Учурлук Халифа араб Ахмадий мусулмандарга жасаган кайрылуусу
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Азирети Мырза Масрур Ахмад арабдарга жасаган тарыхый кайрылуусу

Менин сүйүктүү араб бир тууган ага-инилерим жана эже-карындаштарым!

Ассалааму алайкум ва рахматуллаахи ва баракаатуху

Бүгүн мен силерге кыскача айта тургандарымды а дегенде урду тилинде айтып, андан кийин арабча которулушун каалаган элем, бирок Шариф Аудэ мырза жана кээ бир башка туугандардын кыстоосу менен айта турган ой-пикиримди араб тилине которутуп, өзүм эле окуп берүүнү чечтим. Мунун себеби, бүгүнкү күндүн өтө маанилүү экендиги өз Жетекчим жана Жолбашчым – Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жана Алла Тааланын эң акыркы жана эң толук Китебинин тилинин кут-берекесинен бир аз үлүш алып, ушул күндөгү маанилүүлүк жөнүндө бул тилде айтып берүүгө мени аргасыз кылды.

Бүгүнкү күн кандайдыр бир жөнөкөй күн эмес, жок бул күн мени бир миң төрт жүз жыл артка алып барып, менин Жетекчим жана Жолбашчым – Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мечитинде өзүнүн улуу даражаларга ээ болгон Сахаабалары менен чогуу отурган бир жыйынды мага эскертип кетүүдө. Ал жерде Сахаабалар (ризваануллаахи алайхим)дин арасында руханий оокат бөлүштүрүлүп жаткан, ошондой эле Ислам дининин өсүп-өнүгүүсүнө жана Алла Тааланын тагдыры тарабынан келүүчү ушул акыркы шарияттын жеңишине ар бир жүрөк бекем ишенген болчу. Ал убакта ушул ишенимге толгон жүрөктөргө дагы дем берүү үчүн Алла таала тарабынан төмөндөгүдөй куш кабар келген:

Ва аахарийна минхум ламмаа йалхакуу бихим ва хувал-азийзул-хакийм.

Ва аахарийна минхум ламмаа йалхакуу бихим ва хувал-азийзул-хакийм.

Ал кезде Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сахаабаларынын бири өтө эр жүрөктүк кылып,

Ва аахарийна минхум ламмаа йалхакуу бихим.

Ва аахарийна минхум ламмаа йалхакуу бихим.

деген сыйлык менен сыйланып, сахаабалар сабына кошула турган ошол бактылуу инсандар жөнүндө бизге чечме бериңиз деп кайра-кайра сурайт, калгандары өздөрүнүн Жетекчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сөздөрүнө кулак салып, бүтүндөй кунт коюп отурушкан экен. Бир аз убакытка созулган жымжырттыктан кийин менин Жетекчим жана Жолбашчым (саллаллааху алайхи ва саллам) өтө мээримдүүлүк менен өзүнө жакыныраак отурган, араб эмес, тескерисинче ата-теги фарсий болгон, Салман Фарсий (разияллааху анху) деген ат менен даңкы чыккан жана Ислам динине аябай берилген бир иснандын ийинине колун коюп, мындай деп айтат: «Эгерде ыйман Сурай деген жылдызга чейин кетип калган болсо да, ушулардын арасынан бир инсан аны жерге кайтарып алып келет». Ошентип, менин Жетекчим (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ушул кабары менен ал жыйында отурган ар бир адамга түшүнүктүү болуп калды: Исламдын туу чокусуна жеткен соң анын төмөндөөсү да анык; мусулмандардын айтканы менен кылган ишинде карама-каршылык пайда болуп, Ислам дининин  аты эле калат. Бирок Алла таала ушул акыркы кемел жана толук шариятты кыяматка чейин туруктуу бойдон калуусу үчүн жөнөткөн, Исламдын Сураййа аттуу жылдызга илинүүсү үчүн жөнөткөн эмес. Ошондуктан ал (саллаллааху алайхи ва саллам) төмөндөгүдөй куш кабарды да берген: ал убакта Алла таала ата-теги фарсий болгон жана араб эмес болгон бир инсанды жиберет, ал ыйманды кайрадан дүйнөдө орнотот, (адамдардын) айтканы менен кылганынын ортосундагы карама-каршылыкты кетирүүчү Жамаатты түзөт, Курани Каримдин бийлигин өздөрүнө башчы кылып орнотуучулар Жамаатын түзөт. Ал динди дүйнөдөн жогору коюучулар тобун жаратат. Алар кудум сахаабалар сыяктуу аны түзүү үчүн ар кандай курмандыкты кылууга даяр болуп турушат. Ушул кабарларды айтып, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)

Ва аахарийна минхум ламмаа йалхакуу бихим.

