Алла Тааланын коргоосун издөө жолдору • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Алла Тааланын коргоосун издөө жолдору

2018-жылдын 2-февралында Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы, Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосун) Англиянын борбору Лондон шаарында жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинде жума кутбасын окуган. Ал кутбанын кыскача маани-мазмуну төмөнкүдөй:

 Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин, Ал Азирети мындай деди:

Хамийдун Мажийдун: мактоолор Ээси, Улуу даражалуу. Ушул Китептин түшүрүлүшү Эӊ Жеӊүүчү жана Эӊ Билүүчү Алла тарабынан. Ал күнөөлөрдү кечирүүчү жана тобону кабыл кылуучу, ошондой эле тутууда катуу жана молчулук менен айкөлдүк Ээси. Андан башка эч кандай кудай жок. Анын ӨЁзүнө гана кайтыш бар. (40:2-4)

Алла! Андан башка эч кандай кудай жок. Ал дайыма Тирүү жана Түбөлүктүү. Анын көзү ирмелбейт жана Аны уйку баспайт. Асмандар жана жердеги бардык нерселер Аныкы. Анын уруксатысыз Анын алдында ким шапаат кыла алат? Ал алардын алдындагыларды да, артындагыларды да билет. Алар Анын билиминен, Өзү каалагандан өзгөнү камтый алышпайт. Анын падышачылыгы асмандар жана жерде жайылган. Ал экөөсүн коргоо Аны чарчатпайт. Ал эң бийик шаңдуу жана эң улук. (2:256)

♦ Бул аяттарда Алла Тааланын кээ бир сапаттары жөнүндө сөз кылынып, Анын салтанаттуулугу жана бийиктиги баян кылынган. Хадисте Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айткандыгы кезигет: «Кимде-ким эртеӊ менен «Ал-Му’мин» сүрөөсүн «Хаа-Мийм» деген сөздөн тартып, «илайхил-масийр» сөздөрүнө чейин окуса, ошондой эле Аят-ул-Курсийни да окуса, ал экөөсү аркылуу кечке чейин Алла Таала аны коргойт жана кимде-ким ал экөөсүн кечкисинде окуса, эртеӊ мененкиге чейин Алла Таала аны коргойт».

♦ «Хаа Мийм» – бул «Хамийд» жана «Мажийд» деген маанини билдирет. «Хамийд» чыныгы мактоо-алкоого ылайык жана ага гана жараштуу деген маанини билдирет. «Хамд» (мактоо-алкоо) туурасында Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат: айкын болсун, кимдир бирөөнүн кайсы бир жакшы иш-аракетине айтылуучу мактоо «хамд» деп аталат. Чындыгында, Өзүнүн ыктыяры жана каалоосу менен бирөөгө жакшылык кылуучу Зат үчүн гана колдонулат.

♦ Ал Азирети мындай деди: эгер башка бирөө үчүн «хамд» сөзү колдонулса да, ал дагы аны ошол мактоого татыктуу кылган Алла Таалага гана таандык. «Хамд» сөзүн дагы чечмелеп жатып, мындай деп айтат: кайсы бир бийлик ээсинин кылган жакшы иштерине айтыла турган мактоо «хамд» деп аталат. Жетик «хамд» (мактоо-алкоо) Эӊ Улуу Аллага гана таандык. Ал гана сый-урмат тартуулоочу. Ага мактоо-алкоо айтуу менен алектенген адамдар гана мактоо-алкоого татыктуу.

♦ Дагы мындай деп кошумчалайт: мында дагы бир ишаарат бар: эй, Менин пенделерим! Менин сапаттарым аркылуу Мени тааныгыла жана Менин баалуулуктарым аркылуу Мени тааныгыла. Мен кимчиликтүүлөр сыяктуу эмесмин, тескерисинче Мен алардан өйдө турам. Силер Менде жок болгон бир дагы сапатты асмандар менен жерде таппайсыӊар. Силер аларды санамакчы болсоӊор да, санай албайсыӊар.

