Дубанын күчү • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Дубанын күчү

Дуба кылуу

2018-жылдын 26-январында Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы, Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосун) Англиянын борбору Лондон шаарында жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинде жума кутбасын окуган. Ал кутбанын кыскача маани-мазмуну төмөнкүдөй:

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин, Ал Азирети мындай деди:

♦ Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) бир жолу дубанын философиясын баяндап жатып, мындай деп айткан: бир ымыркай ыйлаганда, эненин эмчегине сүт өзүнөн-өзү чыга баштайт, анын ыйлоосу сүттү тартып алып келет. Кээде энелер сүт бар экенин сезишпейт дагы, бирок баланын ыйлоосу сүттү алып келет. Андай болсо, Алла Тааланын алдында биздин ыйлашыбыз эч нерсени тартып алып келбейби? Бардыгы келет, бирок көзү сокурлар аны көрө алышпайт. Баланын энеси менен болгон алака-байланышын эске тутуп, эгер адам дубанын философиясына ой жүгүртсө, анда анын жеӊил жана оӊой экенин түшүнөт.

♦ Ал Азирети мындай деп улантты: Ахмадий мусулмандарга Алла Тааланын чоӊ берешендиги бар, алардын баары эгерде жылынып-жалбарып, карапайымдык менен Алла Тааланын алдына жыгылып, Андан дуба кылсак, Алла Таала дубаларды кабыл кылат деп түшүнүшөт. Дубанын кабыл болуу окуяларынын кээ бирөөсү башкаларды да айран-таӊ калтырат. Бир топ адамдар өтө эле үмүтсүздүк ахвалында Алла Тааланын алдына жыгылганыбызда, Алла Таала берешендик кылды деп жазышат. Бүгүн ошондой окуяларды айтып берем.

♦ Кадияндан «Наазир Даъват-э-илаллах» мындай деп жазат: Индияга караштуу Хушярпур районундагы Жамаатыбыздын Амири төмөндөгүдөй окуяны айтып берди: айылыбызда жаан жаабагандыктан, айыл тургундары өтө эле сар-санаада болуп калышты. Кудуктардын суусу да ылдыйлап кетти. Хиндилер биздин Муаллимибизге (жергиликтүү дааватчыбыз) дуба кылыӊыз деп кайрылышкан. Алар эгер ал кишиге дуба кылыӊыз деп кайрылганыбызда,  жаан жайт деп ишенишчү. Муаллимибиз а дегенде аларга Ислам дининдеги дубанын адептерин айтып, Алла Тааланын сапатарын түшүндүрүп берди, анан дуба кылды. Алла Тааланын берешендиги менен Ахмадия Мусулман Жамаатынын дубасы менен нөшөрлөгөн жаан жай баштады. Хиндилердин бардыгы бир ооздон Ахмадий мусулмандардын дубасы менен жаан жаады дешти.

♦ Фижи деген өлкөдөгү Жамаатыбыздын Амири мындай деп жазат: Тувалу аттуу аралда көптөн бери жаан жаабады. Миссионерибиз мен ал жерге иш сапары менен чыга электе мага кат жазышты жана мен ал жерге жеткен соӊ адамдар мага дуба кылыӊыз деп кайрылышты деди. Куптан маалындагы намазда мен намаздын акыркы саждасында жаан үчүн дуба кылабыз деп кулактандырдым. Алла Таала дубабызды кабыл кылып, мээримдүүлүк жамгырын жаадырды, андан кийин да үч-төрт жолу жаан жаады. Ал эми аба ырайы тууралуу маалымат бергендер бир топ күндөргө аба ырайынын кургак болоорун айтышкан эле. Ошондуктан, элдин баары миссионерге сиздин келүүӊүз менен жаан жаады дешти. Католик чиркөөсүнүн попу да Алла Тааланын берешендиги жана Халифаӊардын дубасы менен өзгөчө жаан жаады деп билдирген. Бул жамгыр мусулман эместердин ыйманын күчөтүү жана Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын чынчылдыгы жышаан-белгиси болду. Кээ бир жайларда жаандын жаашы кандайдыр бир жышаанга айланып кетет. Ал эми кээ бир жайларда жаандын токтошу дубанын кабыл болуу жышааны болуп кетет.

