Истигфар – бир «тумар», этият жана даары • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Истигфар – бир «тумар», этият жана даары

мечит ыйман Ислам дин Намаз Куран орозо Мусулман Момун

Истигфар – бир «тумар», этият жана даары

Мына ушул оор күндөрдө бардыгы үчүн Истигфар кылуубуз керек

Ислам дининин терминдеринин арасында «Астагфируллах» деген термин бар, аны «Истигфар» жана «Тобо» деген аталыш менен дагы аташат. Алла Таала Курани Каримде кайра-кайра момун-мусулмандарга алар кетирген мурунку каталарына тобо келтирип, Алла Тааладан кечирим сурап, келечекте мына ошондой каталарды кайталабоого буюрган. Мисалы,

 وَ اسۡتَغۡفِرُوا اللّٰہَ

Жана Алладан кечирим сурагыла. (2:200)

وَ بِالۡاَسۡحَارِ ہُمۡ یَسۡتَغۡفِرُوۡنَ

Жана таңкысын дагы алар кечирим тилеп турар эле. (51:19)

Алла Таала адамдарга алар өздөрү кетирген айып-кемчиликтери үчүн гана кечирим суроо менен чектелбей, башка момун-мусулмандар үчүн дагы кечирим суроо жана алар үчүн кечирим дубасын суроого насаат кылган: мисалы,

وَ اسۡتَغۡفِرۡ لِذَنۡۢبِکَ 

Жана өз айып-кемчилигиң үчүн кечирим сурагын. (47:20)

Анан мындай деп айткан:

 فَاعۡفُ عَنۡہُمۡ وَ اسۡتَغۡفِرۡ لَہُمۡ

Ошентип, аларды кечиргин жана алар үчүн (Алладан) кечирим сурагын. (3:160)

Хадис китептеринде дагы Истигфардын өтө эле маанилүүлүгү экендиги тууралуу баса белгиленип насаат кылынган. Ал гана эмес, тобо келтирүү жана кечирим суроону Алла Таала жөнүндө жакшы ойго ээ болууга байланыштырып жиберген. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан: токойдо (тамак-ашы менен) жоголуп кеткен ургаачы төөсүн тапкан адам канчалык кубанычта болсо, Алла Таала Өз пендесинин тобосуна андан дагы көбүрөөк кубанычта болот. («Бухарий», Китаабуд-Даъваат)

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мурунку үммөттөрдө болуп өткөн төмөндөгүдөй кечиримдүүлүк окуясын өтө чоң кубаныч жана шыктануу менен өз сахаабалары (разияллааху анхум)га айтып, кечирим суроого насаат кылуу менен бирге өз Раббисинин ырайымдуулугу жана адамзатка болгон мээримдүүлүгү жөнүндөгү зикирден да өтө рахат алчу.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айтчу: силерден мурун өтүп кеткен адамдардын арасында бир адам 99 адамды өлтүргөн эле. Акыр аягында, анын жүрөгүндө бушаймандык пайда болгон. Ал бир улуу аалымга барып, андан ал күнөөсүнүн тобосу жөнүндө сураган. Ал ага дүйнөдөн оолак болуп, куру ибадат менен алектенип турган бир адам тууралуу айтып берген. Ал киши ага барып, андан тобо келтирүү тууралуу сураган. Ал ага: «Токсон тогуз адамды өлтүргөн адамдын тобосу кантип кабыл болмок эле?» – деп жооп берген. Ошондо ал киши ошол куру ибадат кылып отурган адамды дагы өлтүрүп, өлтүргөн адамдарынын санын жүзгө жеткирген. Анан ал кайрадан бушайман болгон. Ага дагы бир аалым тууралуу айтылган, ал ага барып, өзүнүн тобо келтирүүсү жөнүндө сураган. Ал аалым: «Албетте, тобо кабыл болот, сен ибадат жана дин кызматы менен алектенип турган баланча адамга баргын», – деп айткан. Ал жүз адамды өлтүргөн өлтүрүүчү ошол айтылган улуу инсанды издеп жолго чыккан. Жарым жолго жеткенде, ага ажал келген. Ошондо рахмат жана азап берүүчү периштелердин ортосунда талашып-тартышуу башталган. Рахмат периштелери ал тобо келтирген болчу, ошол үчүн аны бейишке алып барууга аракет кылышкан, ал эми азап периштелери ал эч жакшылык кылган эмес, ал кантип кечирилиши мүмкүн деп айтышкан. Ошондо адам келбетин кийген бир периште келген, аны ошол эки тараптагы периштелер өздөрүнө калыс кылып алышкан.

