Адамзаттын хидаят (туура жол) табуусу үчүн дуба
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Адамзаттын хидаят (туура жол) табуусу үчүн дуба

Каабаны курган кезде, Азирети Ибраахийм (алайхиссалаам) сураган дубалардын арасында адамзат хидаят табуусу үчүн сураган төмөнкүдөй бийик салтанаттуу дубасы дагы бар болчу. Бул жөнүндө Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай дечү: «Мен атам – Ибраахиймдин дубасынын жемишимин». («Тафсир-э-Куртабий» 2-бөлүк, 117-бет)

رَبَّنَا وَابۡعَثۡ فِیۡہِمۡ رَسُوۡلًا مِّنۡہُمۡ یَتۡلُوۡا عَلَیۡہِمۡ اٰیٰتِکَ وَیُعَلِّمُہُمُ الۡکِتٰبَ وَالۡحِکۡمَۃَ وَیُزَکِّیۡہِمۡ ؕ اِنَّکَ اَنۡتَ الۡعَزِیۡزُ الۡحَکِیۡمُ

Окулушу: Раббанаа вабъас фийхим расуулам-минхум йатлуу алайхим аайаатика ва юъаллимухумул-китааба вал-хикмата ва юзаккийхим, иннака антал-азийзул-хакийм. (2:130)

Котормосу: «Эй, Раббибиз! Аларга өздөрүнөн болгон, аларга Сенин аяттарыңды окуй турган жана аларга Китепти үйрөтө турган, ошондой эле анын даанышмандыгын дагы үйрөтө турган жана аларды тазалай турган бир улуу Пайгамбарды жөнөткүн. Албетте, Сен эң жеңүүчү (жана) эң даанышмансың. («Ал-Бакара» сүрөөсү:130)

Share via