрөлгөн жана өспүрүм жаш курагында каза болгон. II Халифа мындай деп айткан: анын атасына жакпаган атты койбойбуз, ошон үчүн ага жогорудагы атты коюп, бирок аны Миян Ахмад деп чакырабыз деп айткан. Анткени, Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын каза болгондугуна аз эле убакыт өткөндүгү үчүн аны Гулам Ахмад деп чакыруу мен үчүн оор.

♦ Менин эжеме үйлөнгөн. Анын өз жашоосун динге арнаган эки уулу бар жана эки кызы бар. Ал киши Наазир Таалим жана Наазир Деван катары кызмат көрсөткөн. 1996-жылдан 2018-жылга чейин «Садр Мажлис Каарпардааз» болуп иштеген. Мырза Хуршийд Ахмад Сахиб каза болгондон кийин мен аны Наазир-э-Аълаа кылып дайындаган элем. IV Халифанын доорунда бир канча жолу Наазир-э-Аъъланын ордунда кызмат кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. «Мажлис Ансаруллахтын» Мажлис Аамиласында да кызмат кылган. 2004-жылдан 2009-жылга чейин «Садр Мажлис Ансаруллах» катары кызмат көрсөткөн. 1975-жылдан 1979-жылга чейин «Садр Мажлис Худдамул-Ахмадия» катары кызмат кылган. III Халифанын жеке кытчысы катары да иштеген. Рабвах шаарында Жалсалар болуп өткөн күндөрдө да Жалса Саланада көп жылдар бою кызмат көрсөткөн. «Наазим Мехнат» болуп кызмат кылган. Наазим Мехнат эмгектүү иштерди аткарууга аргасыз болот. Жалсада нан ж.б.ны жасап жаткан кат-сабатты тааныбаган Ахмадий эмес кишилерди башкаруу жеӊил болгон эмес болчу. «Табаррукаат» комитетинин төрагасы катары да кызмат кылган. «Рабаяттар журналы» комиетети жана «Халифат» комитетинин да төрагасы болгон. Бир топ комитеттерге төрагалык кылган. 1989-жылы ал киши жана Мырза Хуршийд Ахмад Сахиб Алла Таала жолунда түрмөгө да отуруп чыккан.

♦ 2010-жылдын 28-май күнү Пакистанга караштуу Лахор шаарында бир канча Ахмадийлер шейит болушканда, Наазир-э-Аълаа Лахорго жөнөткөн делегацияга Мырза Гулам Ахмад Сахиб Амир болгон. Эки жума Лахордо жашаган. Бийик даанышмандуулук жана эмгек менен өз ишин аткарган. Жаракат алгандарга да көзөмөлдук кылган жана көӊүл айтканы шейиттердин үй-бүлөлөрүнө да барган. Ошол эле күнү «Дааруз-Зикр» мечитинде жыйын уюштуруп, жаӊы Амирдин атын жарыялаган. Бул кырсыктуу окуя болгон күнү эле шам менен куптан намазын ошол мечитте окуткан, анткени адамдар кырсыктуу окуя болгондон кийин мечитти бошотуу керек деген ойго барышпасын деп ойлогон эле.

♦ Пенжаб облусунун губернатору Салман Таасир мырза жана облустук министр Жавид Майкал мырза жарадарларды көргөнү келишкенде, аларга чоӊ кайтартуулук менен биз өзүбүздү «азчылык» тайпа деп кабыл кылууга даяр эмеспиз деп айткан. Сиз барып, өз өкмөтүӊүздүн көӊүлүн Ахмадийлерге көрсөтүлүп жатккан кысымдарына бургузууга аракет кылыӊыз деп айтабыз. Ошентип, ал киши министрдин көӊүлүн анын милдетине бургузууга аракет кылган. Негизинен, биз Алла Таалага гана кайрылабыз, Ал гана оор ахвалды жөнгө салат, ИншаАллах.

♦ 2010-жылдын 29-30-июнь күндөрүндө маалымат жыйындарын да өткөргөн. Бир канча маектерди куруп, биз мусулманбыз, эч ким бизден мусулман деп аталуу укугун тартып ала албайт деп айчык-айкын жарыялаган.