Ал эки тарапты угуп, ал адам басып келген жолду жана ал баса турган жолду өлчөп алгыла, эгер ал басып келген жол көп болсо, аны бейиш периштелери алып кетишсин деп өкүм чыгарган. Ал аралык өлчөшкөндө, ал баса турган жол аз калгандыгы аныкталган. Ошондо рахмат периштелери аны бейишке алып кетишкен экен». («Сахих Муслим», Китаабут-Тавба, Баабу кабулит-Тавба)

Дагы бир рабаятта ал басып келген жол аз болчу, бирок периштелер жолду узартып жиберишкен, узартып жиберишти, себеби ал киши тобо келтирген болчу жана чын жүрөктөн келтирилген тобо Алла Таалага аябай жагат деп кезигет.

Адамда толтура айып-кемчилик бар эмеспи жана ал күндө билбей туруп, жыйырма чакты каталарга жол койбойбу. Ал ошол кетирген каталары үчүн тобо да келтирет, кечирим да сурайт, бирок каалап-каалабай, кайрадан ошондой каталарга жол коёт. Алла Таала болсо, өтө кечирүүчү жана ырайымдуу. Ал ошол келтирген тобосун кабыл кылат жана кайра-кайра кабыл кылат. Ошондуктан, биз күндө Истигфаар кылууга, Алла Таалдан кечирим суроого адаттануубуз керек.

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

«Негизинен, Истигфаардын түпкү мааниси бул: мен эч бир күнөө ишин жасабайын, тагыраак айтканда, мен бейкүнөө бойдон турайын. Андан кийинки даражада турган анын экинчи мааниси бул: мен кылган күнөөлөрүм үчүн мага жете турган анын жаман натыйжаларынан мен сактанып турайын». («Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын тафсири», 1-том, 685-бет)

Анан мындай деп жазат:

«Руханий көгөрүүнүн сактануу жана коопсуздукта болуусу үчүн же ошол көгөрүүнүн өсүп-өнүгүүсү үчүн түпкү жашоо булагынан саламаттык суусун тилөө. Ушул эле нерсени Курани Карим башкача сөздөр менен айтканда, «Истигфар» деген ат менен атаган». («Нурул-Куран № 1, Руханий Хазайын, 9-том, 357-бет)

Истигфар кылууга насаат кылып, Хузур (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

  • Менин назарымда Истигфардан аша чаап бир дагы «тумар», этият жана даары жок;
  • Көп-көп Истигфар кылгыла, бул адамдын кайгы-капачылыктардан сактануусунун жол-жобосу;
  • Көп-көп Истигфар кылгыла, ал аркылуу күнөөлөр да кечирилет, Алла Таала балдарды да тартуулайт.

(«Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын тафсири», 1-том, 688-бет)

Халифалардын баары Жамаат мүчөлөрүн Истигфарга кылууга чакырып турушкан. Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын I Халифасы Азирети Хаким Мавлавий Нуруддин (разияллааху анху) мындай деп айтат:

«Ар бир ибадаттан кийин Истигфар кылууга буюрулган. Карагыла, сажда чоң ибадат болуп саналат жана саждадан кийин «Аллаахуммагфирлий вар-хамний ва аафиний…» деп окулат. Ошондой эле намаз бүткөн соң Истигфар кылабыз. Кудум ошондой ажылык ибадаты түгөнөйүн деп калганда, Истигфар кылгыла деп айтылган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) кайсы бир жыйындан турганда, (жетимиштен жүзгө чейин) Истигфар кылчу». («Хакайыкул-Фуркаан», 1-том, 337-338-бет)

Ислам окуулары жана китептеринде Истигфар кылуу жана тобо келтирүүнүн артыкчылыгы, берекелери жана маанилүүлүгү тууралуу аябай көп жазылган жана айтылган экен. Бир кыскача макалада ошолордун баарын айтып берүү өтө кыйын. Бул жерде бир гана ишаарат катары айтуу максатка ылайык болот деп ойлойм, «Астагфируллах» сөзү дагы Ислам дининин аталмаларынын бири болуп саналат, аны кайра-кайра окуп, өз жашоолорубуздун бир зарыл бөлүгүнө айландырууга аракет кылуубуз керек. Албетте, Истигфар күнөөлөрдү өчүрүүчү куралы болуп эсептелинет, анан күнөөлөр өртөнүп, жок болгондо, адам Алла Тааланын чексиз кут-берекелерине татыктуу болуп калат.

