Вакф-э-Жадиддин 62-жылынын башталгандыгы жарыяланды
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Вакф-э-Жадиддин 62-жылынын башталгандыгы жарыяланды

Жума кутбасы

Азирети Мырза Масрур Ахмад Вакф-э-Жадиддин алтымыш экинчи жылын жарыялады

2019-жылдын 4-январынан 10-январынын аралыгында Убада кылынган Масийх жана Махдий Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз)дин ар кандай алектенүүлөрү ж.б. иштеринин күндөлүгү

4-январь күнү, куттуу жума күнү

(Байтул-Футух мечитинде) Ал Азирети (Алла Таала ага жардамчы болсун) жума кутбасын окуду, ал кутба МТАнын спутник байланыштары аркылуу, андан тышкары Ютуб ж.б. медиа форумдары аркылуу бүткүл дүйнөдө угулган жана көрсөтүлгөн. Ал Азирети өзүнүн жума кутбасында Вакф-э-Жадиддин алтымыш экинчи жылын жарыялап, өткөн бир жылдын ичинде Ахмадия Мусулман Жамааты тарабынан кылынган теӊдеши жок финансылык курмандыктарынан сөз кылды. Жер жүзүндөгү ар кайсы аймактардагы ар кайсы коомдордогу адамдардын пайдасы үчүн Азирети Амирул-Му’миний (аййадахуллааху таъаала)нын жума кутбалары жана кайрылуулары үзгүлтүксүз урду тилинен тышкары жети тилде түз эфир аркылуу МТАдан көрсөтүлөт. Ал тилдерге араб, англис, беӊгал, немец, францус, савахилий жана индонезия тили кирет. Ал эми МТА Африка аркылуу өзүнчө англис тилинин Африка акцентинде да котормосу көрсөтүлөт.

5-январь, ишенби күнү

Бүгүн Лондондогу «Фазл» мечитинде Германияга караштуу Гамбургдагы Лажна Имааиллахтын региондук Амиласы жана окуруг президенттеринен турган делегат Ал Азирети менен жолугушуу бактысына ээ болду.

◊ Пешин жана дигер намазынан мурун Ал Азирети Лондондогу «Фазл» мечитинде Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын сахаабасы Азирети Худабахш Момин Жи Сахиб (разияллааху анху)нун уулу урматтуу профессор Абдушукур Аслам мырзанын (Тутинг-Лондон) жаназасын окутуп, анын жакын туугандары менен жолугушту. Андан тышкары дагы бир маркумдун гайып жаназасын да окутту.

6-январь, жекшенби күнү

Пешин жана дигер намазынан кийин Ал Азирети Лондондогу «Фазл» мечитинде төмөнкүдөй эки никени кыйып, никелердин куттуу болушу үчүн дуба кылдырды. Анан эки тараптагы кудалар менен кол алышып көрүшүп, аларды куттуктады:

  1. Сербитондун тургуну урматтуу Зафар Ахмад Халид мырзанын кызы кымбаттуу Таййиба Халиддин (Вакифа Нау) никеси Мачандын тургуну урматтуу Алтааф Ахмад мырзанын уулу урматтуу Фархан Ахмад (Вакф-э-Нау) менен кыйылды;
  2. Сербитондун тургуну урматтуу Исматуллах Чаудхрий мырзанын кызы кымбаттуу Гания Чаудхрийдин никеси урматтуу Мухаммад Жалилур-Рахман Жамил мырзанын уулу урматтуу Дниёл Рахман мырза менен кыйылды.

◊ Шам намазынан мурун Англиядагы Лажна Имааиллаахтын улуттук Амиласы Ал Азирети менен жолугушту, ал жолугушууда Ал Азирети аларга баа жеткис насааттар жана багыттарды айтты.

8-январь, шейшемби күнү

Ал Азирети (аййадахуллаах) бүгүн Исламабадда (Тиллфорд) жаӊы курулган имараттарды көрүү жана көрсөтмөлөрдү берүү максатында жолго чыкты. Ал Азирети Исламабадда пешин жана дигер намаздарына иамамчылык кылды, андан кийин Лондонго кайтты.

Ал Азирети (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) менен жолугушуу

Ушул жума аралыгында Ал Азирети үч күн расмийлер менен, ал эми алты күн жеке адамдар менен жолугушту. Ар кайсы кеӊселердин бөлүм башчылары, тармактуу уюмдардын президенттери, кээ бир өлкөлөрдөгү тармактуу уюмдардын Амила мүчөлөрү ж.б. туугандар өздөрүнүн расмий жолугушууларында Ал Азиретиден көрсөтмөлөрдү жана багыттарды алышты.

Ушул жума аралыгында 122 үй-бүлө жана 50 адам өзү өзүнчө Ал Азирети менен жолугушуу бактысына ээ болушту. Өздөрүнүн Жетекчиси менен жолугушуу үчүн туугандар 13 өлкөдөн келишкен, алардын катарында Америка, Канада, Австралия, Германия, Норвегия, Дания, Франция, Бельгия, Швеция, Голландия, Жапан, Пакистан жана Англия кирет.

дуба ак бата

Эй, Алла! Ыйык Рух менен Имамыбызды колдогун, ал болгон жеринде аны менен бирге болгун жана ага эӊ күчтүү жардам менен көмөк көрсөткүн!

(Жумалык «Ал-Фазл Интернейшнал» газетасы, 26-том, 3-сан, куттуу жума күнү, 18-январь, 2019-жыл, 1,9-беттер)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via