Ахмадиянын Жетекчиси Англиядагы Мажлис-э-Шуурага кайрылуу жасады
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадиянын Жетекчиси Англиядагы Мажлис-э-Шуурага кайрылуу жасады

Шуура

Азирети Мырза Масрур Ахмад Ислам динин жайылтуу үчүн билим, даанышмандык жана эр жүрөктүүлүк керек деди

2018-жылдын 23-июнунда Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) Англиянын Мажлис-э-Шуурасына ыймандарды күчтөндүрүүчү кайрылуусун жасады.

Шуура

Мажлис-э-Шуураа институту – бул Исламдын чыныгы жана тынчтык таалимдерин жайылтууда Ахмадия Мусулман Жамаатынын жасап жаткан иштерин жакшыртуу жана өнүктүрүү үчүн берилүүчү сунуштарды талкуулоо үчүн Ахмадия Мусулман Жамааты тарабынан түзүлгөн негизги кеңешчи орган болуп саналат. Дээрлик 500 делегат жана  атайын чакырылгандар Шуураага катышышты.

Лондон шаарында жайгашкан «Байт-ул-Футух» мечитинин имаратына келгенден кийин, Азирети Мырза Масрур Ахмад эки күндүк жолугушууга 40 мүнөт кайрылуу жасады.

Лондон шаарында жайгашкан «Байт-ул-Футух» мечитинде делегаттарга кайрылуу жасап, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Шуураа мүчөлөрү катары сиздер абдан момундук менен иш-аракет кылууңар керек жана биздин ой-пикирибиз башкалардыкына караганда салмактуураак – деп эч качан ойлобошуңар керек. Мындай момундук рух Шуураанын өз ара сый-урмат маанайда өтүүсүнө шарт түзөт жана бул нерсе позитивдүү ой-пикир алмашууга жана талкууну жогорку деңгээлде өткөрүүгө алып келет».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Шуураанын ар бир мүчөсү такыбасыз эч нерсеге жетишүү мүмкүн эместигин жана анысыз талкуу же талашып-тартышуунун эч качан жемиштүү болбой турарын түшүнүүсү керек. Такыбалуулук Алла Таала ар бир ой-пикирибиз жана ой-ниетибизди билет – деп ар дайым чын жүрөктөн Алла Тааладан коркууңарды талап кылат. Ал силердин ой-ниетиңер коомдук пикирлерге таянганбы же жеке кызыкчылыктар аралашкандыгы туралуу билет».

Ал Азирети Шуураада жыл сайын талкууланган маселелердин бири Ахмадия Мусулман Жамаатынын жылдык бюджети экенин айтты. Ал Азирети Жамааттын фонддору толугу менен Ахмадия Мусулман Жамаатынын мүчөлөрү жасаган каржылык курмандыктарынын негизинде болгондуктан, бюджет «минималдуу ресурс», «максималдуу пайдалуулук» деген негизги экономикалык принципке негизделген болушу керек деп айтты. Ал финансылык курмандыктар канчалык берилгендик  менен жасалып жатканынын эч качан унутпоо керектигин айтты.

Шуура

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бардык учурда, кызматкерлер же Ахмадия Мусулман Жамаатынын мал-мүлктөрүн бөлүп же сарптоого жоопкер адамдар кандай рух менен фонддор (чандалар) чогултулгандыгын эстерине тутуулары керек. Көп учурда, Ахмадийлер биздин Жамаатыбыздын муктаждыктары аткарылсын деп өздөрүнүн жеке муктаждыктарын жана керектөөлөрүн бир жакка коюп, өздөрүн кыйынчылыктарга душар кылышат».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Эгер Ахмадий мусулмандар ушунчалык чын жүрөктөн курманчылыктарды жасап, Алла Тааланын Жамааты үчүн жеке кыйынчылыктарга кабылып жатышкан болсо, анда кызматчылар жана бюджет өндүрүүчүлөр ар бир тыйынды өтө этияттык менен пайдалануу жана эсепке алууну камсыз кылууга чоӊ маани бериши керек».