♦ IV Халифа ал киши жөнүндө көргөн төмөнкүдөй бир түшүн да айтып берген: мен жасап жаткан жумуштарымды дагы көбөйтүү жана кеӊейтүүнү ойлоп отурганымда, түшүмдө Миян Ахмад Сахибди көрдүм. Ал киши аябай жакшы жана пайдалуу кеӊештерди берет. Курани Каримди урду тилине которуу кеӊешин да ошол эле киши мага берген эле. Түшүмдө ал киши мага дагы башка кеӊештерди да айткан деди.

♦ Бир жолу сар-санаа болгондо, IV Халифага дуба үчүн кат жазганда, ал киши мындай деп жооп жазган: Сүйүктүүү Ахмад! Алла Таала сиздин табиятыӊызда чынчылдык жана карапайымдыкты жараткан, мына ушул эки сапатка ээ болгон инсанды Алла Таала текке кетирбейт.

♦ Дагы бир катта мындай деп жазган: мен дубаларымда силерди эстеп турам, анткени силер дин кызмачыларысыӊар. Алла Таала силерге аманчылык берип, эч бир сар-санаа силерге жакын келбесин. Дүйнө батыраак Ахмадиятты кабыл кылышаарын катуу эӊсейм. Ошондуктан, МТА үчүн жакшы телеберүүлөрдү даярдап жөнөткүлө.

♦ Анын жубайы Аматул-Куддус айым мындай деп жазат: II Халифа ооруп калган күндөрдө күндө барып кызмат көрсөтчү. III Халифанын доорунда да көп кызмат кылган, III Халифа ага бекем ишенчү эле. 1974-жылы ал киши менен Мырза Хуршийд Ахмад Сахиб бир канча күн үйгө келбей, ал жерде жашап кызмат кылышкан. Айрыкча, 1973-1974-жылдары. Андан кийин Худдаамул-Ахмадиянын президенти болуп калгандан кийин эртеӊ менен үйдөн чыгып кетчү, анан кечки саат ондордо үйгө кайтып келчү. III Халифа аны бир жолу мындай сыйлаган: Худдаамул-Ахмадиянын Ахдын (антын) ага окуткан, ал жок дегенде, Хузур мен буйрук берем дегенде, ал антты окуган, анан Хузур дагы башка Худдаам сыяктуу аркасында ал сөздөрдү кайталган.

♦ Мырза Хуршийд Ахмад Сахиб каза болгондо, мен IV Халифанын «эки адам мага аябай берилген инсан, жок ар бир Халифага берилген инсан» деп айтканын окуп берген элем. Ал эки киши Мырза Хуршийд Ахмад Сахиб менен Мырза Гулам Ахмад Сахиб болчу. Бирок ал киши тартынып, экинчи адам мен деп айтуудан уялган. Ал (IV Халифа) жоголгон шакегин издөө ишин бул кишиге эле жүктөгөн эле.

♦ Анын жубайы мындай деп кошумчалайт: түнчүндөгү нафлдарды окуп жатканда, жалынып-жалбарып сураган дубалары менен үйүбүз жаӊырып кетчү. «Ал-Фаатиха» сүрөөсүнүн кээ бир аяттарын улам-улам кайталап окучу. Өз жубайынын көӊүлүн үйдөгүлөрдү сыйлоого бургузган жана үйдөгүлөрдүн көӊүлүн жубайын сыйлоого бургузган. Бирөө кичинекей белек бергенде да, ага ыраазычылык билдирчү же жооп катары белек берчү. Ага тапшырылган ишти аткарып-бүтүрмөйүнчө тынч отурчу эмес. Жаттоо жөндөмдүүлүгү күчтүү болгон, көптөгөн рабаяттарды жана окуяларды жатка билчү. Абур Рахмаан Анвар Сахиб түшүндө анын апасынын үйүндө эки роза гүлү өсүп-гүлдөп жатканын көргөнүн Абур Рахмаан Анвар Сахибдин жубайы айтып берген.

♦ Анын жубайына ата-энеси тарабынан мурас катары берилген мүлкүнөн а дегенде анын Васият чандасын төлөгөн. Кандай гана киреше түшпөсүн, а дегенде чанда берчү, анан өзүнө колдончу. Эки бир тууган ар дайым чогуу болушчу. Мырза Дауд Ахмад Сахибдин жубайы мындай деп айтчу: эки бир тууганды чогуу кетип бара жатаканын көргөнүмдө кандайдыр бир Жамаат иши болду окшойт деп ойлочу элем.

