Биз коронавирусту кантип өз үйүбүздөн айдадык? • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Биз коронавирусту кантип өз үйүбүздөн айдадык?

мечит ыйман Ислам дин Намаз Куран орозо Мусулман Момун

Риим Шрайки: өз жашоосун динге арнаган инсан (Англия)

Кудуреттүү Кудайдын мээримдүүлүгүнөн сөз

Азыр биз 2020-жылдын төртүнчү айына гана киргенбиз, бирок бардыгыбыз Январь айынан бүгүнкү күнгө чейин төрт жыл деген мөөнөттү өткөргөнбүз деп сезип жатабыз деген ойдомун. Үстүбүздөгү жылдын башында эле дүйнө ар түрдүү апааттар жана коркунучтуу окуялар менен күрөшүп келген. Баарынан да чоң апаат дагы эле кете элек, тагыраак айтканда, коронавирус (Covid-19) деген бүткүл дүйнөлүк жугуштуу оору.

Кийинки саптарга мен жазмакчы болгон нерсе жеке мага таандык, анткени бул жугуштуу оору менин үйүмө да жетип келген. Кантип жетип келгенин мен билбейм. Мен билген нерсем бул: а дегенде бул оорунун белгилери менин күйөөм Ибрахим Ихлафда башталган, ал киши күндө 3-4 саат гана уктачу. Калган бардык убакытта кудум чындап өз жашоосун динге арнап салган адам сыяктуу Алла Таала үчүн иштечү. Эгер ал өзүнүн кеңсесинде же Жамия[1]да (ал жерде араб тилинен сабак берет) болбосо, андан бир жайдан башка жайга же кандайдыр бир программа же чогулушка катышуу үчүн жеңил машине менен жол жүрөт. Бир канча жылдан бери күндө 90-100 чакырым жол жүрүү анын күндөлүк адатына айланып калган. Натыйжада, кээ бир учурларда тамакты да иче албай калат. Анын ушул күндөлүк иштери анын иммундук системасына таасир тийгизип, натыйжада ал оңой гана коронавируска «бута» болгон.

Коронавирус саналуу күндөрдүн ичинде эле анын өпкөлөрүнө чейин кирип кеткен. Натыйжада, тез жардам кызматын чакырууга аргасыз болгонбуз. Аны бейтапканага алып кетишкен, ал жерде бир эле күндөн кийин аны реанимацияга (ICU) которуп салышкан. Ооруканага кете электе эле ал катуу алсырагандыгынын айынан төшөккө жаткан болчу.

Мен болсом, мага катуу температура болуп, калтырап, кичине жөтөл бар эле. Ошентсе да, Алла Тааланын берешендиги менен үйдөгү зарыл жумуштар жана Жамаат кызматтарын аткарууга жарактуу элем. Бирок менин күйөөмдү реанимацияга которушканда, буттарым менин денемдин жүгүн көтөрө албай калган. Мен өзүмдү кудум деңиздин дал ортосунда айлампанын ичинде турганымды көрүп, толкундар мени ары бери түртүп жатканын сездим жана азыр эле чөгүп кетем деген сезимде болгом.

Мен денелик жагынан эмес, бирок мээ жагынан аябай алсырап кеткен элем жана мээлик алсыздыктын айынан менин көкүрөгүм, жүрөгүм жана өпкөлөрүм эзиле башталган. Бир жактан менин күйөөм ажалдын жээгинде турган болчу жана экинчи тарапта мен өз балдарым жөнүндө кабатыр элем. Менин көңүлүмө (оюма) төмөнкүдөй азгыруулар келе баштаган:

«Эгерде менин оорум дагы күчөп кетсе жана ооруканага кетүүгө аргасыз болсом, балдарым эмне болушат?»

«Биздин үй-бүлөбүз ушул жерде жашабайт. Мына ошондой жагдайда эгер күйөөм каза болуп калса, анда балдарыбыз эмне болот?»

«Мына ошондой жагдайда менин күйөөмдүн бир туугандары Англияга келип, аны алып кете алышабы?»