Ал Азирети Ахмадия Мусулман Жамааты дүйнөгө Ислам дининин тынчтык кабарын жайылтуу максатында түзүлгөн деп кайталады.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Мен өз кутбаларымда көп жолу айткандай, бул Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) аркылуу толук жана түбөлүк таалим жана кемчиликсиз Шариат түшүрүлгөн. Андан кийин, бул кемчиликсиз таалим Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын доорунда болгон заманбап технологиялардын келүүсү менен, ошондой эле медиа жана бүгүнкү күндөгү башка каражаттар аркылуу жайылып, өзүнүн туу чокусуна жетиши керек болчу».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Биз – бул Ислам, тагыраак айтканда чыныгы дин өзүнүн туу чокусуна жете турган куттуу доордо жашап жаткан бактылуу адамдарбыз, ошондуктан Ислам дининин тынчтык таалимдерин жайылтууга каратылган аракеттерибиз Ахмадия мусулман Жамаатынын ийгилиги жана өсүп-өнүгүүсү үчүн негиз болот. Бул Алла Таала тарабынан бизге жүктөлгөн миссия болуп саналат, ошондуктан эч качан ага кош көӊүл кароого болбойт».

Ал Азирети Исламдын тынчтык таалимдерин жайылтуу үчүн Ахмадий мусулмандар кайраттуу жана каршылыкка туруштук берүүгө даяр болушу керек деп айтты. Улуу Британияда акыркы күндөрү алып барылган «Масийх келди» деген тактадагы акцияга каршылыктар болгон, бул окуядан сөз кылып, Ал Азирети мындай деди: мындай каршылыктар Ахмадий мусулмандардын чечкиндүү ой-ниеттүүлүгүн алсыратуучу болбошу керек. Ал киши Ислам дининин кабарын ийгиликтүү жеткирүү билим, акылмандык жана кайраттуулук айкалышын талап кылат деди.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Эмне гана болбосун, Ахмадия Мусулман Жамаатынын же Исламдын кээ бир каршылаштары биз аткарып жаткан иштерибизди тетири кылып көрсөтүүгө аракет кылышат, бирок, биз андай адамдардан коркуп, артка чегинип же жашынбашыбыз керек. Ахмадий мусулмандар Пакистанда, Индонезияда, Бангладеште, Алжирде, Индиянын айрым аймактарында жана кээ бир башка өлкөлөрдө көптөгөн сыноолорго жана катуу куугунтукка дуушар болуп жатышкан жокпу? … Бирок, ошондой куугунтукка, каршылыкка карабай, биздин Ахмадий мусулмандарыбыз качышпайт, тескерисинче такыр коркпой, өздөрүнүн ишенимине толук ишенип, алдыга кадам шилтешүүдө».

Шуура

Азирети Мырза Масрур Ахмад андан ары мындай деди:

«Эгер бир аз каршылыктар пайда болсо да, коркпогула. Бул биздин кабарыбыз коомчулукка кеӊири таралып жаткандыгынын белгиси болуп саналат. Эгер жасап жаткан аракеттериӊердин ийгиликтүү болушун кааласаӊар, анда кайраттуу болушуӊар керек, акылмандыгыӊарды көрсөтүшүӊөр керек жана өз акыйдаӊарды жакшы билишиӊер керек. Бул Исламдын кабарын таратууда негизги курамдар болуп саналат».

Ал Азирети адамзаттын адеп-ахлактык жана руханий жашаруусу үчүн дуба сурап, такыбага көӊүл буруусу деген тиленүү менен өз кайрылуусун аяктады.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бардык Ахмадий мусулмандар, айрыкча кызматчылар жана Шуураа мүчөлөрү, күнөөлөрдүн бардык түрлөрүнөн алыс болуп, ар дайым өз такыбалуулугун көбөйтүүгө аракет кылуулары керек. Аягында мен Алла Таала силерге жүктөлгөн ишенимдерди аткаруу үчүн силерге толук күч-кубат берсин деп дуба кылам».

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

Чектеш темалардын мазмуну
Share via