Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Кемеге чыгуунун экинчи дубасы

Азирети Нух (алайхиссалаам)га Алла таала мындай деп көрсөтмө берген: «Кемеге чыкканыңарда, алгач төмөнкү дубаны окугула:

Ал-хамдулиллаахиллазий нажжаанаа минал-каумиз-заалимийн. (23:29)

Ал-хамдулиллаахиллазий нажжаанаа минал-каумиз-заалимийн. (23:29)

(Бардык мактоо-алкоо бизди заалим коомдон куткарган (Алла)га гана таандык). Анан төмөнкү дубаны окугула». Азирети Али (разияллааху анху) мечитке кирээрде да ушул дубаны окучу эле. («Тафсир-э-Куртбий» 12-бөлүк, 120-бет)

Рабби анзилний мунзалам-мубааракан ва анта хайрул-мунзилийн. (23:30)

Рабби анзилний мунзалам-мубааракан ва анта хайрул-мунзилийн. (23:30)

Котормосу: «Эй, Раббим! Мени түшө турган бир куттуу жайга түшүргүн. Сен түшүрүүчүлөрдүн эң жакшысысың». («Ал-Му’минуун» сүрөөсү:30)

Send this to a friend