«Канча мөөнөткө чейин мына ушундай болуп турат? Ал убакытка чейин балдарыбыз эмне болот? Алар жетим болуп калышабы? Биздин жаназа намазыбыз жана гусулубуз кандай болот? Бизге гусул берилет бекен? Бизди исламдык ыкмада жерге беришет бекен?»

Ушул сыяктуу көптөгөн оор суроолор менин мээм жана рухума азап бере баштаган.

Мага баарынан да көп азап берген нерсе бул – кээ бир менин тааныш-билиштерим тарабынан менде пайда болгон анык-так белгилер жөнүндө мага келген айрым оор кабарлар (сообщениелер)  болгон. Ошол сообщениелердин бири мага өзгөчө азап берген. Бир аял мага: «Кабатыр болбо, бул Алла Тааланын каалоосу жана күнөөлөрдүн куну», – деп жазган болчу. Ооба, мен билем, момун-мусулманга жеткен ар бир оордук, а түгүл анын бутуна кирген тикенек үчүн дагы Алла Таала анын күнөөлөрүн кечирет. (Сахих Бухарий). Бирок бул пенде менен Алланын ортосундагы маселе эмеспи. Ооруп жаткан бир адамга: «Бул күнөөлөрүңдүн куну», – деп айтуу такыр эле дурус эмес го. Бир гана Алла Таала пендени жана анын Алла Таала менен болгон алакасын жакшы билет.

Ошондой эле Жамаатыбыздан айнып кеткен кээ бир адамдардын менин күйөөмдүн ооруганына сүйүнүп жатканын да билдим. Мен: «Аларга айтып койгула, мен алардын ушул ооруга кабылышын такыр эле тилебейм. Бирок Алла Таала бизди коргоочу», – деп айттым.

Бул убакыт аралыгында мага өтө көп колдоолор да көрсөтүлгөн. Мага жүздөгөн болбосо да, жыйырмадаган-отуздаган кабарлар (сообщениелер), жакшы тилектер жана көркөм сөздөр жер жүзүнөн келген, айрыкча Ахмадий мусулман бир тууган ага-инилер жана эже-сиңдилер тарабынан. Кээ бирөөлөрү Ибрахимди иштеп жатканын билишкен эле, алар ал сыяктуу жакшы жана такыба иштерди жасоочу инсанды Алла Таала текке кетирбейт. Бизди өздөрүнүн ар бир дубасында эстеп жүргөн балдар тарабынан да көңүлүмдү көтөрүүчү тилек-сөздөр келген.

Мен адамдардын чалышкан телефондоруна жооп берген жокмун, себеби мен адамдардын үндөрүндөгү кайгы-капаны угууну каалабайт элем, анткени аны менен менин көкүрөгүм жана өпкөлөрүм кандайдыр басымды сезчү. Мен бир гана Хузур-э-Анвардын кеңсесиндеги кызматкерлер, даарыгерлер жана күйөөм менен ооруканада байланышта болгон эки досунун телефондоруна жооп бердим.

Бир мээримдүү ата

Эми мен силерге Азирети Амирул-Му’минийн (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) тууралуу бир аз айтмакчымын.

халифат халифа Ислам ыйман дин такыба тууганчылык мусулман момун мечит чогулуш дуба ак бата Алла Кудай Пайгамбар хадис сахаба

Мен Сириядан болом. Согуштан кийин бир тууган ага-инилерим жана эже-карындаштарымдын баары дүйнөгө таркалып кетишкен, алар менен көрүшкөнүмө бир топ жылдар өтүп кеткен.

Менин күйөөм Голландияда төрөлгөн жана анын бардык үй-бүлөөсү ошол эле жерде жашачу. Англияда тууган-туушкандарыбыздын бирөөсү да жашабайт. Эгер алыскы туугандарыбыздын бирөөсү болсо да, ал биз тууралуу кабатыр да болбойт. Анткени, биз Ахмадия Мусулман Жамаатына мүчө болгонбуздан бери алар биз менен сүйлөшпөй коюшкан. Мына ошондон улам ал-Хамдулиллах, биз Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жана Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын кээ бир сахаабалары башынан өткөргөн сыноолордун баарына тажрыйба кылуу сыймыгына ээ болгонбуз.