♦ Канчалык ой жүгүртсөӊөр да, ошондой эле өз иштери менен тереӊ алектенип издөөчүлөр сыяктуу ушул сапаттар жөнүндө канча изилдеп санасаӊар дагы, аларды санай албайсыӊар. Жакшылап ойлонуп көргүлө! Менде кезикпеген бир дагы «хамдды» (мактоо-алкоону) байкап жатасыӊарбы? Менден жана Менин тактыман алыс болгон бир дагы жетиктикти издеп таба аласыӊарбы? Эгер ошондой ойлогон болсоӊор, анда силлер Мени тааныган жоксуӊар жана сокурлардансыӊар. Алла Таала силерге ден-соолук берсин. Келгиле! Кудуреттер Ээси болгон Кудайдын сыпаттарын издей баштагыла, ошондой эле кудум даанышмандар жана ой жүгүртүүчүлөр сыяктуу аларга (ошол сапаттарга) кылдат көӊүл бургула жана тереӊ ой жүгүрткүлө. Жакшылап изилденгиле жана жетиктиктин ар бир жагына тереӊ көз салгыла. Кудум ач көз адам чоӊ кызыгуу менен өзүнүн тилектерин издеп умтулгандай, бул ааламдын көрүнгөн жана көрүнбөгөн жеринен Аны издегиле.

♦ Дагы мындай деди: качан Анын туу чокусуна жетип жана Анын жыты менен жыттана баштасаӊар, анда силер Аны таптыӊар дейбергиле. Бул – хидаятты изилденүүчүлөргө гана ачыла турган тереӊ сыр. Демек, бул силердин Кудайыӊар жана Жетекчиӊер, Ал Өзү Кемел жана бардык кемел сапаттар менен бардык мактоо-алкоолордун Жыйындысы. Мактоо-алкоого татыктуу бардык нерселер Анын Өзүндө топтолгон. Кыскасы, Алла Тааланын «хамд» (мактоо-алкоо) Ээси экенин билүүбүз керек.

♦ Андан кийин Алла Таала – Мажийд. Алла Таалага таандык анын мааниси бул: Ал мактоо-алкоого эӊ татыктуу жана бийик салтанат Ээси. Анын кут-берекесинин эч бир чеги жок. Демек, ушул аятты окуп жатканыӊарда, Анын бийиктик Ээси экенин унутпагыла.

♦ Анан Ал – Азиз. Аны жеӊилүүгө дуушар кылуу мүмкүн эмес. Бардык сый-урматтар Ага гана таандык. Анын канчалык баалуу экенин бирөө да санай албайт.

♦ Анан Ал – Алийм (Билүүчү). Болуп өткөндөрдү да, боло тургандарды да билет. Ал Курани Каримди түшүргөн Кудай. Ар бир доордогу муктаждыктар жөнүндөгү илим-билимди ага (Куранга) киргизип койгон. Анан Ал – Гаафируз-Замби (күнөөнү Кечирүүчү). Күнөөлөрүӊөр үчүн Андан кечирим сурооӊор керек. Истигфаар кылуу керек. Намазды аткаруу керек, анткени намаз гана руханий илдеттерди жогото алат. Кыскасы, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мына ушул аяттарды окууга насаат кылган. Куру окуп коюу жетиштүү эмес, ага амал кылып, намазды кантип коргоо керектигине көӊүл бурушубуз керек, ошондо намаз бизди коргойт.

