Бангладештеги Ахмадий мусулман айымдардын тарыхый жолугушуусу
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Бангладештеги Лажна Имааиллах Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл Дүйнөлүк Башчысы менен виртуалдык жолугушуунун урматына ээ болду

Бангладештеги Ахмадий айымдардын Халифа менен жолугушуусу

«Эгерде Ахмадий мусулман аялдар эң жогорку адеп-ахлактык жана руханий стандарттарга жетип, чыныгы такыбалыкка жете алышса, анда Ахмадия Мусулман Жамаатынын келечек муундары түбөлүккө ишенимдүү колдордо калышат», – Азирети Мырза Масрур Ахмад

2020-жылдын 14-ноябрында Бангладештеги Лажна Имааиллахтын (Ахмадия Мусулман Аялдар Уюму) Улуттук Амиласы (Башкаруучу орган) Ахмадия Мусулман Жамаатынын Дүйнөлүк Башчысы, Бешинчи Халифа, Улуу Урматтуу Азирети Мырза Масрур Ахмад менен виртуалдык расмий жолугушуу жана аудитория бактысына ээ болду.

Ал Азирети жолугушууну Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан кеңсесинен алып барды, ал эми Амила мүчөлөрү Бангладештеги Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуттук штабы катары кызмат кылып келе жаткан Дакка шаарында жайгашкан «Дарут-Таблиг» мечитинин комплексинен кошулушту.

Бир саатка созулган жолугушууда Амиланын мүчөлөрү өздөрүнүн бөлүмдөрү жөнүндө отчёт берип, бир катар маселелер боюнча Ал Азиретинен жетекчилигин жана көрсөтмөлөрүн алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Ал Азиретиден COVID-19 чектөөлөрүн эске алуу менен Исламдын кабарын башка адамдарга кантип жеткирсе болот деп сурашты.

Буга жооп кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«COVID-19 чектөөлөрүнөн улам, көптөгөн өлкөлөрдө учурда физикалык жактан чыгып, даават жүргүзүү мүмкүн эмес. Ошондуктан, азырынча Ислам динин таратуунун башка жолдорун издөөӊөр керек. Ушул мезгил аралыгында бир маанилүү проспект – бул «онлайн». Мисалы, Лажна Имааиллах Исламдын цитаталарын же үзүндүлөрүн социалдык медиа аркылуу башкалар менен бөлүшө алат, бул Кудай буюрса, Исламдын таалимдерин алыска жана кеӊири жайылтуу аракетиӊерде жаңы эшиктерди ачат. Ошентип, ушул шарттарда дагы, силер чечкиндүү болсоңор жана жаңы жолдорду издөөгө даяр болсоңор, анда Исламдын кабарын башкаларга ылайыктуу түрдө жеткирүүнүн көптөгөн пайдалуу жолдору бар».

Ал Азиретиден1970-1980-жылдары ал жана анын үй-бүлөсү Ганада жашап жатып, кандай шарттарга туш болгондугу жана ошол кыйынчылыктарга кандай жооп бергендиги жөнүндө сурашты.

Бул тууралуу Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Адам ар кандай шарттарда Аллах Таалага толук ишениши керек жана Ал үчүн адам ар кандай кыйынчылыктарга туруштук берүүгө даяр болушу керек. Кыйынчылыктардын мезгилмезгили менен пайда болушу сөзсүз болот, бирок адам эч качан алардын өзүнүн диний милдеттерин аткарууда жана иштөөдө тоскоолдук жаратышына жол бербеши керек. Африкадагы биз жашаган шарттар жана кырдаал оор деп эсептелген, бирок биз Ганага кайсы диний максаттарды такай аткаруу үчүн жиберилген болсок, аларга ар дайым чечкиндүү болгонбуз».

Азирети Мырза Масрур Ахмад сөзүн мындай деп улады:

«Ушундай оор шарттарда аял өз күйөөсүн, ал эми күйөөсү өз аялын колдоосу керек. Акыраягы, эгер силер Аллах Таалага ишенсеңер, кандай гана кыйынчылыктар же оорчулуктар болбосун, алар эч качан жеңе албайт. Эгер чын ыкластуу дуба силердин туруктуу жолдошуңар болсо, анда Аллахтын жардамы ар дайым силердин тарабыңызда болот. Албетте, эгерде силер дубаны эмгекке айкалыштырсаңар, анда Аллах силердин алдыңарда кандай гана кыйынчылык болбосун, аны жеңүүгө жардам берет. Демек, адам кандай гана болбосун, эч качан үмүтсүз болуп, дүрбөлөңгө түшпөшү керек».

Бангладештеги Ахмадий айымдардын Халифа менен жолугушуусу

Жолугушуу аяктайын деп калганда, Бангладештеги Лажна Имааиллахтын Улуттук Садры (Президенти) Бангладештеги Лажна Имааиллахтын жана Насират-ул-Ахмадиянын (Ахмадия Мусулман Кыздардын Уюму) мүчөлөрү үчүн билдирүү жасоону суранды.

Буга жооп кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Биринчиден, сиз менин «Ассаламу Алайкум ва Рехматуллахи ва Баракаатуху» деген саламымды Бангладештеги бардык Лажна жана Насират мүчөлөрүнө жеткиришиңиз керек. Мындан тышкары, алардын баарына менин билдирүүм, бардык шарттарда өз ишениминде бекем турушу керек. Эгерде сыноолор жана кыйынчылыктар боло турган болсо, анда алар эч кандай формада жана көрүнүштө силердин ишенимиӊерди солгундатпашы керек. Кандай гана кыйынчылыктар, кайгы-капалар же кабатырлар туш келбесин, Аллах Тааланын алдында гана саждага жыгылууӊар керек».

Азирети Мырза Масрур Ахмад сөзүн мындай деп улады:

«Андан тышкары, силер адилдикке жетүүгө аракет кылып, балдарыңарды такыба жана чыныгы ыймандуу болуп өсүшү үчүн тарбиялоого бекем убада беришиңер керек. Албетте, балдарыӊарды коргоо жана туура жол көрсөтүү үчүн, адеп-ахлактык жана руханий абалыңызга терең көңүл буруп, ушул жагынан дайыма өркүндөтүп турууңар зарыл. Ахмадий мусулман аялдары эң жогорку адеп-ахлактык жана руханий стандарттарга жетип, чыныгы такыбаалыкка жете алышса, анда Ахмадия Мусулман Жамаатынын келечек муундары түбөлүккө ишенимдүү колдордо калаарын эч эсиңерден чыгарбагыла. Бул Лажна Имааиллахтын чыныгы максаты жана миссиясы, бул менин Бангладештеги бардык Лажна мүчөлөрүнө жана бир күнү, Кудай буйурса, өздөрү да эне боло турган Насираттын мүчөлөрүнө карата билдирүүм».

Чектеш темалардын мазмуну
Share via