Мырза Масрур Ахмад Ахмадий мусулман жаштар менен жолугушту
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Мырза Масрур Ахмад Ахмадий мусулман жаштар менен жолугушту

Халифат Ислам дин ыйман

Азирети Мырза Масрур Ахмад Германиядан келген Ахмадий мусулман жаштар менен жолугушту

2019-жылдын 13-июнунан 16-июнунун аралыгында Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз)дин ар кандай алектенүүлөрү ж.б. иштеринин күндөлүгү

13-июнь күнү, бейшемби күнү

Ал Азирети (Алла Таала ага жардамчы болсун) бүгүн пешин намазынан мурун «Мубарак» мечитинин тышында (Лондондо жашаган) урматтуу Салийма Бегам айымдын жаназа намазын окутуп, жакын туугандары менен жолугушту. Бул жаназа намазы менен 3 маркумдын гайып жаназасы да окулду.

14-июнь күнү, жума күнү

Ал Азирети Мордондогу «Байтул-Футух» мечитинде жума кутбасын окуду, ал кутба МТАнын спутник байланыштары аркылуу, андан тышкары Ютуб ж.б. медиа форумдары аркылуу бүткүл дүйнөдө угулган жана көрсөтүлгөн. Ал Азирети өзүнүн жума кутбасында Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сахаабасы Азирети Зайд бин Хаариса (разияллааху анху)нун куттуу өмүр баянынан сөз кылып, анын кулк-мүнөзүн айтып берди.

◊ Жума намазынан кийин Ал Азирети «Байтул-Футух» мечитинин короосунда «Ат-Такваа» аттуу араб тилиндеги журналдын сайтын ачты. Андан кийин «Ал-Фазл Интернейшнал» аттуу газетанын жаңы сайты www.alfazl.com жана жаңы Appsын ачты. Андан кийин Ал Азирети чогуу дуба кылдырды.

◊ Бүгүн кечкисинде Ал Азирети (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Тилфордго караштуу Исламабаддын турак жайларын жана кээ бир бөлүктөрүндө болуп жаткан курулма иштерин көрүп чыкты жана көрсөтмөлөрдү берди.

15-июнь күнү, ишенби күнү

Бүгүн ар кандай кеңсе ишчилери менен болгон жолугушуулардан тышкары Бельгия Жамаатыбыздагы миссионерлеринин төрагасы (Uccle консулунун мүдүрү) урматтуу Фатиха Иламий айым менен Ал Азирети менен жолугушуу бактсына ээ болду. Ушул барлашууда урматтуу Фатиха Иламий айым өзүнүн аймагында курулуп жаткан «Байтул-Мужийб» аттуу Ахмадия мечитинин курулушу жана ачылышы тууралуу кээ бир маселелер жөнүндө Ал Азиретиден багыт алды жана ак батасын алуу ниети менен өзүнүн жасап жаткан иш-чараларынан сөз кылды. Ал айым эки жолу Британияда болуучу тынчтык симпузиомго катышкан жана Ал Азирети тарабынан баяндалган Ислам таалимдеринен турган тынтчык кабарын өзүнүн тааныш-билиштерине чейин жеткирип турат. Ал айым ушул жолугушуунун арасында Uccle шаарынын мэринин тилек сөздөрүн да Ал Азиретиге жеткирди.

◊ Бүгүн түшкү саат бирлерде Германиянын Württemberg регионунан келген Худдамул-Ахмадиянын бир делегаты Ал Азирети менен жолугушуу бактсына ээ болду. 53 Худдамдан турган ушул делегат Жамаат миссионери урматтуу Мансур Ахмад Гумман мырзанын көзөмөлдөгү астында өздөрүнүн Жетекчисинен руханий жана илимий пайда алуу максатында куттуу жума күнү эртең менен Германиядан Лондонго келди. Алар Feltham шаарында жайгашкан «Байтут-Тавхийд» мечитинде түнөшкөн. Барлашууда Худдам Ал Азиретиден руханий пайда алуу менен бирге ар кандай маселелер тууралуу багытты да алышты.

Региондук Жамаат миссионер-дааватчысы «Ал-Фазл Интернейшнал» кабарчысына төмөнкүлөрдү айтып берди: ушул региондогу Худдам өткөн төрт жылдан бери үзгүлтүксүз Ал Азирети менен жолугушуу бактысына ээ болуп келишүүдө. Биз Ал Азирети менен жолугушуудан мурун Худдамды Жамаат уламалары менен жолуктурууга аракет кылабыз, алар Худдамга Учурлук Халифа менен жолугушуу адеби жөнүндө айтып беришсин деп ошондой кылабыз. Ал киши бир жолу Учурлук Халифа менен жолугушуу бактысына ээ болуп калган балада акырындык менен кандайдыр бир өзгөрүү жүз бере баштайт деген тажрыйбага ээбиз деп да атты. Ал киши биз Ал Азиретинин ак баталары жана багыттоосу менен Алла Тааланы таанып, Анын сүйүүсүнө жетишүүнү көздөгөнбүз деди.