Ва аахарийна минхум ламмаа йалхакуу бихим.

дегендиктин тереңинен кулактандырып, акырзаманда Исламдын салтанаттуу жеңиши жөнүндөгү түшүнүк тартуулаган. Бүгүнкү күндө бардыгыбыз буга күбө болуп отурабыз: Исламдын башынан кандайдыр бир караңгылык доор өткөн соң ал эң чынчыл инсан (саллаллааху алайхи ва саллам) алдын ала айткан кабарга ылайык 1889-жылдын 23-мартында Исламдын кайрадан жандануу доору өзүнүн бардык белгилери менен башталып, акырзаманда дагы ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын чынчылдыгына тастыктоо мөөрүн басып кетти. Бардык дүйнөлүк белги-жышаандар менен Алла таала Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ушул айткандарын да орундатып, анын бийиктигин далилдеп көрсөттү. Тактап айтканда, мен айта турган белги-жышаан – бул келе турган иснандын чынчылдыгы жана өз сөзүнүн чынчылдыгы үчүн кандайдыр бир асмандык жышаан болуп, бүгүнкү күнгө чейин мындай жышаан башка бирөөнүн чынчылдыгын тастыктоо үчүн да болгон эмес. Ал менин Жетекчим Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сөзүнүн чынчылдыгын даңазалоо үчүн Рамазан айындагы өзгөчө күндөрдө ай менен күндүн тутулуусу. Ушул жышаанды Алла таала Чыгышта дагы, Батышта дагы ачыкка чыгарып көрсөткөн. Анткени, Алла тааланын төмөндөгүдөй сөздөрү да тастыкталуусу үчүн:

Вамаа арсалнаака иллаа кааффатал-линнааси башийран ва назийран валаакинна аксараннааси лаа йаъламуун. (34:29)

Вамаа арсалнаака иллаа кааффатал-линнааси башийран ва назийран валаакинна аксараннааси лаа йаъламуун. (34:29)

Демек, ай менен күндүн тутулуусу деген ушул жышаан Убада Кылынган Мессиянын келүү белгиси катары берилген болсо да, негизинен, Чыгыш менен Батышта жана дүйнөдөгү ар бир аймакта Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын бийлигин жана ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын шариятын орнотуу жарыясы катары да көрсөтүлүп, ачыкка чыккан болчу. «Азыр дүйнөдө Ислам деген бир гана тирүү дин бар жана Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) деген бир гана тирүү Пайгамбар бар», – деп кулактандыруу үчүн дагы ачыкка чыккан болчу.

Эй, сүйүктүү бир туугандарым! Бүгүнкү күндүн маанилүүлүгү ушул: Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын чыныгы кулу жана нукура аны сүйгөн – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)ды Алла Таала ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сүйүү махабатына чөгүп кеткендиги үчүн Убада Кылынган Мессия жана Махдий деген сыйлык менен сыйлады жана Убада Кылынган Меисся – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)га мындай деп буюрган: бүгүн ал ыйыктардан турган бир Жамаат түзүлүшүн жарыялап, алардан төмөндөгүдөй байъат убадасын алгын: биз Ислам динин кайрадан жандандыруу жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын байрагын бүтүн дүйнөгө желбиретүү үчүн өз жаныбызды, мал-мүлкүбүздү жана убактыбызды курман кылуудан да аябайбыз. Биз Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын Хаатамун-Набиййин (бардык пайгамбалардын мөөрү) экенине күбөлүк беребиз. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын Хаатам экендиги жана кемел экендиги деген мөөрдү дүйнөдөгү ар бир адамдын жүрөгүнө басып, аны ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га кул кылуу – бул биздин милдетибиз. Демек, Убада Кылынган Мессияга ишенгендердин моюнуна жүктөлгөн ушул милдет кандайдыр бир кичине милдет эмес. Ахмадия Мусулман Жамаатынын ушул күндү белгилөөсүнүн себеби, сахаабалардын жыйынында Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Ахаарийнден (кийинкилерден) бир коомдун мурункуларга кошулуусу жөнүндө куш кабар берген эле: биз өзүбүздү текшерип, өз амалдарыбызды текшерип, ошол аахарийндердин арасынан болууга аракеттенүүбүз керек. Дүйнөдөгү ар бир адамды Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдында чогултмайынча тынч отурбашыбыз керек. Демек, Убада Кылынган Мессия жана Махдий (алайхиссалаам)ды кабыл алгандан кийин бул Алла таала бизге жүктөгөн иш кандайдыр бир жөнөкөй иш эмес. Эй, арабдар арасындагы Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын чыныгы кулу – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)ды кабыл алган соң ушул улуу кызматты аткарууга убадалашкан бактылуу инсандар! Даанышмандык жана акыл-парасат менен бардык мусулмандарга, айрыкча Алла тааланын эң сүйүктүү жана акыркы Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам)дын тилин сүйлөөчү мусулмандарга, акыркы жана толук шарияттан турган Китептин тилин окуучу, сүйлөөчү жана түшүнүүчү мусулмандардын баарына: «Убада Кылынган Мессиянын колунда гана бүгүн мусулмандардын аманчылыгы жана өсүп-өнүгүүсү бар», – деп кабар бергиле. Убада Кылынган Мессия(алайхиссалаам)дын күйүтүн өз жердештериңерге чейин жеткирип, Убада Кылынган Мессияга жардамчы болгула: келгиле, бардыгыбыз биргелешип, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын байрагын дүйнөгө желбиретип, биринин артынан бир өлкөнү, биринин артынан бир коомду, биринин артынан бир адамды Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын кулчулугуна алып келе берели. Учурлук Имам – Убада Кылынган Мессия жана Махдий (алайхиссалаам) араб жеринин тургундарына берген кабарды береке катар жана эскертүү катары силердин назарыңыздарга сунуш кылам. Ал (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