♦ Ал Азирети мындай деди: Жалсага келгенде, аябай алсыздыгын көрүп, аса-таяк колдонуӊуз деп кеӊеш бердим. Ал киши мен айтканым үчүн дароо аса-таяк колдоно баштаган.

♦ Бир топ жылдар мурун мен Наазирлер ар кайсы шаар-айылдык жамааттарга барып, менин саламымды жеткиришсин деп айтканымда, Синдх деген облус ал кишиге бөлүнүп берилген. Анын жубайы мындай деп жазат: Кайтып келгенде, чолоӊдоп басып калаганын көрүп, эмне болду деп сураганымда, бир үйдүн тепкичтеринен кулап түштүм. Бир жердеги суягы сынып кетиптир. Ооруган жокпу деп сураганымда, Учурлук Халифа жумуш тапшыргандыктан, ооруну сезгеним да жок деп айткан.

♦ IV Халифанын доорунда кутба көчүрүлгөн аудиокассеталары эӊ биринчи ага эле келчү. Бардыгын чогулутп, Хузурдун кутбасын уктурчу. Үй кызматчыларына уктуруу үчүн да шарттарды түзүп берген эле. Лахордогу мечиттерибизге чабуул жасалганда, ооруканаларда тез жардам машинасынын айдоочулары каалаган акчаны сурап жатышканда, ал киши бийик үнү менен силер кете бергиле, биз бардык шейиттерди Рабвах шаарына алып барабыз, Садр Анжуман Ахмадия муну өзү уюштурат деп жар салды. Ошентип, ызы-чуу басылган. Шейиттердин үйлөрүнө барып, алардын көӊүлүн көтөргөн жана иштей турган адамы жок калган үй-бүлөлөргө жардам берген.

♦ Тартип сактоочу органдары тарабынан анын жаны коркунуч астында калгандыгы тууралуу кабар Жамаатка берилгенде, ал киши Рабвах шаарына чакырылып алынган, бирок 28-майдагы окуядан кийинки жума намазын кайра Лахорго барып окуткан. Балалык чагындагы бир теӊтушу окууну уланта албай калгандыгы үчүн өмүр бою ага жардам берип турган. 1989-жылы Худдаамул-Ахмадиянын Ижтимаасы (чогулушу) болуп жатканда, милиция башчысы чакырытып, Ижтимааны токтоткула деп суранган, ал киши кагаз түрүндө уруксат бергенсиӊер, эми кайрадан кагаз түрүндө токтотуу буйругун бергиле, анда токтотобуз, антпесе оозеки буйруктун негизинде токтотпойбуз деп жооп берген. Натыйжада, алар ал кишини кармап алып кетип, түрмөгө салышкан.

♦ Анын кызы мындай деп жазат: атам Халифатка берилген инсан болчу жана бизге да ошондой насаат кылчу. Бир жолу Учурлук Халифа аны менен бир аз капа болгондо, жалынып-жалбаруу менен мен үчүн дуба кылгыла деп суранган. IV Халифа Лондонго хижрат кылган түнү апасы катуу ооруп калып, бүгүнкү түн анын жащоосунун акыркы түнү окшойт деп ойлогонбуз, бирок ошондо да ал киши Жамаат иштери менен алектенип турган.

♦ Ал Азирети мындай деди: менин Халифалык доорумда дагы ал киши мага аябай баш ийүүчү жана берилген инсан болчу. Халифалар тарабынан ага келген бардык каттарды чогултуп, анын көчүрмөлөрүн жасатып, бул биздин өмүр байлыгыбыз деп уулуна тапшырган.

♦ III Халифанын уулу Мырза Анас Сахиб мындай деп жазат: мен түшүмдө анын Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жана Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) менен жолугушуп жатканын көрдүм. Миян Ахмад менен илгертеден бери алака-байланышым бар. Биз теӊтуш болгонбуз. Качан биз бири-бирибизге капалашып кеткенибизде, ал ар дайым биринчи болуп, мени кечирип койчу. Анын намазды аткаруу ахвалы жөнүндө да жазаган: ал ушунчалык берилип жана жалынып-жалбарып намаз аткарчу, мен да ошондой намаз окусам, кана деп айтамын. Намазды мечитке барып окучу. Өзүнүн бардык жөндөмдөрүн Алла Тааланын жолуна жумшоо бактысына ээ болгон.

