Унаага минүү дубасы

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) унаага минген кезде, үч жолу «Субхааналлаах» (Алла – Ыйык), «Ал-хамдулиллаах» (Бардык мактоо-алкоо Аллага гана таандык), «Аллааху Акбар» (Алла баарынан Улук) деген сөздөрдү окуп, анан төмөнкү дубаны окучу эле. («Муснад Абу Давуд ат-Тиялсий)سُبۡحٰنَ الَّذِیۡ سَخَّرَ لَنَا ہٰذَا وَمَا کُنَّا لَہٗ مُقۡرِنِیۡنَوَاِنَّاۤ اِلٰی رَبِّنَا لَمُنۡقَلِبُوۡنَОКУЛУШУ: СУБХААНАЛЛАЗИЙ САХХАРА ЛАНАА ХААЗАА ВАМАА КУННАА ЛАХУУ МУКРИНИЙН. ВА ИННААА ИЛАА РАББИНАА ЛА-МУНКАЛИБУУН. (43:14-15)
Котормосу: «Бизге муну моюн сундуруп койгон (Алла) – Таза, муну моюн сундурууга бизде күч жок болчу. Албетте, биз Раббибиздин алдына кайтуучубуз». («Аз-Зухруф» сүрөөсү:14-15)