Биздин чоочундук жана жалгыздык ахвалыбызда Азирети Амирул-Муминий (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) биз үчүн кандайдыр бир мээримдүү ата сыяктуу болгон жана азыркыга чейин болуп келүүдө. Ал кудум өзүнүн балдары сыяктуу бизге караган, алар дагы биз үчүн кудум чыныгы бир тууган ага-инилер жана эже-карындаштар сыяктуу. (Хузур-э-Анвардын) урматтуу жубайын мен өзүмө эне деп билем, чындыгында ал менин энем гана болбостон, мага бир мээримдүү дос да болот.

Менин күйөөм бейтапканада болгондо, айрыкча Хузур-э-Анвар жана Хузурдун үй-бүлөсү мага көрсөткөн сүйүү-махабат жана мээримдүүлүк мага Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын улуу даражалуу сахаабасы Азирети Сулайман Фарсий (разияллааху анху)ну эскертип кеткен. Ал арабдардын арасында болгон араб эмес бир инсан болчу, ошентсе да Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ал тууралуу: «Ал дагы биздин үй-бүлөбүздөн», – деп айткан. Кудум ошондой мен дагы өзүмдү Хузур-э-Анвардын үй-бүлөсүнөн экенимди сезгем. Ал биз үчүн даарыларды жөнөтчү, жей турган нерселерди белгилөөчү жана өзүнүн үй-бүлө мүчөлөрү жана өзүнүн кеңсесиндеги кызматкерлер аркылуу ал-ахвалыбызды сурап турчу. Чындыкты айта турган болсом, Хузур-э-Анвардын мээримдүүлүктөрүн жазууга калемимде күч жок. Эмнени гана жазбасам, Хузур-э-Анвардын көрсөткөн аталык мээримдүүлүгү жана мамилесине адилеттик кыла албай калам. Биз Хузур-э-Анварга чын жүрөктөн ыраазычылыкты билдиребиз. Биздин жашоолорубуз Халифатка курман болсун деп Алла Таалага дуба кылабыз. Аамийн.

Хузур-э-Анвардын 20-март күнүн окуган жума кутбасын жана коронавирус тууралуу «Ал-Хакам» газетасына жарык көргөн сөздөрүн мен эч качан унута албайм. Хузур-э-Анвардын сөздөрү менин каттарыма жооп болчу жана мен үчүн кандайдыр бир шыпаа берүүчү даары болчу жана ал сөздөр мага берилген жооп деп ишенчү элем. Бирок, ушуга карабай, эки күндөн бери менин көңүлүмдү көтөрүү үчүн Хузур-э-Анвар тарабынан түздөн түз эч бир тилек (кабар) сөз келбеген болчу. Кыскасы, (Эл аралык МТАнын директору) урматтуу Мунир Аудэ мырза Хузур-э-Анвар менен жолукканы кетейин дегенде мага чалып: «Сиз Хузур-э-Анварга айта турган кебиңиз барбы?» – деп сураганда, мен: «Сиз Азирети Амирул-Муминийнге көңүлүмдүн тынч болушу үчүн анын сөздөрүн күтүп жатам», – деп айтыңыз», – деген элем.

Мунир Аудэ мырза мен айткандарымды Хузур-э-Анварга жеткиргенде, Хузур-э-Анвар унчукпай сүкүт сактаган. Бирок жолугушуунун аягында Хузур-э-Анвар: «Риимге айтып койгун, ал тынчтансын, Ибрахимге эч нерсе болбойт. Ал айыгып кетет», – деп айткан.