♦ Африканын бир айылында Жамаатыбыз даават кылып жаткан учурда катуу жан жай баштады жана анын катуу жааган добушунан үн угармандарга жетпей калды. Адамдар сар-санаа болуп туруп кетип калышат деген коркунуч пайда болду. Ал убакытта миссионерибиз мындай деп дуба кылды: эй, Алла! Бул жаан да Сеники жана мен алып келген кабар да Сеники. Бирок жамгырдын айынан адамдар ушул кабарды уга албай калышат жана туруп кетип калышат. Ал киши мындай деп улантат: дуба кылаарым менен Алла Таала жанды токтотуп койду жана ал жерде отурган 150 адамга даават кылынды. Алла Таалага миӊ шүгүрлөр болсун, ал жерде отурган адамдардын баары байъат берип, Ахмадия Мусулман Жамаатына өтүштү. Бул окуя менен Муаллимибиздин ыйманы да бекем болду жана ал жердеги адамдарга да Алла Таала Өзүнүн кудуретин көрсөттү. Жаандын айынан адамдар кете турган болчу, бирок Алла Тааланын ушул берешендигин көрүп отура беришти, ал гана эмес, Ахмадия чыныгы Ислам динин да кабыл кылышты.

♦ Дагы бир Муаллимибиз мындай деп айтат: Бандванду деген жердеги миссионерибиз Хафиз Музаммил мырза мындай деп жазат: мен жергиликтүү Муаллим менен бир айылга иш сапары менен бардым, жолдо катуу жан жаап, сапарды улантуу кыйын болуп калды. Жол асфальт болбогондуктан ары жылыш оор болуп, жолдо туруп, мындай деп дуба кыдык: эй, Алла! Сенин Масийхиӊдин кабарын жеткиргени баратабыз, Сен берешендик кылгын, натыйжада жолдогу бөгөт жоголуп кетсин. Ал жердеги адамдарга алдын ала кабар кылынган болчу жана адамдар күтүп жатышкан эле. Дубадан кийин дароо жаан-чачын токтоп калды. Жаан-чачын кечке дейре жайт деген болжолдор бар болчу. Ошентип, белгиленген убакытта айылга жетип, ал программага катышышты.

♦ Швейцариядагы миссионерибиз мындай деп жазат: Жамаат бир аймакта мечит үчүн бир жерди сатып алды. Тынчтыктын символу катары бир көчөт отургузуу программасы бар болчу. Көчөт отургузула турган күнү аба ырайы тууралуу берилген алдын ала маалымат боюнча катуу жаан жаашы керек болчу. Ал программанын баары ачык жайда болушу керек болчу, ошон үчүн бир аз сар-санаалык бар болчу. Бул үчүн мага да дуба үчүн улам-улам жазып турушкан. Программа боло турган күнү ал жерге бардык, катуу жаан жай баштады, анан дуба кылгандан кийин жамгыр токтоп калды. Жергиликтүү консулдун төрагасы да келген эле, ал киши аба ырайы да силерге моюнсунат окшойт деп айтты. Ал кишиге биз дуба кылганбыз жана Халифабызга да дуба үчүн жазганбыз деп айттык. Ошентип, ал азем аябай ийгиликтүү болду жана көп адамдар Жамаатыбыз менен таанышышты.

♦ Ал Азирети мындай деди: биз аба ырайыга буйрук кыла албайбыз, бирок Алла Тааланын алдына жыгылабыз. Ал гана ошондой кудуреттерди көрсөтөт.