♦ Анан мындай деди: адам кыйынчылыктарга кабылат же бүгүнкү күндө Ахмадий мусулмандар кыйынчылыктарга кабылып жатышат. Мындай жагдайда дубаларга көӊүл буруу керек. Арабдар «Истигфаар» сөзүнүн маанисин жакшы түшүнүшөт, бирок башка адамдар тили менен эле «Астагфируллах» (мен кечирим сурайм) деп айтуу гана жетиштүү болот деп ойлошот. Алар «Истигфаардын» маани-мазмунун түшүнүшпөйт. Адам чын жүрөктөн Алла Тааладан кечирим сурап турушу керек. Ар убакытта Алла Тааладан жардам сурап турушу керек. Куру сөздөрдү кайталап туруу гана жардам бербейт. Алла Таала мени кечирсин жана келечекте күнөөлөрдөн сактасын деп эне тилиӊерде да Истигфаар кылсаӊар да болот. Эгерде Истигфаар кылуу менен жүрөгүӊөрдө Алла Тааладан коркуу сезими жана жалынып-жалбаруу маанайы пайда болбосо, анда анын такыр пайдасы жок. Чын жүрөктөн чыккан сөздөр гана жүрөккө таасир тийгизет, ошон үчүн эне тилиӊерде Алла Тааладан көп-көп дуба кылууӊар керек, ал жүрөккө таасир кылат. Эгер адамдын жүрөктөгү толкундануулары менен тили чогуу иш алып барса, анда бул жакшы. Чын жүрөктөн чыккан дубалар гана чыныгы дуба болуп эсептелинет. Балээ-кырсык туш келе электе чын жүрөктөн чыккан дуба менен балээ-кырсыктан сактанууга болот, бирок балээ-кырсык башыӊарга түшкөн соӊ Истигфаар кылууӊар мактоого ылайык иш эмес. Балээ-кырсык түшө электе көп-көп Истигфаар кылуу керек. Байъат берген соӊ Жамаатыбыз мүчөлөрүндө кындайдыр бир өзгөчө адеп-ахлактар пайда болушу керек, антпесе байъат берүүнүн пайдасы жок. Байъат бергенден кийин башкалар, туугандар жана кошуналар ал киши өзгөрдү деп айта турчудай үлгүсүн көрсөтүүсү керек.

♦ Жакшы амалдарды аткарсаӊар, башкалар силерден албетте айбаттанышат. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) канчалык айбаттуу болгон, бир жолу каапырлар ал киши бизге каршы тетири дубаны кылат деп шектенип, бардыгы ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдына келип, бизге каршы тетири дубаны сурабагын деп өтүнүшкөн. Чынчыл инсан кандайдыр бир күчтүү айбатка ээ болот. Демек, Истигфаар кылууга көӊүл буруу керек жана амалдарыбызды оӊдообуз шарт.

♦ Кыскача дубаны айтып койгула деп суранышат, кыска дубалар да парыздарыбызды аткарганыбызда гана пайда берет. Намазды калтырбай аткарганыбызда гана зикир чалуулар да жардам берет.

♦ Анан Алла Тааланын «Каабилут-Тауб» (тобо кабыл кылуучу) деген сапаты бар. Алла Тааланы көздөй келген адамдын тобосун Алла Таала кабыл кылат. Туура, Алла Таала тобо келтирүүчүлөрдү жакшы көрөт жана тазаланууну каалагандарды сүйөт, бирок жогорудагы аяттан «Алла Таала тобо келтирүүчүлөрдү Өзүнүн сүйүктүүсү кылып алат» деген маани гана чыкпастан, чыныгы тобо келтирүү менен чыныгы тазалык жана аруулук болуу деген шарт да бар. Ар түрдүү булганычтардан жана ыпластыктардан оолак болуу зарыл, антпесе куру тобо келтирүү жана тобо сөзүн гана кайталап туруу такыр эле пайда келтирбейт. Алла Таала тобо келтиргенден кийин жаӊы жашоого ээ болгон адамдын жашоосунан гана ыраазы болот. Адамдын тобо келтирген убагы Алла Таала жана периштелер үчүн кубаныч убагы болот, анткени Алла Таала бир дагы жандын жок болушун каалабайт. Ал адамдан ката кетсе да, кайрадан тобо келтирип, жаӊы жашоого ээ болушун каалайт. Тобо келтирүү күнү өтө куттуу күн, анткени адам жаӊы жашоого ээ болот. Бул жактан алганда, силердин байъат берген күнүӊөр да тобо күнү деп аталат. Чын жүрөктөн тобо келтирген адамдын мурунку күнөөлөрү кечирилет. Ошентсе да, мен кайрадан чыныгы тазалык жана аруулукту көздөй кадам шилтөө керек деп айтамын. Күнөөлөрдүн кечирилиши – бул кандайдыр бир жөнөкөй нерсе эмес, тескерисинче чоӊ нерсе. Кечирилүүнүн пайдасы жок деп ойлобогула, бул өтө пайдалуу нерсе, чын жүрөктөн тобо келтиргендер гана муну сезе алышат. Чыныгы тобо адамды коргойт. Эгерде андай болбосо, анда Алла Таала «Шадийдул-Икааб» (катуу жаза берүүчү), адам Алла Тааланын буйруктарына көӊүл кош болгондо, анда Ал жаза да берет.