Алла Тааланын мээримдүүлүгү

Мен күнү-түнү бүткүл ааламдардын Раббисине дуба кылдым. Менин эсимде төмөнкүдөй окуя баян этилген хадис бар болчу: үч адам бир үңкүрдө болушчу. Бир таш кулап, ал үңкүрдүн оозу жабылган. Алар бир гана Алла Тааланын ыраазычылыгына жетишүү үчүн жасаган жакшылыктарын эстеп, Алла Таалага жалынып-жалбарышкан. Алар ошол кылган жакшы иштерин ортого салып, дуба кылышканда, ал таш жыла берген жана үңкүрдүн оозу ачыла берген. Алардын баары аман калышкан.

Кудум ушундай мен жана Ибрахим бир гана Алла Тааланын ыраазычылыгына жетишүү үчүн жасаган иштеримди өзүмдүн Сүйүктүү Кудайымдын алдына койдум. Ал албетте, аларды баарынан жакшы билет. Мен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) сураган дубаларын, Куранда айтылган дубаларды жана Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) кылган дубаларын дагы сурап тургам.

Ошондо Алла Таала Азирети Ыйса (алайхиссалаам) айкаш жыгачка кагылган учурда: «Эй, Алла! Ушул өлүм чөйчөгүн бизден алыстагын», – деп сураган дубасын менин көңүлүмө салган жана мен ушул дубаны жүздөгөн жолу кайталадым жана менде Алла Таала кудум Азирети Ыйса (алайхиссалаам)дан ушул өлүм чөйчөгүн алыстатканындай, бизден да аны алыстатып жиберет деген сезим пайда болгончо окуй бердим.

Бир түндө мен төмөнкүдөй түш көрдүм: Нура аттуу бир христиан медайым өтө мээримдүүлүк менен Ибрахимге карайт жана бул аралыкта ал ага даават кылууга да аракет кылды. Андан кийин тез арада Ибрахим бейтапканадан чыгарылды. Ибрахим мага: «Алла Тааланын берешендиги менен мен анын крестин талкалап салдым», – деп айткан. Тагыраак айтканда, Ыйсаны крестке кагуу же кудай экендиги деген сыяктуу бардык билдирүүлөрүнүн туура эместигин далилдеп көрсөттүм деди.

Кызык нерсе, чынында ал жерде бир христиан медайым ага карап жаткан болчу жана аны менен Ибрахим Азирети Ыйса (алайхиссалаам) тууралуу сүйлөшкөн эле. Ал киши Ислам таалимдеринин негизинде Азирети Ыйса (алайхиссалаам)дын чыныгы даража-мартабасын айтып бергенде, ал медайым угуп, сүйүнүп калган жана көңүлү ток болгон. Ал-Хамдулиллах!

Жер жүзүндөгү миңдеген Ахмадий мусулмандар жана баарынан аша чаап Азирети Амирул-Муминийн биз үчүн чын жүрөктөн жана өтө мээримдүүлүк менен дуба сурап жатышкан. Алардын арасындагы бир топ адамдар садага да беришкен. Тууганыбыз Шариф Аудэ мырза (Кабабирдеги Жамаатыбыздын Амри) Кадыянда Байтуд-Дуъаада өзгөчө аткарылган Нафл намаздарында Ибрахим үчүн дуба кылган. Азыр мага ар бир жерден, Кадиян, Рабвах, Америка, Канада, Араб өлкөлөрү, Европа жана Британиядан көңүлдү жупатуучу дубалардан турган кабарлар (сообщениелер) келип жатат.

Мен Норвегиядагы Береван деген досумду эч качан эсимен чыгара албайм. Ал Ибрахим реанимацияга которулган күнү мага: «Сиз жакшысызбы? Мен дуба сурап жатканымда дароо Алла Таала «сиз үчүн жана сиздин үй-бүлөңүз үчүн аябай көп дуба кылуум керек» деген нерсени көңүлүмө салган», – деген кабарларды жиберген. Ошондо мен: «Эй, Раббим! Сен анын дубаларын кабыл кылайын дегениң үчүн гана анын көңүлүн бул жакка бургансың деп ишенем», – деп айттым.

Мына ушул бардык окуялардын айынан менин жүрөгүмдө Алла Тааланын мээримдүүлүгү үмүтү дагы күчөп кетти жана Ал албетте Өзүнүн мээримдүүлүгүн бизге түшүрөт деп бекем ишендим.