♦ Анын кеӊсе кызматчыларынын бири Кадияндын тургуну Мухаммад Акрам мырза мындай деп жазат: Мырза Хуршийд Ахмад Сахиб каза болгондо, ал кишиге көӊүл айтканымда, мага өтө мууӊдуулук менен сиз Кадиянда турасыз, мен үчүн өзгөчө дуба кылууӊузду суранам деди.

Кадиянга барганда, Дербиштердин үйлөрүнө барып, жесирлерине жана жетимдерге жардам берчү. Кадияндагы ыйык мекемелерди жакшы таанычу. Акрам мырза мындай деп кошумчалайт: Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) турган жерине туруп, нафл намазын окучу. Худдаамул-Ахмадияын президенти болгон кезде, Синдх облусуна иш сапары менен барганда, машиналар өтө албай калган жолдордон жөө жүрүп, токойлордон өтүп Худдаамга жетип барган. Бул нерсе аларга тереӊ таасир тийгизген.

Исфандяр Мунийб мырза мындай деп жазат: Ахмадия тарыхы үчүн абдан пайдалуу инсан болчу. Аябай күчтүү жана баалуу кеӊештер жана сунуштарды айтчу. Тарыхтын көп кырдуу жактарын жакшы түшүнчү.

Мырза Мухаммаддин Нааз Сахиб мындай деди: ал киши Наазир-э-Аълаа болуп дайындалганда, анын бөлмөсүнө барсам, анын ахвалы көрүүгө ылайык болчу. Көздөрүнө жаш алып, дуба суроо менен алектенген эле.

Заахид Курайший мырза мындай деп жазат: ал киши Худдаамул-Ахмадиянын президенти болгон күндөрүндө жумуш менен анын алдына бардым. Иш бүткөн соӊ менден түшкү тамакты ичип алдыӊызбы деп сурады, мен азыр Дааруз-Зыяфатка барып, ичип алам дедим. Жок, кетпей туруӊуз деди. Анан велосипедин чыгарып, аба ырайы катуу ысык экендигине карабай, мени мингизип, өзү велосипед тээп алып, үйүнө алып барып, тамак ичирип, анан узатты. Худдаамул-Ахмадиянын президенти болгон кезде, ар бир Хаадим менен жеке алакасы бар болчу.

♦ Бир топ адамдар биз көптөгөн иштөө методикаларын жана жол-жоболорун андан үйрөнгөнбүз деп жазышты. Ал киши аябай жумушка тереӊ батып иштөө адатына ээ болчу.

Доктор Султан Мубашшир мырза мындай деп жазат: 1984-жылы бизге каршы чыккан мыйзамдан кийин шарият сотуна кайрылганыбызда, бардык уюштуруу иштери ага жүктөлгөн болчу. Китептерди сотко алып кетиши керек болчу, аларды даярдоодо ал өзү да жөнөкөй кызматчыларга көмөк көрсөтчү. Жетимдер жана жесирлерге жардам берчү. Сахар оорусу менен ооруган бир аял көрүнгөнү мага келгенде, мен ага сиздин анализдериӊиз жакшы чыкты деп айтканымда, ал катуу өкүрүп ыйлап жиберди. Эмне болду деп сураганымда, дарыланууга мага көмөк көрсөткөн инсан дүйнөдөн өттү деп жооп берди.

Лондон мечитинин имамы Атаул-Мужийб Раашид мырза мындай деп жазат: Хузур мени Худдаамул-Ахмадияга президент кылып дайындаганда, Мырза Гулам Ахмад Сахиб Наиб Садр (президенттин орунбасары) болчу. Билими жана тажрыйбасы менден көбүрөөк экендигине карабай, эч бир баскычта менден бийик тураарын сездирген да эмес.

Малайзиядан Шахид Аббаас мырза мындай деп жазат: мен жаӊы Ахмадий болгонумда, Жамаат кеӊселеринде аны келе жатканын көрүп, салам берип, мен шииттерден Ахмадий мусулман болдум, мен үчүн дуба кылууӊузду суранам дедим. Ал киши дуба үчүн мен өзүм да кайрыла турган бир улуу инсан жөнүндө сизге айтып берейинби, ал Учурлук Халифа деп айтты.