♦ Анан Ал «Зит-Таул» (өтө көп тартуулоочу), Анын казыналары чексиз. Алла Таала эгер Менин ушул сапаттарымды эстеп турсаӊар, анда силер ар дайым кут-береке табасыӊар, Менден башка бирөө да ошондой кудуреттерге ээ эмес. Өлгөндөн кийин да Анын алдына барабыз деген сезим бизде болсо, анда жакшы иштерди жасоого жана Анын буйруктарына амал кылууга көӊүл буруп турабыз.

♦ Бир хадис бар, Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху)дан рабаят этилет: «Ар бир нерсенин чокусу болот, Курани Каримдин чокусу болсо, «Ал-Бакара» сүрөөсү. Анда Курандын бардык аяттарынын башчысы эсептелген «Аят ул-Курсий» деген аят бар». Убада кылынган Масийх жана Махдий Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) мындай деп айтат: билип койгула, Курани Карим Алла Тааланын эки атын сунуштаган: Ал-Хаййу жана Ал-Каййуму. Ал-Хаййу – Өзү Тирүү жана башкаларга жашоо тартуулоочу. Ал-Каййум – Өзү Туруктуу жана башкалардын туруктуулугуна түпкү себепчи. Ар бир нерсенин көрүнөө жана көмүскө туруктуулугу жана жашоосу ошол эки сапаттын аркасынан гана жашайт. Ошондуктан, «Ал-Хаййу» сөзү Ага ибадат кылынаарын талап кылат. Мисалы, «Ал-Фаатиха» сүрөөсүндө «Иййаака наъбуду» (Сага гана ибадат кылабыз) деп кезикендей. «Ал-Каййуму» сөзү Андан тирөөч талап кылынаарын каалайт. Ал «Иййаака настаъийн» (Сенден гана жардам сурайбыз) деген сөздөр менен чагылдырылган. Руханий жактан тирүү калууну кааласаӊар, анда «Ал-Хаййу» деген сапаттан пайдаланууӊар керек.

♦ «Ал-Хаййу» сөзү ибадатты талап кылат. Ал жараткан, анан жараткан соӊ кароосуз таштап койгон эмес. Мисалы, куруучу кайсы бир имаратты жаратат жана анын өлүшү менен имаратка кандайдыр бир зыяны деле болбойт. Бирок адам баласы кандай гана жагдай болбосун, Алла Тааланын жарадамына муктаж болуп турат. Ошондуктан, Алла Тааладан күч-кубатты сурап турушу керек. Ушул эле нерсе Истигфаар деп аталат.

