Руку ахвалындагы дубалар • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Руку ахвалындагы дубалар

♦ Азирети Хузайфа (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) рукуга барганда, төмөнкүдөй дубаны окучу деп айтат:

Окулушу: Субхаана Рабби-ял-Азийм. («Термизий», Китааьус-Салаат, Баабут-Тасбих фир-рукуъ вас-сужууд)

Котормосу: Менин Улук Раббим – Ыйык.

♦ Азирети Айша (разияллааху анхаа) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) руку жана саждаларда төмөнкүдөй дубаны окучу деп айтат:

Окулушу: Суббуухун Куддуусун Раббул-Малааикати вар-Рух. («Муслим», Китаабус-Салаат, Баабу маа якуулу фир-рукуъ)

Котормосу: Периштелер жана Рухтун Раббиси – тасбихке (мактоо-алкоого) татыктуу, өтө эле Таза.

♦ Азирети Айша (разияллааху анхаа)дан Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) руку жана саждаларда төмөнкүдөй дубаны окуп жүргөндүгү рабаят этилет:

Окулушу: Суб-хаа-нака Аллаахумма Раббанаа ваби-хамдика Аллаа-хум-маг-фирлий. («Сахих Бухарий», Китаабул-Азаан)

Котормосу: Эй, Алла, биздин Раббибиз! Сен мактоо-алкооӊ менен Ыйыксыӊ. Эй, Алла! Мени кечиргин.

♦ Азирети Ауф (разияллааху анху) бин Маалик Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын рукуда төмөнкүдөй дуба окуганын уккан:

Окулушу: Суб-хаа-на зил-Жабруути вал-Малакуути вал-Кибрияаи вал-Азмати. («Абу Дауд», Китаабус-Салаат, Баабу маа якуулухур-ражулу фий рукуъихий ва сужуудихий)

Котормосу: Кудуреттүүлүк, падышачылык, бийиктик жана салтанат ээси болгон Зат – Ыйык.

♦ Азирети Али (разияллааху анху) жана Азирети Жаабир (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) рукуда төмөнкүдөй дуба окуп жүргөнүн айтышат:

Окулушу: Аллаахумма лака ракаъту ва би-ка ааманту ва лака асламту ва алайка таваккалту, анта Раббий, хашаъа самъий ва басарий ва лахмий ва дамий ва азмий ва муххий ва асбий лиллаахи Раббил-ааламийн. («Сунан Насайи», Китаабут-Татбийк)

Котормосу: Эй, Алла! Мен Сен үчүн руку кылдым, Сага ыйман келтирдим жана Сага моюн сунганмын. Сага гана тобокел кылам. Сен менин Раббимсиӊ. Менин кулактарым, көздөрүм, этим, каным, сөөктөрүм, мээм жана булчуӊдарым бүткүл ааламдардын Раббиси болгон Аллага баш ийди.

Share via