Андан кийин чындыгында менин күйөөмдүн ахвалы жакшыра баштаган. Ал төрт күн реанимацияда жаткан соң жалпы палатага которулган жана бешинчи күнү Алла Тааланын берешендиги менен үйүнө кайтып келди.

Эми мен ушул окуя тууралуу ой жүгүрткөнүмдө, ушул тажрыйбадан эмне деген пайдалар жана берекелерге ээ болгонубузду байкаймын. Андан тышкары, аны мен сураган дубаларымдын кабыл болгондугунун бир көрүнүшү деп байкадым. Ооба, Алла Таала менин дубаларыма жооп берди. Мисалы, мен ар дайым: «Эй, Алла! Бизди Сага жакындата турган бир иш кылгын!» – деген дубаны сурачу элем. Эми Ал Ырайымдуу Алла ушул дубаны кабыл кылып, бизди мына ушул тажрыйбалардан өткөзгөн.

Ушул убакыт аралыгында бизге жеткен башка пайдалардын дагы бири: адамдар мурдагысынан да аша чаап бизге мээримдүүлүгүн көрсөтүштү жана хадис боюнча ушул сүйүү-махабат дагы Алла Тааланын мээримдүүлүгүнүн аркасында гана насип этилет деп билебиз.

Андан тышкары, өз өмүрүмдө биринчи жолу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын төмөнкүдөй хадисинин туура маанисин түшүндүм: «Момун-мусулман пенделер өз ара болгон сүйүү-махабат жана мээримдүүлүк жагынан кудум эле бир дененин мүчөлөрү сыяктуу болушат, дене мүчөлөрүнүн бири ооруп калганда, бүткүл толку боюнун уйкусу качат жана ал температурага чалдыгып калат». (Сахих Муслим)

Мага таң ата электе Тахажжуд намазынын маалында дагы ар түрдүү сооронуулар жана дубалардан турган кабарлар келип турган болчу.

Бирок жогорудагы мен сөз кылгандай, ушул бардык ахвалдардан мага жеткен эң улуу пайда мындай болгон: биз Алла Таалага дагы жакын болуу мүмкүнчүлүгүнө жетиштик, ошондой эле Халифат жана анын даража-мартабасы тууралуу ыйманыбыз дагы бекемдеп калды. Халифат менен тыгыз байланышта эле дүйнөдө дагы, акыретте дагы биз үчүн түбөлүк жашоо бардыгы деген акыйкат толук бойдон бизге ачылды.

Сүйүктүү бир тууган эже-сиңдилерим жана ага-инилерим!

Көзгө да көрүнбөгөн кичине бир вирус дүйнөдөгү күчтүү салтанаттуу күчтөрдү да аргасыз жана шал кылып жиберген экен. Келгиле, ушул оор мезгилде өз ыймандарыбыздан пайдаланалы, Алла Таала ушул жугуштуу оорудан жерди куткарсын деп Алла Таалага кайрылалы жана анын мээримдүүлүгүн талап кылалы!

Келгиле, бул дүйнөгө анын чыныгы Жаратуучусунан кабар берип, ага эми дүйнөнүн кутулуусу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын чыныгы кулу, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) алдын ала кабарлаган Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)га ыйман келтирүүгө гана байланыштуу экенин айталы. Ар бир жан өлүм даамын татуучу. Биз ушул вирус менен өлөбүзбү же өлүмүбүзгө кандайдыр бир башка себеп болобу, кандай гана жагдай болбосун, биз Алла Тааланын астында кабыл бололу. Аамийн.

Бул макала англис тилинде пресс жана медиа кеңсесинин веб-сайтына жарыяланган. Түпкү макаланы окуу үчүн төмөнкүдөй ссылкага басууңузду суранабыз:

How Did we Expel the Coronavirus from our Home?

[1] Ахмадия Мусулман Жамаатынын жети жылдык жогорку диний окуу жайы.

Share via