Ушул жерде Куран жана хадистерде ар кандай зикирлер тууралуу сөз болгон, эгер Истигфар кылынса, анда башка зикирлерди чалуу керекпи же жокпу деген суроо туулат. Бул тууралуу талаш жок. Ислам окууларында баян этилген зикирлердин баары өз ордунда маанилүү жана анын берекелери да адамга берилет. Ошол зикирлерди төмөнкүдөй мисал менен түшүнүүгө болот: адам ар кандай жыпар жыттуу самындар менен жуунат, таза кийим-кечекти кийет, анан аларга атыр да себет. Ошентип, руханий гусул үчүн ушул зикирлердин баары адамды тазалоо үчүн болот.

Хадистер жана мурунку китептерде Истигфар үчүн ар кандай сөздөр колдонулган. Төмөндө ушундай бир Истигфар жана ушундай көркөм сөздөр менен берилип жатат, эгер дүйнөдөгү бардык зикирлер таразанын бир жагына жана ушул сөздөр башка жагына коюлса, анда ушул жагы басып кетет.

Азирети Айша (разияллааху анхаа) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын көбүнчө төмөнкүдөй дуба окуганын рабаят этет:

سُبْحَانَ اللّٰهِ وَبِحَمْدِهِ، أَسْتَغْفِرُ اللّٰهَ وَأَتُوْبُ إِلَيْهِ

«Субхааналлаахи ваби хамдихий, астагфируллааха ва атуубу илайх». Мен: «Эй, Алланын Элчиси! Мен «Субхааналлаахи ваби хамдихий, астагфируллааха ва атуубу илайх» деген сөздөрдү көп-көп окуганыңызды байкадамдым», – деп сурадым. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Менин Раббим мага мен тез арада өз үммөтүмдө бир жышаанды көрөм жана аны көргөнүмдө, «Субхааналлаахи ваби хамдихий, астагфируллааха ва атуубу илайх» деген сөздөрдү көп-көп окушум керектигин мага айткан. Мен ошол жышаанды көрүп алдым», – деп жооп берген.

وَ رَاَیۡتَ النَّاسَ یَدۡخُلُوۡنَ فِیۡ دِیۡنِ اللّٰہِ اَفۡوَاجًا

فَسَبِّحۡ بِحَمۡدِ رَبِّکَ وَ اسۡتَغۡفِرۡہُ ؕؔ اِنَّہٗ کَانَ تَوَّابًا

Алла Тааланын жардамы жана жеңиши келгенде, (Мекке жеңиши) сен адамдардын топ-топ болуп, Алланын динине кирип жатканын көргөнүңдө, өз Раббиңдин мактоосу менен Ага тасбийх айт жана Андан кечирим сура! Албетте, Ал абдан көп тобо кабыл кылуучу (110:2-4). (Сахих Муслим)

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) 2012-жылдын июнунунда Америкага жасаган иш сапарынын аралыгында бир студент кыз кайгы-капачылыктардан кутулуу жөнүндө сураганда, ал мындай деп жооп берген:

«Коомчулукта, үйлөрүңөрдө, кайындарыңар менен жана айлана-чөйрөңөрдө пайда боло турган бардык тынчсыздыктарды жана кайгы-капачылыктарды Истигфар кылуу жана

{لَا حَوْلَ وَلَا قُوَّةَ إِلَّا بِاللَّهِ الْعَلِيِّ الْعَظِيمِ}

«Лаа хаула валаа куввата иллаа биллаахил-алиййул-азийм» деген дубаны окуу менен кетирүүгө болот». («Ал-Фазл Интернейшнал», 17-август, 2012-жыл)

Бүгүнкү күндө дүйнө башынан өткөрүп жаткан өлтүрүүчү жана коркунучтуу оору (коронавирус) менен миңдеген адамдар өлүп кетишти жана анын келечеги тууралуу эч нерсени айтууга болбойт. Мына ушул оор ахвалда өзүбүз үчүн да Истигфар кылуу, мусулман үммөтү үчүн да Истигфар кылуу биз – момун-мусулмандарга милдет болуп саналат. Дүйнөдөгү башка адамдардын саламаттыгы жана ден-соолугу үчүн дуба кылуубуз керек, анткени алар Алла Тааланын үй-бүлөсү жана биз анын бөлүгүбүз. Алла Тааланын үй-бүлөсүнүн ар бир мүчөсү үчүн дуба кылууну өзүбүзгө парыз кылып алуубуз керек. Алла Таала дүйнөдөгү ар бир адамды ар бир балээ-кырсык жана кыйынчылыктан сактасын. Аамийн

Share via