♦ Эми аба ырайынан чыгып, дуба кабыл болуунун башка окуяларын айтып берем. Биздин Кудайбыз Эӊ Кудуреттүү жана ар түрдүү дубаларды кабыл кылуучу Кудай. Анын сапаттары чексиз жана Өз кудуреттерин көрсөтөт.

♦ Бенин деген өлкөдөн Жамаатыбыздын Муаллими Матийн мырза мындай деп жазат: бир канча күн мурун бир Нау-Мубайъ келип, устаз биздин үйүбүзгө келиӊиз, менин аялым өтө оор ахвалда деди. Мен өз жубайымды алып, анын үйүнө бардым. Анын аялы бала төрөшү керек болчу, ошон үчүн ага аялзатынын жардамы керек болчу. Ал убакытта анын темпратурасы көтөрүлүп, жатынын оозу кичирейип калгандыктан баланы төрөй албай жаткан эле. Ал киши мурун да эки жол ошондой болгон, экөөсүнүн бирөөсүн (эне менен баланы) сактоого туура келди. Эки жолу балдарды курман кылып, аялымды сактап калдым, эми үчүнчү жолу ошондой болуп жатат деди. Муаллимибиз ага азыр кандайдыр бир чараны да көрөбүз, аны менен бирге дубаны да сурайбыз, жана дуба үчүн Учурлук Халифага да кат жазабыз деди. Бирок азыр Учурлук Халифага кат жазуу үчүн убакыт өтө тар, ошон үчүн мен Алла Тааланын Ыйык ысымдарынын атынан жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын атынан жалынып-жалбарып дуба кылдым жана Ал-Фаатиха сүрөөсүн окуп, сууга үйлөп, ал аялга ичирүү үчүн жибердим. Үч жолу жибердим. Үчүнчү жолу жибергенимде, анын күйөөсү Алла Таала менин аялымды да сактап калды жана мага уул перзентин да тартуулады деген сүйүнчү менен келди. Бул окуя менен ал Нау-Мубайъдын Алла Таалага болгон ыйманы дагы бекем болду.

♦ Кениядагы Жамаатыбыздын Амири мындай деп жазат: бир жамаатыбыздын президенти катуу ооруп калды. Мен аны көргөнү барганымда, ал киши ахвалым оор, докторлор да мага жооп берип коюшту, жакында мен тууралуу кандайдыр бир жаман кабар угушуӊар мүмкүн деди. Мен анын көӊүлүн көтөрдүм жана өзүӊүз да дуба кылыӊыз дедим. Муаллимибиз дуба үчүн мага да кат жазган. Мен да ага Алла Таала шыпаа берет деп жооп жаздым. Муаллим жума намазын окутканы барганда, караса, ал киши жакшы болуп калды. Дуба аркылуу Алла Таала ага жаӊы жашоо тартуулады. Анын ыйманы да өстү.

♦ Индияга караштуу Карнатак деген жердеги Жамаатыбыздын Амири мындай деп жазат: бир жамаатыбыздын президенти мээси рак оорусуна чалдыгып калды. Докторлор аны дарылоо мүмкүн эмес дешти. Операция кылуу учурунда өлүп калышы да мүмкүн деп айтышкан. Алар дуба үчүн мага кат жазышкан, мен тарабыман Алла Таала шыпаа берет деген катты да алышкан. Бир айдан кийин докторлор кайрадан анализ алып көрсө, рактын изи да калбады. Дубанын натыйжасында Хусайын мырза толук айыгып кетти.

♦ Бельгиядагы миссионерибиз Хафиз Эхсан Искандар мырза мындай деп жазат: Дөөт мырза ооруп калды, анын боору жана өпкөлөрү иштебей калды, вентиляторго коюлду. Анын үйдөгүлөрү да Жамаатка анын мүрзөсүн даярдоо жана жаназасын окутууга жардам бергиле деп кайрылышкан. Мен да дуба кылдым жана Учурлук Халифага да дуба үчүн жазган. Эртеси күнү кандайдыр бир муъжиза болуп калды. Анын денеси мурун кабыл кылбай жаткан дарыларды анын денеси кабыл кыла баштады. Бул муъжиза дубанын аркасынан болду.