♦ Араб тилиндеги бөлүмдө иштеп жаткан миссионерибиз Мир Анжум Парвиз мырза Чаудхрий Мухаммад Али Сахиб айтып берген төмөнкүдөй окуяны жазат: бир күнү күн катуу ысык болгондо Миян Ахмад велосипед менен кимдир бирөөнү издеп жүргөн. Эмне болду деп сураганымда, бир адамга туура эмес дары берип салган элем, ал ичип алабасын деп издеп жатам деди.

♦ Кеӊседе иштеген дагы бир адам мындай деп жазат: өтө мээримдүүлүк жана жумшак көӊүлдүүлүк менен жумуш жасатчу. Аябай иш билгич-уюштургуч адам болчу, дароо туш келген маселенин түбүнө кирип кетчү. Ишти бат эле жасачу жана жасатуу адатына ээ болчу.

♦ Бир жолу кээ бир балдар келип, Борборду коргоочу кызматчылары бизди сабашкан деген даттануу менен кайрылган. Аларга силер а дегенде бейтапканага барып, мазь сүйкөткүп келгиле. Кеӊсе ачылганда, күнөөсү бар адамдарга каршы чара көрөм деп айтты.

Икбал Башийр мырза мындай деп жазат: ал киши Наазир Деваан болуп дайындалган кезде, ишчилер аз болуп, жумуш көбүрөөк болчу. Ал киши өзү да биз менен бирге ар кандай иштерди аткарчу.

Рыяз Махмуд Бажва мырза мындай деп жазат: бир жолу кеӊседе отуруп сүйлөшүп жатканыбызда, анын үнү бир аз көтөрүлүп кетти. Кечинде үйүбүзгө келип, сизден кечирим сураганы келдим деди. Дагы бир жардамчы казматкер да ушул сыяктуу окуяны жазган. Менден кеӊседе бир аз ката кетти, мага эскерттүү берди. Мен үйгө келип, Истигфаар кыла баштадым. Бир аздан кийин менин үйүмө келип, менден кечирим сурады.

Мубашшир Аяз мырза мындай деп жазат: мен «Хаалид» аттуу журналга башкы редактор элем. Махмуд Ахмад Бангалий мырза менен маек курганбыз, ал төмөнкүдөй окуяны айтып берди: Миян Ахмад Худдаамул-Ахмадиянын президенти болгон кезде бир аземге бир аз акча (бир аз тыйын) ашыкча сарпталып кетти, ал киши ошол квитанцияны кабыл кылган эмес. Мен өзүм барып, бир аз тыйын эле сарпталган го деп айттым. Ал киши кеп тыйында эмес, мен силерге Жамаат акчасын этияттык менен сарптагыла деген сабак бермекчимин деди. Бангалий Сахиб анын ошол катуу жоопкерчиликке тартуусу өмүр бою мага жардам берди деди.

Халифаларга берилген инсан болчу. «Ифта» комитетинде талкуу болуп жаткан эле. Жылкылар зекети жөнүндө талкуу болуп жаткан болчу. Президент аны төрага кылды. Ал киши бардык адамдардын ой-пикирлерин угуп, Учурлук Халифа чечим чыгаргандан кийин биз эмнени ойлонуп жазабыз деп, алардын баарын четке кагып салды.

♦ Көптөгөн мамилелерде Жамааттын кызматы үчүн ал жиберилген жеринде жол азап-тозокторуна караган эмес. Эки тайпа ортосундагы жаӊжалды элдештирүү үчүн бир жерге барган. Машина өтпөй калган жерден трактор менен мечитке барып, калыстык кылган жана дубаларды да сураган. Көптөгөн жылдардан бери уланып келе жаткан көйгөй чечилип калган.

♦ Бир топ окшош окуялар бар, аларды баяндоого убакыт жок. Кызматчыларды сүйчү жана алардын майда-барат муктаждыктарын кандырчу. Эгер бирөө стипендия үчүн берген арызы кайсы бир себептен Учурлук Халифа тарабынан кабыл кылынбаса, анда кабыл кылынбаган кабарды өз атыӊардан бергиле, Учурлук Халифа тарабынан бир гана кабыл кылынган кушкабарды бергиле деп айтчу.

