Рамазан ибадаттары • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Мухаммад Пайгамбар

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жана рамазан ибадаттары

Эй, адамдар! Такыба болушуӊар үчүн силерди жана силерден мурун өткөндөрдү да жараткан Раббиӊерге ибадат кылгыла. (2:22)

Эй, ыйман келтиргендер! Силер такыба болууӊар үчүн силерден мурун өткөн адамдарга орозо парыз кылынган сыяктуу силерге дагы парыз кылынды. (2:184)

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Албетте, ар бир нерсенин эшиги болот жана сыйынуу-ибадаттын эшиги – бул орозо», – деп айткан. («Жаамиъус-Сагийр»)

А дегенде, ушул эки сөздүн лексикалык жана терминдик маанисин билүү зарыл. «Рамазан» сөзү «жалын» жана «күйгүзүү» деген маанини туюнтат. Анткени, ал (рамазан) күнөөлөрдү күйгүзүп жок кылат.

Ликсикалык маани жагынан «ибадат» сөзү «кайсы бир улуу Затка баш ийип, Ага байланышып, өз активдүүлүгүн көргөзүп, Ага бүтүндөй моюн сунуп, Ал көрсөткөн жакшылыктарына жана мээримдүүлүктөрүнө ыраазычылык билдирүү максатында Анын алдына жыгылуу» деген маанини билдирет.

«Ахмадия фикхи» аттуу китепте ибадат экиге бөлүнгөн: жалпы ибадат жана өзгөчө ибадат.

Жалпы ибадат, жалпысынан, адам укуктарына тиешелүү болуп, адамзатка кызмат кылуу иши болуп саналат жана өзгөчө ибадатка (намаз, орозо, зекет ж.б.) Ислам дининин тиректери же негиздери кирет.

Жамаат болуп намаз окуу

Рамазан айындагы ибадаттарга келе турган болсок, рамазан орозолору өзүнчө бир улуу ибадат болуп саналат. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Орозо кармагыла, анткени ага окшош бир дагы ибадат жок», – деп айткан.

Рамазан айындагы ибадаттарда жамаат болуп намаз окуу эӊ биринчи орунда турат. Курани Карим жана хадистерде анын маанилүүлүгү жана пайдалуулугу ачык-айкын баян этилген. Алла Таала Курани Каримде 50дөн да көбүрөөк жолу намазды аткаруу жөнүндө буюрган. Ал эми намазды аткаруу маселесинде Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын үлгүсү биз үчүн кандайдыр бир жол чырагы. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) өзүнүн соӊку оорусунда да эки сахаабасынын ийиндерине жөлөнүп, жамаат болуп намаз аткаруу максатында мечитке келген болчу. Азирети Али (разияллааху анху)дан кылынган рабаят боюнча, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) өз үммөтүнө калтырган эӊ акыркы насаат сөзү да төмөнкүдөй сөздөр менен сакталып калган:

Карагыла, менден кийин өз намазыӊарга көӊүл бургула жана кол астындагыларыӊардын акы-укуктарына да көӊүл бургула. Мында намаз аткарууну эӊ биринчи орунда койгон.

Курани Карим

Рамазан ибадаттарынын дагы бири – бул Курани Каримди тилаават кылуу жана окуу. Бул жөнүндө хадисте мындай деп кезигет: «Азирети Жабрайил (алайхиссалаам) рамазан түндөрүнүн ар биринде Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен жолугушуп, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) менен чогуу Курани Каримди бир жолу кайталап чыкчу».

Бир рабаятта айтылышынча, орозо жана Курани Карим кыямат күнү адам баласы үчүн шапаат кылат.

Намаз, Тахажжуд жана таравих

Рамазан ибадаттарынын дагы бири – бул Тахажжуд жана Таравих намаздары. Таравих намазы негизинен Тахажжуд намазынын эле бир төмөнүрөөк көрүнүшү же түрү. Анда эртеӊ менен эрежеге ылайык Тахажжуд намазын аткаруу үчүн тура албай калышкан адамдарга кандайдыр бир жеӊилдиктер жаратылган. Анын пайдаларынын бири – имамды ээрчип, жамаат болуп намаз аткаруу күч-кубаты насип этилет жана бир жолу болсо да, Курани Каримди окуу мүмкүнчүлүгү берилет.