♦ Сауд Арабиясынын тургуну Мустафаа мырза мындай деп жазат: мен баланча шаарга которулуп кетейин деп Учурлук Халифага дуба үчүн кат жазган элем. Анткени, мен үй-бүлөм менен тынч гана жашай берейин. Эми дуба менен бул көйгөй чечилип, адамдар которула баштады, мен 33 номерден биринчи номерге келип калдым. Мен үчүн бул кандайдыр бир муъжизадан кем эмес.

♦ Кээ бир нерселер жөнөкөй көрүнгөнү менен башына балээ-кырсык түшкөн адамдар үчүн өтө маанилүү болот.

♦ Танзания деген өлкөдөн Муаллим Латиф мырза мындай деп жазат: мечитибиздеги күн системасынан жасалган батарея уурдалып кетти. Эртеси күнү биз милицияга кайрылуунун ордуна батареяны уурдаган кишиге кандайдыр бир жаза берилсин жана ал батареябызды бизге кайтарсын деп дуба кылууну чечтик. Батареянын уурдалып кеткенин угуп Ахмадий эмес мусулмандар да чогулуп калышты. Ахмадийлер Алла Таала батарея уурдаган адамга жаза берсин деп дуба кылышты. Айылдагы Ахмадий эмес мусулмандар Ахмадийлердин дубалары сөзсүз кабыл болот, ошон үчүн эми ууру кармалат дей башташты. Эртеси күнү ууру билгизбей, батареяны Жамаатыбыздын президентинин үйүнүн алдына коюп кетти.

♦ Бул окуядан ууруларда да Алла Тааладан коркуу сезими бар экендиги маалым болду. Бирок Пакистандагы молодолордун жүрөктөрүндө Алла Тааладан коркуу сезими калбай калды. Алар Алла Тааланын атынан Анын буйруктарын четке кагышууда. Алла Таала Пакистандын жарандарына да ырайым кылсын жана аларды бул зөөкүрлөрдөн куткарсын.

♦ Гини Конакри деген өлкөдөгү миссионерибиз мындай деп жазат: бир ыкластуу Нау-Мубайъ Ахмадий жигит динге кызмат кылуу тилеги бар экенин билдиргенде, биз ага Жамия Ахмадияга окууга тапшырышыӊ керек деген кеӊеш бердик. Бул үчүн анын Ахмадий мусулман эмес ата-энесин Жамаат борборуна чакырытып, алардын макулдугун сурадык. Сыртынан караганда, алар өтө эле кубанычта болуп, эки күндөн кийин кайтып келерин айтып, кетип калышты. Алар өз жерине барып, өздөрүнүн молдосу менен акылдашканда, ал аларды азгырып, бизге каршы полицияга арыз беришти. Биз бир аз сар-санаа болдук деди жана мага да дуба үчүн кат жазышты. Кыскасы, мен аларга Алла Таала берешендик кылсын деп жооп жаздым. Милиция келип, иликтеп көрдү, аларды Жамаат менен тааныштырдык жана аларга брошюраларды да бердик. Милиция башчысы арызды четке кагып, Ахмадийлер түшүндүрүп жаткан Ислам дини мага туурараак жана тынчтыктуу экендиги көрүнүп жатат деп айтты. Андан тышкары, мага кеӊири маалымат бергиле, мен да Ахмадия Мусулман Жамаатына кошулууну каалайм деп айтты.

