Кетирген кемчилик үчүн күнү-түнү окулуучу дуба
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Кетирген кемчилик үчүн күнү-түнү окулуучу дуба

Азирети Абдулла бин Аббаас (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай дегенин рабаят этет: «Кимде-ким эртең менен жана кечинде ушул аяттарды окуса, кетирген кемчилигин алдын-ала оңдогон болот. Эгер кечинде ушул дубаны окуса, түнчүндө кетирген кемчиликтери жоюлат». («Абу Давуд»)فَسُبۡحٰنَ اللّٰہِ حِیۡنَ تُمۡسُوۡنَ وَحِیۡنَ تُصۡبِحُوۡنَوَلَہُ الۡحَمۡدُ فِی السَّمٰوٰتِ وَالۡاَرۡضِ وَعَشِیًّا وَّحِیۡنَ تُظۡہِرُوۡنَیُخۡرِجُ الۡحَیَّ مِنَ الۡمَیِّتِ وَیُخۡرِجُ الۡمَیِّتَ مِنَ الۡحَیِّ وَیُحۡیِ الۡاَرۡضَ بَعۡدَ مَوۡتِہَا ؕ وَکَذٰلِکَ تُخۡرَجُوۡنَОКУЛУШУ: ФА-СУБХААНАЛЛААХИ ХИЙНА ТУМСУУНА ВА ХИЙНА ТУСБИХУУН, ВАЛАХУЛ-ХАМДУ ФИС-САМААВААТИ ВАЛ-АРЗИ ВА АШИЙЙАН ВА ХИЙНА ТУЗХИРУУНА, ЮХРИЖУЛ-ХАЙЙА МИНАЛ-МАЙЙИТИ ВА ЮХРИЖУЛ-МАЙЙИТА МИНАЛ-ХАЙЙИ ВА ЮХЙИЛ-АРЗА БАЪДА МАУТИХАА, ВА КАЗААЛИКА ТУХРАЖУУН. (30:18-20)

Котормосу: Силер кечке бетме-бет болгонуңарда дагы, таң аттырганыңарда дагы – ар бир жагдайда Алла – Ыйык. Бардык мактоо-алкоо Ага гана таандык: асманда дагы, жерде дагы, түндө дагы, силер түш маалын өткөрүп жатканыңарда дагы. Ал өлүктөн тирүүнү чыгарат, тирүүдөн өлүктү чыгарат жана жерди анын өлгөнүнөн соң тирилтет. Силер дагы дал ошондой чыгарыласыңар. («Ар-Руум» сүрөөсү:18-20)

Share via