Салийм мырза мындай деп жазат: ал киши III Халифанын жеке катчысы болгон күндөрдө келүүчү почта көп болгондуктан аны бардык адамдарга бөлүп берчү, анан көбүрөөк ишти өзүнө да алчу. Жазуу иштери боюнча да жакшы адис болчу. Финансылык курмандык жөнүндө жазылган бир көлөмдүү китеп ага окууга жиберилгенде, төрт-беш күндө окуп кайтарса керек деп ойлогонбуз, бирок эртеси күнү аны окуп, өз ой-пикирин жазып, кайтарып жиберген. Түнү бою окуп чыккан экен. Бул ар бир кызматкер үчүн кандайдыр бир үлгү.

Самиъулла Заахид мырза мындай деп жазат: ал киши «Наазир Ислаху Иршаад Мукамий» болуп иштеген күндөрүндө миссионерлердин Борбор (Рабвах шаарын)да жашаган ар бир үй-бүлөсүнө барып, силердин күйөөлөрүӊөр дин жолунда кызмат кылуу менен алектенип жатышат, силер сар-санаа болбой, ар бир көйгөйүӊөрдү мага айта бергиле деген.

Халилур-Рахмаан мырза мындай деп жазат: мен Чаудхрий Мухаммад Али Сахибдин китебин терип, аны көрсөткөнү анын алдына барганымда, ал киши менден кандайдыр бир кыйынчылык барбы деп сураганда, апамдын операциясы бар, мага жети миӊ рупий карызга берип туруӊуз деп сурадым, аны айлык-маянамдан алып каласыз деп айттым. Ал киши бул сиздин ишиӊиз эмес деп, өзүнүн жеке пулунан берди.

Садр Анжуман Ахмадияга Наазир-э-Аълаа кылып дайындалганда, Наазирлердин алдында айткан эӊ биринчи сөзү: силер мага колдоо көрсөтөсүӊөр деген сөздү айтуунун кажети деле жок, албетте мага колдоо көрсөтөсүӊөр. Бирок мен силердин дубаларыӊарга муктажмын деп айтты.

Наазир Деваандан Наазир-э-Аълаа кылып дайындалганда, жаӊы кызматына баруудан мурун өзүнүн биринчи кеӊсесиндеги бардык кызматкерлеринин алдына барып, силерден уруксат алганы келдим деди. Бизди да өзүӊүз менен бирге алып кетиӊиз деп айтканыбызда, мен өзүм Учурлук Халифанын буйругу менен кетип бара жаткан болсом, силерди кантип алып бара алам деп айтты.

♦ Алла Таала анын даражаларын жогорулатып, анын балдарына да ал аткарган жакшылыктарды аткарууга күч-кубат берсин. Өз өмүрлөрүн динге арнаган бардык кызматкерлер жана Жамааттын жооптуу-кызматчылары ал көрсөткөн туруктуулуктай туруктуулукту көрсөтүүлөрү керек. Алла Таала ага окшош такыба жана берилген инсандарды Жамаатыбызга тартуулай берсин.

♦ Бүгүн мен окута турган экинчи жаназа урматтуу Депану Фурухт айымдыкы. Ал киши Ахмадий болгондон тартып, намазды өз убагында аткарчу. Куранды да калтырбай окуп келген. 2004-жылы Ислам динин кабыл кылган эле. Ал киши мусулмандардын учурдагы ахвалында кандайдыр бир кемчилик бар экенин сезген болчу, ошон үчүн Ислам-Ахмадияны кабыл кылган. Ал Ахмадий болгон кезде өлүмгө жакындап калган болчу. Анан жакшы боло баштаганда, дарыгерлер ал киши Алла Таала менен жолугушкан соӊ анын жүрөгү жаӊыдан дем ала баштады деп айтышкан. Абдан берилген инсан болчу. Амир Сахиб мындай деп жазат: аны көргөнү анын үйүнө барганымда, тамак жасап коюптур болчу, анан ал кишиге: «Убара болбой эле койбойт белеӊиз», – деп айттым. Ал киши сиз Учурлук Халифанын өкүлү катары биринчи жолу келдиӊиз деп айтты. Алла Таала анын даражаларын жогорулатсын жана анын тилектерин да орундатсын, анын үй-бүлө мүчөлөрү да Ислам динин кабыл алсын.  Аамийн.

Share via