♦ Малидеги дааватчыбыз мындай деп жазат: быйыл адамдарды Малидеги Жалса Саланага көбүрөөк катышууга аракет кылгыла деп үндөгөн элек. Жалса боло турган жер 400 чакырым алыс болгондуктан, жол кире катары көп акча кетет, ошондой сумманы камсыздоо кыйын иш, адамдар да аябай жакыр жашашат. Яхйа аттуу бир Ахмадий дарыядан балык уулайт экен, ал киши араӊ бир адамдын жол киресин таап, быйыл өз жубайымды Жалсага жөнөтөм деп айтты. Биз ага өзүӊүз да Жалсага катышуу үчүн аракет кылыӊыз жана Алла Таала сиздин жол киреӊизди да камсыздай турган уулоо сизге берсин деп дуба да кылыӊыз деп айттык. Ал киши эртеӊ менен кербен жыла турган күнү кечки саат 20:00да колунда салмагы 12 кг балыкты кармаган бойдон Жамаат борборуна келди жана мындай деди: мен тор таштап, эй, Алла эртеӊ менен кербен жөнөйт, мага да жардам бергин, мен да Жалсага катышайын, колумда акча жок, бирок ниетим ак деп дуба кылдым. Торду тартсам, чоӊ балык илинген болчу, жээгине кайтып келгенимде, бир адам 18,000 франк сейфа берип, балыкты сатып алды, бирок балыкты силерге көрсөтүү үчүн андан уруксат алып, алып келдим деди. Эми жубайым менен биз экөөбүз Жалсага катышсак болот, бир аз акча ашып да калат деди.

♦ Идрис мырза Мали деген өлкөдөн өзүнүн төмөнкүдөй окуясын жазат: 2008-жылы мен иш сапары менен Ганага барганымда, ал киши да келген болчу. Ал мындай деп жазат: мен тоокторду бакчу элем, Жалсага барганымда, менин тоокторумдун баары өлүп калыптыр. Тооктордун ээси менин Ахмадий болуп, Жалсага баргандыгымды жана тооктордун өлгөнүн билип, мага катуу каршылык көрсөтө баштады жана үйүмө кайтканымда, мага бир жуманын ичинде 150,000 франкты төлөп кой деди. Мен катуу сар-санаа болдум, менде акча да жок болчу. Мен түн бою мага жардам бергин деп Алла Таалага дуба кылдым. Мага түшүмдө бир жерге жүк машинеден азык-түлүк төгүлгөндүгү жана мен аны жыйнап жаткандыгым көрсөтүлдү. Эртеӊ менен ошол белгилүү жерге барсам, жүк машинени таппадым, бирок дан чачылганын көрдүм, мен аларды жыйнай баштадым. Кокустан кара түстүү пакет колума тийип калды, анын ичинде 80,000 франк бар болчу. Адамдардан сурап-сураштырып, ээси кимдигин билүүгө аракет кылдым, бирок ээси табылбады. Кечинде тооктордун ээси келип, оройлук кыла баштады, мен ага коё тур, мен азыр сага акчаӊды төлөйм дедим. Бул окуяга бир канча жылдар өтүп кетти, бирок эч бир адам келген жок.

♦ Германиядан миссионерибиз Хафизуллах Бхарвана мырза мындай деп жазат: Ливандык бир араб Нау-Мубайъ Эхсан мырза башпаанек үчүн арыз берген эле, ал өзүнүн кыйынчылыктарын айтып, милиция мени каалаган убакытта кармап, департация кылып салышы мүмкүн деди. Бирок дуба кылгандан кийин Алла Таала муъжиза көрсөттү, ага үч жылга башпаанек берилди, бул муъжиза менен анын ыйманы өстү. Ал киши ар бир адамга бул дубалардын муъжизасы деп айтып жүрөт.

♦ Алла Таала мусулман эместерге да Ахмадийлердин дубасынын кабыл болуу көрүнүштөрүн көрсөтөт, ошондо алар Ахмадийлердин Кудайы  дубаларды кабыл кылуучу Кудай деп кабыл кылууга аргасыз болушат.

