Дурууд (Ассалаату алан-Набий) • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Бөлүмдөр
  1. Кириш сөз
  2. Ибадат
  3. Исламдын беш парызы
  4. Намазды аткаруу парыздуулугу
  5. Намаздын маанилүүлүгү
  6. Намаздын убакыттары
  7. Намаздын шарттары
  8. Даарат
  9. Даараттын бузулушунун факторлору
  10. Гусул
  11. Суу
  12. Кийим
  13. Азан
  14. Коомат
  15. Ниет
  16. Намаздарды кошуп окуу
  17. Намазды аткаруунун жолу
  18. Дурууд (Ассалаату алан-Набий)
  19. Намазды жалгыз окуу
  20. Жамаат менен аткарылуучу намаздар
  21. Намаздан кийин Алланы эске алуу
  22. Намаздын түрлөрү жана рекеттердин саны
  23. Жума намазы
  24. Орозо айт жана курман айт майрамдары
  25. Витр намазы
  26. Намаздын өзгөчө бөлүктөрү
  27. Намазды бузган амалдар
  28. Сужуудус-сахв
  29. Ооруу маалындагы намаз
  30. Сапарда окулуучу намаз
  31. Салаатул-Хавф (Кооптуу учурдагы намаз)
  32. Каза намазы
  33. Тахажжуд намазы
  34. Таравийх намазы
  35. Күн жана ай тутулганда окулган намаз
  36. Жамгыр тилеп окулган намаз
  37. Истахаара намазы
  38. Салаатул-хажаат (жардам тилеп окулган намаз)
  39. Ишраак намазы
  40. Жаназа намазы
  41. Айрым сөздөрдүн жана терминдердин түшүндүрмөсү
  42. Азирети Мырза Гулам Ахмад Масийхи Мавъуд жана Махди Маъхуд (алайхиссалаам)дын китептеринен жана «Малфузаатынан» айрым үзүндүлөр
Чектеш темалардын мазмуну

Дурууд (Ассалаату алан-Набий)

Салават дуба намаз ибадат

Окулушу: Аллаахумма салли алаа Мухаммадин ва алаа аали Мухаммадин камаа саллайта алаа Ибраахийма ва алаа аали Ибраахийма, иннака хамийдум мажийд. Аллаахумма баарик алаа Мухаммадин ва алаа аали Мухаммадин камаа бааракта алаа Ибраахийма ва алаа аали Ибраахийма, иннака хамийдум мажийд.

Котормосу: Эй, Алла! Ибраахиймге жана Ибраахиймдин тукумуна берешендик кылганың сыяктуу Мухаммадга жана Мухаммаддын тукумуна берешендик кылгын. Эй, Алла! Ибраахиймге жана Ибраахиймдин тукумуна береке бергениң сыяктуу Мухаммадга жана Мухаммаддын тукумуна береке бергин.

Дурууддан кийин кыска дуба же дубалар окулат. Алардын айрымдары төмөндө берилет:

Куран дуба намаз ибадат

Окулушу: Раббанаа аатинаа фиддунйаа хасанатан ва фил аахирати хасанатан вакинаа азаабаннаар. («Аль-Бакара» сүрөөсү: 202)

Котормосу: Эй, Парбардигерибиз! Бул дүйнөдө да, акыретте да бизге жакшылык бергин жана от азабынан бизди сактагын.

Куран дуба намаз ибадат

Окулушу: Раббижъалний мукиймассалаати ва мин зурриййатий. Раббанаа ва такаббал дуаа. Раббанагфирлий вали ваалидаййа ва лил му’минийна йавма йакуумул хисааб. («Ибраахийм» сүрөөсү: 41-42)

Котормосу: Эй, Парбардигерим! Мени да, урпактарымды да намазды толук аткаруучулардан кылгын. Эй, Парбардигерибиз! Менин дубамды кабыл кылгын. Эй, Парбардигерибиз! Сурак боло турган күнү мени да, ата-энемди да, баардык момундарды да кечиргин.

Хадис дуба намаз ибадат

Окулушу: Аллаахумма инний аъуузубика минал хамми вал хузни, ва аъуузубика минал ажзи вал касли, ва аъуузубика минал жубни вал бухли, ва аъуузубика мин галабатиддайни ва кахриррижаал. («Сунан Абий Давуд», Китаабус-Салаат, Баабул Истисхааб)

Котормосу: Эй, Парбардигерим! Мен сар-санаага кабылбаш үчүн Сенден паана издеймин. Мен алсыздык жана жалкоолуктан (сактанууга) да Сенден панаа издеймин. Мен сараңдык жана коркоктуктан (сактанууга) да Сенден панаа издеймин. Мен карызга чөмүлүүдөн жана адамдардын зулумдугунан (сактанууга) да Сенден паана издеймин.