♦ Анан шапааттын маани-мазмунун түшүндүрүп, мындай деп айтат: башкалар үчүн дуба кыла турган ар бир адам да кандайдыр бир шапаат кылат. Курани Карим боюнча, шапааттын мааниси бул: адам баласы бир тууганы үчүн ал өз максатына жетишсин же кандайдыр бир балээ-кырсыктан сактансын деп дуба кылышы керек. Демек, Курани Карим мындай деп буюрган: Алла Тааланын алдына көбүрөөк жыгылган инсан өзүнүн алсыз бир тууганы үчүн ага да ошондой мартаба насип этсин деп дуба кылсын. Шапааттын акыйкаты ушул гана. Демек, биз туугандарыбыз үчүн дуба кылабыз: Алла Таала аларга күч-кубат берсин жана алардын балээ-кырсыгын алып салсын. Бул дагы бир түрдүү боорукерликке кирет. Бардык адамдар кудум бир дене мүчөлөрү сыяктуу, ошон үчүн Алла Таала бизге кайра-кайра муну үйрөткөн: шапаатты кабыл кылуу Алла Тааланын иши экенине карабай, силер бир туугандарыӊар үчүн шапаат кылып тургула, тагыраак айтканда, алар үчүн дуба сурап тургула. Шапааттан, тактап айтканда, боорукерлик дубасынан артта калбагыла, бул бири-бириӊерге милдетиӊер болуп саналат.

♦ Негизинен, «шапаат» сөзү «шуфаъ» сөзүнөн алынган, «шуфаъ» деп, «так» сөзүнө антоним болгон «жуп» сөзүнө айтылат. Демек, адам баласы эӊ бийик даражадагы боорукерлик менен башка адамга «жуп» болуп, ага сиӊип кетип, башка адам үчүн да кудум өзү үчүн сурай турган аманчылыкты сураганда гана «шафийъ» (шапаатчы) деп атала алат. Билип койгула, адамда шапаат ыкмасында боорукерлик пайда болмоюнча адамдын дини толук боло албайт.

♦ Диндин эки гана бөлүгү бар: бири – Алла Тааланы сүйүү; экинчиси – адамдарды сүйүү. Адамдарды ушунчалык катуу сүйүү, алардын башына түшкөн балээ-кырсыгын өзүнүн балээ-кырсыгы деп ойлонуу жана алар үчүн дуба кылуу. Башкача сөздөр менен айтканда, муну шапаат дешет.

♦ Бул алтын насаатты унутпоо керек, адам баласы менен боорукерлик алакаларды күчөтүү керек. Ар бир адамга боорукер болушуӊар керек. Бирок, өкүнүчтүүсү, бүгүнкү күндө мусулмандар бири-биринин канына суусаган ахвалда. Билип койгула, чыныгы шапаат укугун Алла Таала Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га берген. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жашоосунда мына ошондой көрүнүштөргө күбө болгон экенбиз.

♦ Дүйнөдө шапааттын үлгүсүн көрсөткөн бирөө гана акыретте шапаатчы деп далилдениши мүмкүн. Демек, бул өлчөм жагынан Муса (алайхиссалаам)ды байкаганыбызда, ал да шапаатчы деп далилденет, анткени ал бир канча жолу түшүп келе жаткан азапты артка кайтарган. Буга Тоорат күбө. Кудум ошондой Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га көз салганыбызда, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын шапаатчы экенин ачык-айкын көрөбүз. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын шапаатынын эле таасиринде карапайым сахаабалар тактыларга отурушкан. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын шапаатынын таасиринде эле бут парастык жана ширктин ичинде чоӊоюшкан адамдар дүйнөдө теӊдеши жок Муваахид болуп кетишкен. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын шапаатынын таасиринде эле аны ээрчигендер бүгүнкү күнгө чейин Алла Тааладан чыныгы вахий-аянды алышат. Алла Таала алар менен сүйлөшөт. Бирок Марям уулу Иса (алайхиссалаам)дан мына ошондой фактыларды табууга болобу? Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын шапаатына мындан да аша чаап жана күчтүү далил болушу мүмкүнбү: ал (саллаллааху алайхи ва саллам) аркылуу биз Алла Тааладан алып жаткан нерселерди душмандарыбыз алышы мүмкүн эмес. Эгерде каршылаштарыбыз бул сынак жакка келишсе, анда саналуу күндөрдө эле чечим чыгышы мүмкүн.