♦ Канададан Мырза Афзал Сахиб мындай деп жазат: бир шаарга барып, справочниктен телефон алып, бир Сикх адамга телефон чалып, сиз менен жолугушмакчыбыз дедик. Ал киши бизди ачык жүзү менен тосуп алып, өз үйүндө пешин менен дигер намазын окууга уруксат берди. Биз чыгып жатканыбызда, мындай деди: менин үч кыз неберем бар, Алла Таала уулума эркек перзент да берсин деп дуба кылыӊыздар деп суранды. Биз ошол эле жерде дуба кылдык жана Халифабызга да дуба үчүн жазабыз дедик. Алла Тааланын берешендиги менен бир жарым жылдан кийин ал киши Алла Таала мага эркек небере берди деп телефон кылды.

♦ Убада кылынган Масийх жана Махдий Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) мындай деп айтат: Алла Тааланын табигат мыйзамында дубанын кабыл болуу мисалдары бар. Ошол эле мыйзамдын негизинде Алла Таала ар бир доордо тирүү-жандуу үлгүлөрдү жөнөтөт. Эгерде дубанын кабыл болуусу боюнча тирүү үлгүлөрдөн үлүш алмакчы болсоӊор, анда кээ бир шарттарды аткарууӊар зарыл. Анын биринчи шарты: өз амалдарыӊар жана ишенимиӊерди түзөткүлө. Өз амалдарын оӊдобой, такыба амалдарды жасабай, дуба кылган бирөө Алла Тааланы сынайт. Ишеним менен бирге амалдарыбызды да оӊдообуз керек. Беш маал намазды аткарбай, адамдардын акы-укуктарын аткарбай, анан сыноо келгенде, Алла Тааланы эстей баштасак, анда бул дурус эмес. Өзүбүздү оӊдоо менен бирге такыба амалдарды да жасашыбыз керек. Алла Тааланын да, пенделердин да акы-укуктарын аткарганыбызда гана дубалар кабыл болот.

♦ Алла Таала бардыгыбызга жашообузду Анын буйруктарына ылайыкташтырууга күч-кубат берсин, ошондой эле ибадаттар жана дубалардын акы-укуктарын аткаруу мүкүнчүлүгүн берсин. Аамийн.

♦ Намаздан кийин эки жаназаны окутаарын айтты.

♦ Биринчи жаназа өз өмүрүн динге арнап койгон Неъматуллах Саахий мырзаныкы. Ал киши «Наазим Жайдад» катары кызмат аткарган. 2018-жылдын 15-январында Канадада көз жумган. Анын үй-бүлөсү Азирети Чаухдрий Зафрулла Хан Сахибдин апасы аркылуу Ахмадий болгон. Балалык чагынан эле Тахажжуд намазын аткарууга адаттанган болчу жана өмүрүнүн соӊку демине чейин беш маал намазды жамаат менен аткарууга аракет кылып турган. Дубага аябай катуу ишенчү. Халифатты катуу сүйчү. Жалса Саланага катышууга чоӊ маани берчү. Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын IV Халифасы Азирети Мырза Тахир Ахмад (рахимахулла) Халифа боло электе иш сапары менен барып, анын үйүндө түнөгөн. Ал убакытта Чаудхрий Сахиб үйдө жок болчу, ал киши анын жубайына Чаудрий Сахибге өз өмүрүн динге арнасын деп коюӊуз деди. Ал киши мурда да Жамаат иштерин аткарып жаткан болчу. Бирок бул кеӊешти угаары менен өз өмүрүн динге арнап салды. Ар дайым башка кызматкерлерден мурунураак кеӊсеге барууга аракет кылчу. Абдан сабырдуу жана шүгүр кылуучу инсан болчу. Башкалардын кыйынчылыктарын алып салууга көӊүл буруучу жана токтоо инсан болчу. Текстил жумушунда кызматта болгон кезде жакшы айлык-маяна алчу, бирок өзүнө ашыкча каражаттарды сарптабайт эле. Абдан ишенимдүүлүк менен иштеген. Анын уулу текстилди ачканда, көптөгөн фабрикалардын ээлери атасынын ишенимдүүлүгүнүн аркасынан ага сени менен иштөөгө биз даярбыз дешкен. Анын атасынын аты эле кепилдик болчу. Өз балдарына да ар дайым Учурлук Халифага кат жазып турууга насаат кылып турчу. Алла Тааланын берешендиги менен Мусий болчу. Анын туугандарынын бирөөсү мындай деп жазат: Чаудхрий Зафрулла Хан Сахиб анын атасынын инисинин баласы болчу. Ал киши анын атасы аны менен капа экенин угуп, ага мындай деп кат жазган: мен Англияда жашаган кезде аны менен жолугушуп тургам, ал аябай ыкластуу, жакшы жана такыба жигит болчу. Мен ага ыраазы болдум жана ал үчүн ар күнү дуба кылып жүргөм. Сиз андай жигиттин атасы экениӊиз менен сыймактанууӊуз керек болчу. Азыр ушул жерде окуп жаткан үч тууганыбыздын арасында ал баарынан такыба деп айта алам.