Хадис дуба намаз ибадат

Окулушу: Аллаахумма инний заламту нафсий зулман касийран валаа йагфируззунууба иллаа анта, фагфирлий магфиратан мин индика вархамний иннака антал гафууруррахийм.

Котормосу: Эй, Парбардигерим! Мен өзүмө абдан көп зулумдук кылдым жана Сенден башка эч ким күнөөлөрдү кечире албайт. Ошондуктан, Өз кечиримдүүлүгүң менен мени кечиргин жана мага ырайым кылгын. Албетте, Сен кечирүүчү жана ырайым кылуучусуң.

Хадис дуба намаз ибадат

Окулушу: Аллаахумма инний аъуузубика мин азаабил кабри, ва аъуузубика мин фитнатил масийхиддажжаали, ва аъуузубика мин фитнатил махйаа ва фитнатил мамаат. Аллаахумма инний аъуузубика минал ма’сами валмаграм. («Бухарий», Китаабуль-Истеъаза).

Котормосу: Эй, Раббим! Мен кабыр азабынан (сактанууга) Сенден паана издеймин жана Масийхуд-Дажжаал фитна- алааматынан (сактанууга) Сенден паана издеймин. Сенден жашоо менен өлүм фитна-алааматынан (сактанууга) паана издеймин. Эй, Раббим! Мен күнөө жана карыз жүгүнөн (сактанууга) Сенден паана издеймин.

Имам мына ушул дубалардан бир экөөсүн окуган соң, жүзүн оң жакка буруп, Ассалааму Алайкум Ва Рахматуллаах (силерге тынчтык жана Алланын рахматы болсун), – деп, анан жүзүн сол жакка буруп дагы Ассалааму Алайкум Ва Рахматуллаах, – дейт. Имамга кошулгандар да ошондой кылышат. Ушуну менен намаз бүтөт.

Эгер намаз эки рекеттин ордуна үч же төрт рекет болсо, анда экинчи рекеттеги Каъдада отуруу кыскартылып, Ташаххудду окуу менен чектелүүгө туура келет. Имам Ташаххудду окуп бүткөндө, Аллааху Акбар, – деп Кыямга барат. Ошентип, үчүнчү рекетти окуй баштайт. Үчүнчү рекет экинчи рекет сыяктуу аткарылат. Баардык кишилер аны ээрчишет. Эгер намаз үч рекеттен турса, (мисал үчүн Шам намаз) анда үчүнчү рекеттин экинчи Саждасынан кийин имам Каъдада отурат. Ташаххуд жана Дурууддан кийин айрым башка дубаларды үн чыгарбастан, ичинен окуйт, анан Ассалааму Алайкум Ва Рахматуллаах, – деп намазды аяктайт. Сапта тургандар да имамды ээрчип, ошондой кылышат.

Эгер намаз төрт рекет болсо, (Пешин, Дигер, Куптан) анда имам үчүнчү рекеттин акырында Каъдага отурбастан, экинчи Саждадан кийин дароо Кыямга барат. Намазга тургандар да аны ээрчип окушат. Имам төртүнчү рекеттин экинчи Саждасынан кийин гана Каъдага отурат. Бул акыркы Каъда болуп, анда алар Ташаххуддан кийин Дурууд жана башка дубаларды окушат. Мындан кийин жогоруда айтылгандай алар жүздөрүн оң жана сол тарапка буруп, Ассалааму Алайкум Ва Рахматуллаах, – деп намазды бүтүрүшөт. Намазда төмөндөгүлөрдү эске тутуу керек:

  1. Эгер Каъда акыркы болсо, анда Ташаххуд, Дурууд жана башка дубалар окулат. Эгер Каъда акыркы болбосо, анда Ташаххуд гана окулат, анан Аллааху Акбар, – деп Кыямга барып, кийинки рекет улантылат.
  2. Эгер намаз эки рекет болсо, экинчи рекеттин Каъдасы акыркы Каъда болуп эсептелет.
  3. Эгер намаз үч рекет болсо, үчүнчү рекеттин Каъдасы акыркы Каъда болуп эсептелет.
  4. Эгер намаз төрт рекет болсо, төртүнчү рекеттин Каъдасы акыркы Каъда болуп эсептелет.
Share via