Намаздын шарттары • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Бөлүмдөр
  1. Кириш сөз
  2. Ибадат
  3. Исламдын беш парызы
  4. Намазды аткаруу парыздуулугу
  5. Намаздын маанилүүлүгү
  6. Намаздын убакыттары
  7. Намаздын шарттары
  8. Даарат
  9. Даараттын бузулушунун факторлору
  10. Гусул
  11. Суу
  12. Кийим
  13. Азан
  14. Коомат
  15. Ниет
  16. Намаздарды кошуп окуу
  17. Намазды аткаруунун жолу
  18. Дурууд (Ассалаату алан-Набий)
  19. Намазды жалгыз окуу
  20. Жамаат менен аткарылуучу намаздар
  21. Намаздан кийин Алланы эске алуу
  22. Намаздын түрлөрү жана рекеттердин саны
  23. Жума намазы
  24. Орозо айт жана курман айт майрамдары
  25. Витр намазы
  26. Намаздын өзгөчө бөлүктөрү
  27. Намазды бузган амалдар
  28. Сужуудус-сахв
  29. Ооруу маалындагы намаз
  30. Сапарда окулуучу намаз
  31. Салаатул-Хавф (Кооптуу учурдагы намаз)
  32. Каза намазы
  33. Тахажжуд намазы
  34. Таравийх намазы
  35. Күн жана ай тутулганда окулган намаз
  36. Жамгыр тилеп окулган намаз
  37. Истахаара намазы
  38. Салаатул-хажаат (жардам тилеп окулган намаз)
  39. Ишраак намазы
  40. Жаназа намазы
  41. Айрым сөздөрдүн жана терминдердин түшүндүрмөсү
  42. Азирети Мырза Гулам Ахмад Масийхи Мавъуд жана Махди Маъхуд (алайхиссалаам)дын китептеринен жана «Малфузаатынан» айрым үзүндүлөр
Чектеш темалардын мазмуну
Намаз ибадат сыйынуу

Намаз окууга киришүүдөн мурда, башкы бир нече зарыл шарттарды орундатуу лаазым. Алар төмөнкүчө:

  1. Ниет кылуу: намаз окууга киришүүдөн мурда намаз окууга ниет коюш керек;
  2. Ар бир намазга белгиленген убакыт ичинде ал намазды окуш керек. Бирок, дагы бир нерсени эскерте кетели, айрым аргасыз себептерден улам намазды өз маалында аткарбаса, башка учурда качан эсине түшкөндө окуса болот. Ал эми тыюу салынган убактарда окуганга болбойт;

Ислам жаңы пайда болгон заманда жашаган адамдарга келечекте көптөгөн материктердин, өлкөлөрдүн ачылыштары туурасында маалымат жок болгон. Күн-түн 24 сааттан саналып, биз жашап турган чөйрөдөн айырмаланган айрым материкте, өлкөлөрдө жарык күндөр менен караңгы түндөр, арты-артынан уланып кеткен. Мисалы: Түндүк Уюлда алты ай бою үзгүлтүксүз жарык күндөрдүн болушу.

Намаз, орозо жана башкалардын убакыттары күндүн жарыгына, жердин айланышына жана күн менен айдын жайгашканына жараша аларга карап белгиленсе, анда күн менен түндүн узундугу 24 сааттан узак болгон Түндүк өлкөлөрдө (материктерде) намаз жана орозо убакыттарын кантип аныкташ керек, деген маселе көтөрүлөт. Тактап өтсөк, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) сахаабаларынын бул туурасындагы суроосуна мындай жооп берген:

«Күн менен түндүн узундугу 24 сааттан артык болгон жайдагы мусулмандар намаз убакыттарын белгилегенде жөнөкөй күндүн узундугуна ылайыктап алышсын».

  1. Намаз окуй турган кишинин денеси, мүмкүн болсо руху жана пикири да таза болуусу зарыл. Тазалыкка төмөндөгүлөр кирет:

а)  дененин ар кандай ыпластыктардан таза болуусу;

б) табигый ажат менен дааратканага барып, өзүн жакшылап тазалоо жана баардык Нажасты (булганыч) кетирүү;

в) аял менен кошулган абалда бел суусу чыгып-чыкпасына карабай, ар кандай жагдайларда, мейли уйку маалында бел суусу чыксын, ошол эле жерди гана жуубастан гусул кылуу парыз;

г) айыз жана Нифаастан кийин аялдар толук гусул алуулары зарыл.

  1. Намаз окула турган жер жана жайнамаз ыпластыктан таза болушу керек;
  2. Намаз окуганда, дене жабык болушу керек;
  3. Кыбылага кароо: баардык мусулмандар намазды Кааба тарапка карап окушу парыз. Кааба – Мекке шаарында Алла Таалага ибадат кылуу үчүн курулган биринчи Үй.

Жалпысынан, дүйнөнүн баардык мусулмандары жүзүн Кааба тарапка буруп, намаз окуулары парыз. Бирок, киши саякатта же сапарда болсо, Каабанын кайсы тарапта экенин так аныктай албаса, же ооруу себебинен Кааба тарапка караганга мүмкүнчүлүгү болбосо, андай учурларда каалаган тарапка карап намаз окуса болот. Ошол сыяктуу саякат убагында, ат үстүндө, поездде жана деңизде кемеде кетип бара жатканда, жүргүнчү кайсыл тарапка багыт алып бара жатса, ошол же ыңгайлуу жагына жүзүн буруп намазды окуса боло берет.

Share via