Швейцариядагы Ахмадий мусулмандардын тарыхый жолугушуусу
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Швейцариядагы Улуттук Мажлис-э-Амила Дүйнөлүк Ахмадия Мусулман Жамаатынын Башчысы менен виртуалдык жолугушуу урматына ээ болду

Швецариядагы мусулмандардын Халифа менен жолугушуусу

«Эсиңерде болсун, Аллах Таала Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)ды оозеки кабыл алгандыгыбыз үчүн биз куткарылабыз деп эч кандай кепилдик берген эмес, тескерисинче, Байъатыбыздын шарттарын аткаруубуз керек…» – Азирети Мырза Масрур Ахмад

2020-жылдын 7-ноябрында Швейцариядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуттук Мажлис-эАмила Ахмадия Мусулман Жамаатынын Дүйнөлүк Башчысы, Бешинчи Халифа Азирети Мырза Масрур Ахмад менен виртуалдык расмий жолугушуу жана аудитория бактысына ээ болду. Жыйынга Улуттук Мажлис-эАмила мүчөлөрүнөн тышкары, Швейцариядагы Ахмадия Мусулман Жамаатында учурда кызмат аткарып жаткан миссионерлер жана жергиликтүү Садрлар (Президенттер) да катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ  болушту.

Ал Азирети Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан кеңсесинен жыйналышты алып барды, ал эми Амила мүчөлөрү Виголтингендеги «Нур» мечитинин комплексиндеги «Нур» залына чогулушту.

Жетимиш мүнөттүк жолугушуунун жүрүшүндө Улуттук Амиланын мүчөлөрү өзүлөрүнүн бөлүмдөрү жөнүндө отчёт берүүгө жана бир катар маселелер тууралуу Ал Азиретиден багытын жана көрсөтмөлөрүн алууга мүмкүнчүлүк алышты.

Улуттук Таблиг (Дааватчы) катчысына сүйлөп жатып, Ал Азирети Швейцария калкына Исламдын чыныгы кабарын жеткирүү үчүн бардык иш-аракеттерди көрүү керек деди.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Швейцарияда Исламдын кабарын жайылтуу үчүн биздин мүчөлөрүбүздөн бир топ чоң ишаракет талап кылынат. Кээде швейцариялыктар динге кызыгышпайт деп айтышат, бирок эгерде чын жүрөктөн жана бирдиктүү аракет жасалса, анда биздин кабарыбызга кулак түрүп, Швейцарияда Исламды кабыл ала турган адамдар болот деп ишенем».

Азирети Мырза Масрур Ахмад сөзүн мындай деп улады:

«Силер Исламдын окууларын ири шаарларда гана эмес, айылдарда же кыштактарда жашаган адамдарга жеткиришиңер керек. Башка өлкөлөрдөн көчүп келгендер дагы бар, ошондуктан биз аларга кайрылып, Исламдын таалимдерин алардын темпераменти жана мүнөзүнө ылайыктуу кылып жеткиришибиз керек».

Швецариядагы мусулмандардын Халифа менен жолугушуусу

Жалпыга маалымдоо каражаттарында Ислам дини кандайча туура эмес чагылдырылып жаткандыгын жана акыркы жылдары анын окуулары экстремисттик адамдар же топтор тарабынан кандайча бузулуп жаткандыгын эске алып, Ал Азирети Умур-э-Харижа (Тышкы иштер) департаменти үчүн таасири бар адамдар менен байланышуу маанилүү экендигин айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ахмадия Мусулман Жамааты Швейцариянын лидерлери жана саясатчылары менен тыгыз байланышта болуп, алар биз менен жана Исламдын чыныгы таалимдери менен жакындан таанышып турушу керек. Андан кийин, силердин өлкөӊөрдө же Жогорку Кеңешиӊерде Исламга байланыштуу маселелер талкууланганда, саясатчылар же башка таасирдүү ишмерлер Исламды өз платформаларынан коргоп, болушу мүмкүн болгон ар кандай шектенүүлөрдү же эскертүүлөрдү жокко чыгарышат».

Азирети Мырза Масрур Ахмад сөзүн мындай деп улады:

«Мисалы, сиздердин өлкөӊөрдө мечиттерде мунараларды курууга тыюу салынган, ошондуктан силер парламентарийлерге, таасирдүү ишмерлерге жана башкаларга динибиз жөнүндө маалымат беришиӊер керек. Ошентип, алар жакшы кабардар болушат жана Исламга каршы чыккандарга каршы тура алышат жана анын чыныгы окууларын түшүндүрүп беришет».