«Ассалааму алайкум! Эй, арабдардагы такыбалуу жана ардактуу адамдар! Ассалааму алайкум! Эй, пайгамбарлык жеринин тургундары жана Алла тааланын улуу салатанаттуу Үйүнө кошуна болуп жашагандар! Силер мусулман коомдорунун арасындагы эң мыкты коом жана Улуу Алланын эң тандалган тайпасысыңар. Бир дагы коом силердин бийиктигиңерге жетише албайт. Силер ардактуулук, бийиктик жана даража-мартаба боюнча бардыгынан оозуп кеткенсиңер. Силер үчүн ушул эле сыймыктануу жетиштүү: Алла таала Өз Вахий-аянын Азирети Адам (алайхиссалаам)дан баштап, силердин араңардан болгон, ошондой эле силердин жериңер эле анын журту, туулган жери жана турагы болгон Пайгамбарда аяктады. Силер ал Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын кандай шан-шөөкөтү бар экенин кайдан билесиңер? Ал – Мухаммад Мустафаа (саллаллааху алайхи ва саллам), ардактуулардын төрагасы, пайгамбарлардын сыймыгы, Хаатамур-Русул (элчилердин эң мыктысы) жана дүйнөнүн Имамы. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сулуулугу ар бир инсанга далилденген. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын вахий-аяны мурунку бардык сырларды, диний-руханий билимдерди жана күчтүү ой-пикирлерди өз ичине камтып алган. Чыныгы руханий илим-билимдердин жана хидаяттын жоголуп кеткен жолдордун баарын ал (саллаллааху алайхи ва саллам) алып келген дини жандандырып койду. Эй, Алла! Сен жер жүзүндө бар болгон суунун бардык тамчыларына, бөлүкчөлөргө, тирүүлөргө жана өлүктөргө, ошондой эле асманда бар неселер жана көрүнөө же көмүскө нерселердин санына барабар ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га рахмат, тынчтык жана береке жөнөткүн. Биздин атыбыздан ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га ушунчалык тынчтык жеткиргин: аны менен асман өзүнүн чектерине чейин толуп кетсин. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га жеткен, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)да жоголгон, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын образына чөмүпгөн жана ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сүйүүсүнө чөгүп кеткен жүрөк – куттуу! Эй, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын куттуу кадамдары баскан жердин тургундары! Алла таала силерге ырайым кылсын, силерге ыраазы болсун жана силерди Өз ыраазычылыгына ыраазы кылсын. Эй, Алланын пенделери! Мен силер жөнүндө өтө эле жакшы ойдомун жана менин рухум (жанын) силер менен жолугушууга суусап турат. Мен силердин журтуңарды жана силердин куттуу денеңерди көрүү үчүн жалындап турам, анткени Хайрул-вараа (жаратылыштын эң мыктысы) – Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын куттуу кадамдары түшкөн жерди зыярат кылып, ал топуракты өз көздөрүмө сурма кылайын. Мен Мекке жана анын такыбаларынын ыйык жайларын, анын уламаларын көрөйүн, натыйжада ал жердеги ардактуу олуялар менен жолугушуп, ал жердеги бийик көрүнүштөрдү көрүү менен көздөрүм кубансын. Демек, Алла таалага дуба кылам: Ал Өзүнүн чексиз берешендиги менен силердин журтуңардын зыяратын мага насип этсин жана силерди көрүшүү менен мени жыргатсын. Эй, туугандарым! Мен силерди жана силердин журттарыңарды катуу сүйөм. Мен силердин жолдоруңардын топурагын жана силердин көчөлөрүңөрдүн таштарын да сүйөм. Мен силерди дүйнөдөгү ар бир нерсенден жогору коём. Эй, арабдын перзенттери! Алла таала силерди өзгөчө чексиз берекелерге, чексиз өзгөчөлүктөргө жана улуу берешендиктерге мураскер кылган. Силерде Алла Алланын Үйү бар болуп, анын аркасынан уммул-кураага (шаарлардын энеси – Меккеге) береке тартууланган. Дагы силердин араңарда Таухидди (Алланын жалгыздыгын) дүйнөдөгү бардык өлкөлөргө таратып, Алла тааланын Жалалын (кудуретин) даңазалаган Ыйык Пайгамбардын мүрзөсү бар. Силердин араңарда өзүнүн бүтүн жүрөгү менен, бүтүн руху менен жана жеткилең акыл-парасат менен Алла таала Анын Пайгамбарына көмөк көрсөтүп, Алла тааланын динин жана Анын Ыйык Китебин жайылтуу үчүн өз мал-мүлктөрүн жана жандарын курман кылып жиберген адамдар да бар болгон. Албетте, ушул артыкчылыктар силердин эле өзгөчөлүгүңөр. Силердин шан-шөөкөтүңөргө жараша силерге сый-урмат көрсөтпөгөн бирөө албетте зулумдук кылган болот. Эй, тууганым! Мен жараланган жүрөк жана агып келе жаткан көз жаштарым менен ушул катты сизге жазып жатам. Ошондуктан, менин сөзүмө кулак салгыла, бул үчүн Алла таала силерге эң мыкты сыйлык берсин.