Борборду зыярат кылуу максатында келген ушул делегат Жамия Ахмадияны да көрүштү. Базар күнү ал делегат Германияга кайтып кетти.

◊ Ал Азирети Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде Аср намазын алып баргандан кийин төмөнкү 5 никени кыйып, ал никелердин берекелүү болуусу үчүн дуба кылды. Ошондой эле, эки тараптагы туугандар менен кол алышып көрүштү жана аларды куттуктады:

◊ (Германиянын тургуну) Урматтуу Миян Насийр Ахмад мырзанын кызы кымбаттуу Алия Бушраанын никеси Урматтуу Хабибуллах Малик маркумдун уулу (Нигериядагы Жамия Ахмадияда мугалим болгон миссионер) Урматтуу Малик Райхан Ахмад мырза менен кыйылды;

◊ (Германиянын тургуну) Урматтуу Рафийкур-Рахман Анвар мырзанын (Вакифа Нау) кызы кымбаттуу Важийха Анвардын никеси (Германиянын тургуну) Урматтуу Тарик Мунируддин мырзанын уулу Урматтуу Даниял Азхар Тарик мырза менен кыйылды.

◊ (Хаддерсфилд шаарынын тургуну) Урматтуу Нуъман Ахмад маркумдун (Вакифа Нау) кызы кымбаттуу Асифа Ахмаддын никеси (Брадфорд шаарынын тургуну) Урматтуу Саъид Ахмад Ахтар мырзанын уулу Урматтуу Кудратуллах Саъид мырза менен кыйылды;

◊ (Австралиянын тургуну) Урматтуу Доктор Мухаммад Юнус мырзанын (Вакифа Нау) кызы кымбаттуу Марям Сыддыканын никеси (Лондон шаарынын тургуну) Урматтуу Зыяуллах Батт мырзанын уулу Урматтуу Анийс Ахмад Батт мырза менен кыйылды;

◊ (Синкторуптун тургуну) Урматтуу Доктор Надийм Ахмад мырзанын кызы кымбаттуу Доктор Сажийла Надиймдин никеси (Кингстон аймагынын тургуну) Урматтуу Доктор Рашийд Ахмад мырзанын уулу Урматтуу Сухайл Арайын мырза менен кыйылды;

◊ Бүгүн Ал Азирети никелерди кыйгандан кийин өзүнүн кеңсесинде ак баталар менен (Германиянын тургуну) Урматтуу Миян Насийр Ахмад мырзанын кызы кымбаттуу Алия Бушрааны узатты. Ал айымдын нике-тою Урматтуу Хабибуллах Малик маркумдун уулу (Нигериядагы Жамия Ахмадияда мугалим болгон миссионер) урматтуу Малик Райхан Ахмад мырза менен белгиленди.

16-июнь күнү, жекшемби күнү

Бүгүн Ал Азирети Аср намазынан кийин өзүнүн кеңсесинде ак баталар менен Урматтуу Максуд Ахмад Тахир Атвал мырзанын (Вакифа Нау) кызы кымбаттуу Саима Максудды узатты. Ал айымдын нике-тою Урматтуу Мубашшир Аъмад Зафар мырзанын уулу (Хузурдун жеке катчысынын кеңсесинде иштеп жаткан Жамаат миссионери) Урматтуу Наййар Ахмад Зафар мырза менен белгиленди.

Ал Азирети (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) менен жолугушуу

10-июнь менен 16-июнь аралыгында Ал Азирети төрт күн расмийлер менен, ал эми алты күн жеке адамдар менен жолугушту. Ар кайсы кеӊселердин бөлүм башчылары, тармактуу уюмдардын президенттери, Жамаат миссионерлери ж.б. туугандар өздөрүнүн расмий жолугушууларында Ал Азиретиден көрсөтмөлөрдү жана багыттарды алышты.

Ушул убакыт аралыгында 119 үй-бүлө жана 47 адам өзү өзүнчө Ал Азирети менен жолугушуу бактысына ээ болушту. Өздөрүнүн Жетекчиси менен жолугушуу үчүн Ахмадий мусулман бир туугандар 14 өлкөдөн келишкен, алардын катарында Америка, Канада, Германия, Финландия, Швецария, Дания, Франция, Бармода, Австралия, Пакистан, Нигерия, Англия жана кээ бир араб өлкөлөрү кирет.

дуба ак бата халифат

Эй, Алла! Ыйык Рух менен Имамыбызды колдогун, ал болгон жеринде аны менен бирге болгун жана ага эӊ күчтүү жардам менен көмөк көрсөткүн!

(«Ал-Фазл Интернейшнал» газетасы, 18-июнь, 2019-жыл)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via