Кырсыктын учурунда момундардын дубасы
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Кырсыктын учурунда момундардын дубасы

Качан Алланын сабырдуу момун пенделерине кандайдыр бир кырсык же кайгы туш келгенде, алар төмөнкү дубаны сурашат, натыйжада алардын үстүнө алардын Раббисинин рахматтары жана берекелери түшөт. Мына ошол адамдар гана туура жолду тапкандар. («Ал-Бакара» сүрөөсү: 156-158)

Азирети Хусайн (разияллааху анху) бин Али (разияллааху анху) мындай рабаят этет: «Эгер момун кырсыктын учурунда Иннаалиллаах[1] деген сөздөрдү окуса, ага кун катары Алла Таала ага ошончолук көп сыйлык тартуулайт. («Ибн Маажа»)

Ошондой эле жоголгон бюмдар да ушул дубанын берекеси менен табылып калат. Ал дуба төмөнкүдөй: اِنَّا لِلّٰہِ وَاِنَّاۤ اِلَیۡہِ رٰجِعُوۡنَОКУЛУШУ: ИННАА ЛИЛЛААХИ ВА ИННАА ИЛАЙХИ РААЖИЪУУН. (2:157)

Котормосу: Албетте, биз Алланыкыбыз жана албетте, биз Ага гана кайтуучуларбыз. («Ал-Бакара» сүрөөсү:157)

[1] Иннаа лиллаахи ва иннаа илайхи раажиъуун. (2:157)

Share via