Эй, арабдын жоош жана ата-теги күчтүү адамдары! Мен чын дил жана рух менен силер менен биргемин. Менин Раббим мага арабдар жөнүндө куш кабар берген жана аларга жардам берип, аларды туура жолго багыттап, алардын мамилелерин реформалап-оңдоо үчүн мага вахий-аян жиберген. Ушул ишти аткаруу боюнча Иншаа’Аллах (Кудай буюрса) ийгиликтүү болорума күбө болосуңар. Эй, сүйүктүүлөрүм! Алла таала Исламды колдоп, аны кайрадан жандандыруу үчүн мага Өзүнүн өзгөчө нурларын түшүрүп, Өзүнүн берекелери жамгырын мага жаадырган, жана мага ар түрдүү белектерди берген. Исламдын жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын үмммөтүнүн оор ахвалга кабылган бир кезде мага Өзүнүн өзгөчө берешендиктеринен, жеңиштеринен жана колдоолорунан кушкабар берген. Демек, эй, араб коому! Мен силерди да ушул белектерге шерик кылууну кааладым. Мен ушул күндү катуу күтүп жаткан элем. Демек, бүтүн ааламдардын Раббиси болгон Алла үчүн мага жардамдашууга макулсуңарбы?»

Кыскасы, бул мен силерге сунуш кылган ой-пикирлер ошол күйүттүү кабардын бир аз бөлүгү. Эгерде бүгүнкү күндө дүйнөдөгү бардык мусулмандар жана өзгөчө араб дүйнөсү Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га чын ашык болгон – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын ушул күйүттүү жана даанышмандыкка жык толо кабарына кулак салып, аны кабыл алышса, анда мусулман өлкөлөрүнүн кейиштүү ахвалы сүйүнчүлөргө жана рахматтарга толуп кетмек. Алла таала мусулмандарга жана айрыкча арабдарга ушул үнгө кулак салууга күч-кубат берсин, натыйжада Исламдын жарык жүзү кайрадан бир жаңы салтанаттуулугу менен өз жаркыроосу менен дүйнөнү өзүнө багынтып, дүйнө өзүнүн жалгыз Кудайын тааный баштасын. Эй, Алла! Бизге жардам бергин жана өз милдеттерибиздин акысын актоочу кылгын, ошондой эле биз өзүбүздүн тирүү кезибизде Исламдын бардык диндердин үстүнөн жеңишке чыгарын көрүүчүлөрдөн бололу. Амийн, Йаа Раббал-Ааламийн.

Share via