Кемеге чыгуу дубасы
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Кемеге чыгуу дубасы

Нух (алайхиссалаам)дын коомуна келген топондун учурунда Азирети Нух (алайхиссалаам) кемеге чыгып жаткан кезде, Алла Тааланын буйругу менен ушул дубаны да окуган. Анын кемеси Жуди тоосунун чокусуна барып токтогон. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай дечү эле: «Бул дуба менин үммөтүм үчүн чөгүп кетүүдөн аман калуу себепчиси». («Тафсир-э-Куртбий» 9-бөлүк, 37-бет)بِسۡمِ اللّٰہِ مَ‍‍جۡؔرٖٮہَا وَمُرۡسٰٮہَا ؕ اِنَّ رَبِّیۡ لَغَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌОКУЛУШУ: БИСМИЛЛААХИ МАЖРИЙХАА ВА МУРСААХАА, ИННА РАББИЙ ЛА-ГАФУУРУР-РАХИЙМ. (11:42)

Котормосу: «Мунун жүрүшү да, мунун токтошу да Алланын наамы менен гана. Албетте, Раббим өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу». («Худ» сүрөөсү:42)

Share via