Адам таравих намазын окуган болсо да, эч болбогондо Тахажжуд катары эки нафл намазын окуу жагымдуу иш болуп саналат. Анткени, Тахажжуд намазы өзүнүн даражасы жагынан бийик жана абзел. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Алла Таала силерге орозо тутууну парыз кылган жана мен анын түндөрүндөгү ибадатын силер үчүн сүннөт катары орноттум», – деп айткан.

Дуба жана истигфаар

Рамазан – бул дубалардын айы. Рамазан менен дубалардын ортосундагы ушул тереӊ алака-байланышты Алла Таала Курани Каримде орозо жөнүндө берген буйруктардын дал ортосунда дуба суроо маани-мазмунунан сөз кылып ачыкка чыгарган. Анда Алла Таала мындай деп айтат: дуба сурай турган адам Мага кайрылганда, ал Мени өзүнө жакын турганымды көрөт жана Мен анын чакыруусуна жооп кайтарам. Бирок төмөндөгүдөй шарт бар: дуба кыла турган адам да Менин буйруктарымды кабыл кылсын жана Мага ыйман келтирсин.

Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын IV Халифасы, Азирети Мырза Тахир Ахмад (рахимахуллаах) ал күндөрдө Жамаат мүчөлөрүнө «Саййидул-Истигфаарды» (Истигфаардын жетекчисин) окууга баса белгилеп насаат кылган болчу.

Жакырларга жардам берүү

Рамазан – бул садагалардын айы. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) аны

«шах-рул муа-саа-ти», (жакырларга көмөк көрсөтүү айы) деп атаган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жөнүндө ал (саллаллааху алайхи ва саллам)  ушул куттуу айда бороондон да аша чаап садага берчү деп кезигет. Демек, рамазан айында жакырлар жана кедейлердин акы-укуктарын аткаруу үчүн орозо кармаган адамдарга төмөнкүдөй өзгөчө насаат-сөз бар: качан адам баласы рамазан айында жакырларга, муктаждарга көп-көп мал-мүлк сарптаганда, Алла Тааланын

«ана ин-да занни аб-дий-бий», (Мен пендем Мен жөнүндө болгон оюна жараша мамиле кылам) деген сөзүнө ылайык Алла Таала да ошол пендеге ошондой мамиле кылат жана анын ырыскысын көбөйтөт жана ушул айда жакырларга көӊүл бургандыгы үчүн момун-мусулман пенденин ырыскысы көбөйтүлөт деп айткан.

Рамазан айында жакырларга көӊүл буруу өӊдүү ибадатка байланыштуу ар бир момун-мусулманга, мейли жаӊы төрөлгөн ымыркай болсун, парыз-важип болгон «Закаатул-Фитар», битир садагасын берүү жөнүндө айтуу зарыл.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Рамазан айында жасалган жакшылык жана ибадаттар асман менен жердин ортосунда туруп калат, ошондо битир садагасы гана аларды асманга алып кетет», – деп айткан. Мына ошондон улам мусулмандар өздөрүнүн жылдык зекетин да рамазан айында эле төлөшөт.

Саарлык жана ифтар

Орозо кармаган адам рамазан айында Алла Тааланын ыраазычылыгына жана жыргалына татыктуу болуу үчүн Ислам шарияты берген буйруктарына моюн сунуп, жасаган ар бир иш-аракети ибадат болуп калат. Мисалы, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) айткандай,

«нау-му-хуу ибаа-да-тун», (орозо кармаган адамдын уйкусу да ибадат) болуп эсептелет, ошондой эле ар күнү саарлык тамакты ичүүсү, ооз ачуусу жана аялдардын саарлык тамакты жасоосу да ибадат болуп саналат. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Саарлык тамакты ичүүдө береке бар», – деп айткан.