♦ «Низаамат Жайдад» кеӊсесиндеги бир «Мухтар-э-Аам» мындай деп жазат: ал эч качан «жетекчилер мүнөзүн» көрсөтпөйт эле. карапайым жана кичи пейил инсан болчу. «Афсарларга» ар дайым сый-урмат көрсөтчү. Өз өмүрүн динге арнагандан кийин ал өздүгүн бүтүндөй өчүрүп салган болчу, көйрөӊдөнүүнүн бири дагы анда болгон эмес. Кеӊседе болгон убакытта Алла Тааланы эске алуу менен алектенип турчу. Жамаат системасына тиешелүү бир дагы тууганчылыкты эсепке албайт эле. Рабвах шаарында бир адам Жамааттын аймагын тартып алып, өзүнүн анын тууган экенин көрсөтүүгө аракет кылды. Ал киши ага да мыйзам чегинде катуу мамиле жасады. Өмүр бою жолдошум менен урушкан жокмун деп өзү айтып берди. Халифат жөнүндө сөз болгондо, көздөрү кубанып кетчү. Анын уулу үйлөнмөкчү болгондо, IV Халифага ал келин тарабы жакпаганын билип, уулуна IV Халифага бул той жакпагандан кийин мен ал келинге үйлөнбө деп айтпайм, бирок ушул тойго катыша албайм деди. Анын уулу да ал келинге үйлөнгөн жок. Алла Таала маркумдун даражаларын көтөрсүн жана балдарына да ошол жакшылыктарды улантуулары үчүн күч-кубатын берсин.

♦ Экинчи жаназа Зафрулла Хан Буттар мырзаныкы. Анын атасы Чаудхрий Алладитта мырза 1928-жылы Ахмадий болгон. Тахажжуд намазын калтырбай аткарчу. Чандаларды кечиктирбей төлөчү. Аябай жөнөкөй инсан болчу. Өз балдарынын таалим-тарбиясында эӊ кылдат жактарына чейин көӊүл бурчу. Өз артында 3 кыз менен 3 баланы калтырды. Анын бир уулу Саажид Махмуд Буттар мырза Ганадагы Жамия Ахмадияда мугалим катары иштеп жаткандыгы үчүн атасынын жаназасына катышпай калды. Ал киши мындай деп жазат: Жамааттан келген ар бир конокко чоӊ кубаныч менен мен ушул баламды динге арнагам деп тааныштырчу. Алла Таала анын балдарында да ал баштаган жакшылыктарды уланта берсин. Ал кандай шыктуулук менен өз баласын динге арнаган болсо, анын баласы да дал ошондой шыктуулук менен динге кызмат кылсын. (Аамийн). Алла Таала маркумдун даражаларын жогорулатып турсун. (Аамийн)

Share via