♦ Аят-ул-Курсийнин аягында эки сапат айтылган. «Ал-Алиййу» – эӊ бийик салтанат Ээси. Ага башка эч ким жете албайт. Эч ким Анын курчоосунан тышта эмес. Аталган аяттын акыретке тиешелүү бөлүгүн чечмелеп жатып, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

♦ Алла Тааланын Курсийсине бардык жер менен асмандар камтылган жана Ал алардын баарын көтөргөн экен. Аларды көтөрүү менен Ал чарчабайт. Ал өтө эле бийик турат, эч бир акыл Анын сырларына жете албайт. Ал өтө улук, Анын улуктугунун алдында бардык нерселер төмөн. Бул Курсий жөнүндө кылынган сөз. Бул кандайдыр бир өтмө жана каймана мааниде гана. Ал айтмакчы болгон нерсе, жер менен асмандардын баары Алла Тааланын карамагында. Анын мартабасы алардын баарынан бийик турат. Анын бийиктигинин чеги жок.

♦ Демек, бул – ар бир нерсени курчоосуна алган Улук Алла. Мына ушул нерсени түшүнүп, ал аяттарды түшүнүп туруп окуганда гана адам Алла Тааланын кучагына жана коргоосуна кириши мүмкүн. Анан Анын коргоосуна кирүү үчүн Алла Тааланын жана пенделердин акы-укуктарын да аткарат жана аткаруусу керек. Ошондо гана Алла Таала да коргоп турат. Мына ушул нерселерди эсине алып туруп, жогорудагы аяттарды окуу керек жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) көрсөтмө берип, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) аны чечмелегендей, окуу гана жетиштүү эмес, ага кылдат ой жүгүртүү да керек. Эгер ошондой кылынса, анда Алла Тааланын берешендиги менен адам Анын коргоосунда болот. Алла Таала ага ылайык жашоо өткөрүү үчүн бизге күч-кубат берсин.

♦ Намаздан кийин Абида Бегам айымдын кайып жаназасын окутам. Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын III Халифасы Азирети Мырза Насир Ахмад (рахимахуллах) аны турмушка берген. Навабшах районунун Лажнанын президенти катары кызмат кылган. Даават кылууга аябай шыктуу болчу. Абдан жөнөкөй инсан болгон. Сахар оорусу менен ооруп калгандыгы үчүн даарыгерлер анын бутун кесүү керек деп сунушташканда, Учурлук Халифадан уруксат сурамайынча кестирбейм деп айткан эле. Ал байъат бергенден кийин ага туруктуу болгон жана аялзаты экенине карабай, анын апасы каза болгондо, анын Ахмадий эмес бир тууган ага-инилери апасын күч менен башка мусулмандардын мүрзөсүнө көмүп салышкан, ал киши кайрат көрсөтүп, апасы Мусия болгондугу үчүн ага-инилеринин каршылыгына карабай, сөөгүн чыгартып, Рабвах шаарына алып барып көмгөн.

♦ Ал киши жөнүндө Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын IV Халифасы Азирети Мырза Насир Ахмад (рахимахуллах) анын уулуна мындай деген: Ахмадия үчүн ал киши курч кылыч болчу. 1984-жылы Ахмадия Мусулман Жамаатындагылар өз үйлөрүнүн маӊдайына келиме жазышсын деген көрсөтмө берилгенде, ал чатырынын үстүнө чыгып, келиме жаздырган эле. Ажалы жакындап калганда, деми кысыла баштаганда, уулуна бир аз акча берип, Вакф-э-Жадид жана Тахрик-э-Жадид деген чандаларымды төлөп кел деди. Ахмадийлердин үйлөрүндө спутник антеналарды койдуруу үчүн атайын бир фонд ачкан эле, ошентип ай сайын ар бир үйдө антенна коюлчу. Анын күйөө баласы мындай деп жазат: абдан баатыр аял болчу. Калтырбай Куран окучу жана кутбаларды укчу. Англис тилин мыкты билчү, бирок жанталашып, синд тилин да үйрөнүп алган. Алла Таала аны кечирсин жана анын балдарына да ал киши жасаган жакшылыктарын улантуу күч-кубатын берсин. Аамийн.

Share via