Ал Азирети Ахмадий мусулмандардын жума кутбасын жума сайын угуп эле тим болбостон, андан түшүнүүгө жана андан сабак алууга умтулуусу шарт деп да айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ахмадий мусулмандардын жума сайын менин кутбамды угушу эле жетиштүү эмес, алар аны түшүнүп, сиңирип алуулары керек. Мүмкүн болсо, адамдар аны бир нече жолу угууга аракет кылышы керек, андан кийин ар бир адам ошол кутбаларда берилген көрсөтмөлөр жана багыттарга ылайык иш кылып жаткандыгына чынчылдык менен ой жүгүртүшү керек. Жөн гана угуу жетишсиз, тескерисинче, учурлук Халифа айткандай иш кылуусу керек».

Жолугушуу аяктап баратканда, Ал Азиретиден эгерде келечекте Үчүнчү Дүйнөлүк Согуш башталса, анда Ахмадия Мусулман Жамаатынын мүчөлөрү канчалык деңгээлде жабыркай тургандыгы тууралуу суралды.

Буга жооп кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Кудай сактасын, дагы бир дүйнөлүк согуш болуп кетсе, биздин Жамаатыбыз мүчөлөрү дагы жок дегенде кандайдыр бир деңгээлде кесепеттерин тартышары табигый көрүнүш. Эгер Исламдын алгачкы доорунда болгон согуштарга көз чаптырсак, Аллах Таала мусулмандарга жеңишке жетесиӊер деп убада кылган жана аларды ынандырган, бирок ошентсе да Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын (саллаллааху алайхи ва саллам)дын кээ бир сахаабалары да шейит болгон эмеспи? Ошондуктан, жаратылыштын мыйзамдарын айланып өтүүгө болбойт. Бул доордо табигый кырсыктар же пандемиялар адамзатка Алла Таала тарабынан кандайдыр бир эскертүү жана Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын чындыгынын белгиси катары келип жатат, бирок ошого карабастан, кээ бир Ахмадий мусулмандар да ушул апааттардан жапа чегип жатышат. Бирок, эгер Аллах Таала менен чыныгы ыкластуулук жана чыныгы ишенимдүүлүк алакасын түзүп алсак, анда биздин мүчөлөрүбүздүн жабыркагандары башкаларга салыштырмалуу бир топ аз болот, ИншаАллах. Эгер биз Аллах Тааланын алдындагы милдеттерибизди жана жоопкерчиликтерибизди аткарып жаткан болсок, анда Ал Өзүнүн ырайымы жана мээримдүүлүгү менен бизди коргойт».

Швецариядагы мусулмандардын Халифа менен жолугушуусу

Азирети Мырза Масрур Ахмад сөзүн мындай деп улады:

«Албетте, Ахмадий мусулмандар катары, адамзатка туш болгон согуш сыяктуу көптөгөн сыноолордун жана кыйынчылыктардын чыныгы себеби адамзаттын Аллах Тааладан тездик менен алыстап бараткандыгы жана Анын жаратылышынын акы-укуктарын аткара албай жаткандыгы экенин башка адамдарга эскертүү биздин милдетибиз болуп саналат. Жок дегенде, эгер келечекте дүйнөлүк согуш болуп кетсе, анда башкалар адамзаттын алдыда эмне болорун эскерткен бир Жамаат болгонун эстеп, ошондо акыры алар Алла Тааланын жолуна бурулууга умтулаары мүмкүн».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп кошумчалады:

«Жогоруда мен айткандай, эгерде биз өз милдеттерибизди жана жоопкерчиликтерибизди аткарып жатсак, анда мүчөлөрүбүздүн башына түшкөн азап-кайгы азыраак болот, ИншаАллах, жана акыры биз Ахмадия Мусулман Жамаатынын келечектеги чоң өсүп-өнүгүүлөрүн жана ийгиликтерин көрө алабыз. Бирок, эгер мүчөлөрүбүз өз милдеттерин аткара албай, дүнүйөкорлукка жана материализмге батып кетип, беш убак намазды унутуп, Аллах Тааланын жана бири-биринин акы-укуктарын аткара албагандардай болуп калса, анда алардын тагдыры да алар туураган жана ээрчиген дүйнөлүк адамдар менен бирдей болот. Эсиңерде болсун, Аллах Таала биз Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)ды оозеки түрдө кабыл алганыбыз үчүн куткарылабыз деп эч кандай кепилдик берген эмес, тескерисинче, биз Байъат шарттарыбызды аткарып, жашообузду ар тараптан Исламдын окуулары боюнча өткөрүүгө аракет кылышыбыз керек. Мына ушул себептен, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) Байъаттын шарттарын чындап аткарган жана Аны чын жүрөктөн жана жан-дили менен сүйгөндөр – бул Алла Таала тарабынан куткарыла турган адамдар деп айткан».

Чектеш темалардын мазмуну
Share via