Бир жолу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Мейли, бир жутум суу менен болсо да же бир жүзүм менен болсо да, саарлыкты ичкиле, анткени периштелер силер үчүн дуба сурап, силерге салаваат жолдошот», – деп айткан жана өзү да мындай деп дуба сураган:

«Эй, Алла! Менин үммөтүм үчүн анын саарлык тамагына көп-көп береке кошкун!»

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өзү да саарлыкты иччү жана бир жерде: «Кимде-ким менин сүннөтүмдү таштаса, аны менен эч кандай алакам деле жок», – деп айткан.

Ооз ачуу жөнүндө Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Адамдар ооз ачууга качанкыга чейин шашылып турса, ошол кезге чейин жакшылык менен берекелерди алып турушат», – деп айткан. («Бухарий», Китаабус-Саум)

Эркек-аялдын бири-бирине жакшы мамиле кылуусу

Эркек менен аялдын бири-бирине жакшы мамиле кылуусу да ибадат болуп калат. Алла Таала орозого тиешелүү Куран аяттарында эркек-аялды бири-биринин кийим-кечеги деп, алардын көӊүлүн бул маанилүү маселеге бургузган.

Ата-энеге кызмат кылуу

Рамазан айы менен ата-энеге кызмат кылуунун ортосунда да кандайдыр бир тереӊ алака-байланыш бар. Картайган ата-энеге кызмат кылуу да кандайдыр бир ибадат болуп саналат.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан:

«Эки адам өтө эле бактысыз: бири Рамазан айын учуратып, бирок рамазан айы келип-кеткенине карабай анын күнөөлөрү кечирилбей калган, экинчиси ата-энесин көргөн, анан ата-энеси дүйнөдөн өткөнчө аларга кызмат кылбай күнөөлөрү кечирилбей калган».

Акыркы он күндүгү

Рамазан айынын акыркы күндөрүндөгү ибадаттары жөнүндө да Курани Карим жана хадистерде кезигет. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ибадаты мурдагысынан да күч алчу. Мына ошол он күндө эътикааф кылуу жана кадр түнүнүн ибадаты да бар.

Кыскасы, Рамазан айында Алла Тааланын ыраазычылыгына татыктуу болуу үчүн орозо туткан адамдын ар бир иш-аракети жана ар бир кыймылы да ибадат болуп кетет. Өз ачуусун ичине жутуп алып, аны менен жаӊжалдашып жаткан адамга: «Иннийй сааимун», (мен орозо кармаганмын)», – деп айтуусу да ибадат болуп саналат. Жалганчылыктан жийиркенүүсү, чындыкты сүйүүсү, ушак айтуу, ар бир абийирсиздик жана курулай нерседен оолак болуп, алардан сактанууга ниет коюусу да ибадат болуп калат. Орозо туткан учурда бир гана Алла Таала үчүн адал нерселерден оолак болуу адаты да ибадат деп саналат. Рамазан айында ибадаттын сообу да жалпы күндөргө караганда, бир канча эсе көбүрөөк болуп кетет. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Кимде-ким ушул айда Алла Таалага жакындоо үчүн кандайдыр бир финансылык же денелик ибадатты жасаса, ага парыз ибадатка тете сооп болот жана кимде-ким бир парыз намазын окуса, ага 70 парыз намазына тете сооп берилет», – деп айткан.

Алла Таала «Ал-Бакара» сүрөөсүнүн бир жеринде ибадатты такыба деп, башка жеринде орозону такыба менен байланыштырып, орозодо ибадат кылып жатканда, такыба болуу да өзүнчө бир ибадат экенине көӊүлүбүздү бургузган.

Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиисалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) Рамазан айынан мурун окуган жума кутбасынын аягында төмөнкүдөй дуба сураган:

«Алла Таала бизге такыба жолунда жүрүп, Алла Тааланын ыраазычылыгын жогору коюп, рамазан орозолорунан пайдаланууга күч-кубат берсин!» (Аамийн)

Share via