Азирети Мырза Масрур Ахмад бир топ Ахмадий мусулмандар менен жолугушту
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Азирети Мырза Масрур Ахмад бир топ Ахмадий мусулмандар менен жолугушту

Халифа Ислам

2019-жылдын 11-январынан 17-январынын аралыгында Убада кылынган Масийх жана Махдий Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз)дин ар кандай алектенүүлөрү ж.б. иштеринин күндөлүгү

11-январь күнү, куттуу жума күнү

(Байтул-Футух мечитинде) Ал Азирети (Алла Таала ага жардамчы болсун) жума кутбасын окуду, ал кутба МТАнын спутник байланыштары аркылуу, андан тышкары Ютуб ж.б. медиа форумдары аркылуу бүткүл дүйнөдө угулган жана көрсөтүлгөн. Ал Азирети өзүнүн жума кутбасында Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын баш ийүү, ыкластуулук жана берилүүнүн сүрөтү болгон Бадр согушуна катышкан дагы эки сахаабасынын куттуу өмүр баянынан сөз кылып, алардын кулк-мүнөздөрүн айтып берди. Андан тышкары, Америкадан болгон байыркы, такыба жана ыкластуу бир Ахмадий айым, урматтуу Ахмад Шахийд мырзанын жубайы Алия айымдын каза болгонунан сөз кылып, аны эскерип, жума намазынан кийин анын гайып жаназасын окутту. Жер жүзүндөгү ар кайсы аймактардагы ар кайсы коомдордогу адамдардын пайдасы үчүн Азирети Амирул-Му’миний (аййадахуллааху таъаала)нын жума кутбалары жана кайрылуулары үзгүлтүксүз урду тилинен тышкары жети тилде түз эфир аркылуу МТАдан көрсөтүлөт. Ал тилдерге араб, англис, беӊгал, немец, францус, савахилий жана индонезия тили кирет. Ал эми МТА Африка аркылуу өзүнчө англис тилинин Африка акцентинде да котормосу көрсөтүлөт.

12-январь күнү, ишенби күнү

Ал Азирети «Фазл» мечитинде урматтуу Чаудхрий Анаятуллах мырза маркумдун (Earlsfield-Лондон) жубайы урматтуу Шарифан Бүбү айымдын жана урматтуу Чаудхрий Махмуд Ахмад мырзанын (Равалпинди) кызы урматтуу Таснийм Шейх айымдын жаназа намазын окутту. Ал Азирети жаназа намазынан мурун өзүнүн кеӊсесинде маркумдардын жакын туугандарын кабыл алды. Ал Азирети (аййадахуллах) бул жаназа менен бирге үч маркумдун гайып жаназасын да окутту.

Ал Азирети Шам намазынан кийин өзүнүн кеӊсесинде урматтуу Абураззак мырзанын кызы кымбаттуу Тахмина Раззак айымды кабыл алып, ак бата менен узатты, ал киши урматтуу Хаммад Ахмад Мубийн мырзага (Лондондогу жеке катчынын кеӊсесинде кызмат көрсөтүп жаткан миссионер) турмушка чыккан жатат.

13-январь күнү, жекшенби күнү

Башка расмий жолугушуулардан тышкары бүгүн Ал Азирети Канададан келген Нау-Мубайъийндер делегатын да кабыл алды.

Пешин жана дигер намазынан кийин Ал Азирети Лондондогу «Фазл» мечитинде төмөнкүдөй эки никени кыйып, никелердин куттуу болушу үчүн дуба кылдырды. Анан эки тараптагы кудалар менен кол алышып көрүшүп, аларды куттуктады:

  1. (Голландиянын тургуну) урматтуу Анвар Хуршийд мырзанын кызы кымбаттуу Ийша Хуршийддин никеси урматтуу Саййид Фахийм Ахмад Шах мырза маркумдун уулу урматтуу Саййид Аднан Шах мырза менен кыйылды;
  2. (Лондондун тургуну) урматтуу Насир Афтааб Бажва мырзанын кызы кымбаттуу Сания Насир Бажванын никеси Германиянын тургуну урматтуу Мубарак Ахмад Бхатти мырзанын уулу урматтуу Арслан Ахмад Бхатти мырза (Ваакиф-э-Нау) менен кыйылды.

Бүгүн кечки маалда үй-бүлөлүк жолугушуулардан кийин Ал Азирети урматтуу Хаммад Ахмад Мубийн мырза (Лондондогу жеке катчынын кеӊсесинде кызмат көрсөтүп жаткан мссионер) жана урматтуу Абураззак мырзанын кызы кымбаттуу Тахмина Раззак айымдын «Валийма» чакырыгына катышуу үчүн «Байтул-Футух» мечитине барды. Ал Азирети Куптан намазын «Байтул-Футух» мечитинде окутуп, «Валийма» тамагына катышты.

14-январь күнү, дүйшөмбү күнү

Башка расмий жолугушуулардан тышкары бүгүн 2018-жылы Канададагы Жамия Ахмадияны бүтүрүүчү «Шаахиддер» да жапырт жолугушту.

Халифа Ислам Канада

Ал Азирети (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) менен жолугушуу

Ушул жума аралыгында Ал Азирети төрт күн расмийлерди, ал эми алты күн жеке адамдарды кабыл алды. Ар кайсы кеӊселердин бөлүм башчылары, кээ бир өлкөлөрдөгү тармактуу уюмдардын президенттери ж.б. туугандар өздөрүнүн расмий жолугушууларында Ал Азиретинен көрсөтмөлөр жана багытты алышты.

Ушул жума аралыгында 106 үй-бүлө жана 67 адам өзү өзүнчө Ал Азирети менен жолугушуу бактысына ээ болушту. Өздөрүнүн Жетекчиси менен жолугушуу үчүн Жамаат мүчөлөрү 17 өлкөдөн келишкен, алардын катарында Америка, Канада, Германия, Швеция, Норвегия, Пакистан, Танзания, Серьрра Лоеюн, Тринидад, Өзбекстан, Бангладеш, Индия, Италия, Франция, Ирландия, Англия жана бир араб өлкө кирет.

дуба ак бата

Эй, Алла! Ыйык Рух менен Имамыбызды колдогун, ал болгон жеринде аны менен бирге болгун жана ага эӊ күчтүү жардам менен көмөк көрсөткүн!

(Жумалык «Ал-Фазл Интернейшнал» газетасы, 26-том, 4-сан, куттуу жума күнү, 25-январь, 2019-жыл, 1,17-беттер)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via