Мырза Масрур Ахмад Англиянын Жылдык Улуттук Шуураасына кайрылды
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Мырза Масрур Ахмад Англиянын Жылдык Улуттук Шуураасына кайрылды

Кеңеш жыйын курултай

Азирети Мырза Масрур Ахмад Англиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жылдык Улуттук Шуураасына кайрылды

2019-жылдын 16-июнунан 19-июнунун аралыгында Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз)дин ар кандай алектенүүлөрү ж.б. иштеринин күндөлүгү

16-июнь күнү, жекшемби күнү

Бүгүн пешин намазынан мурун Ал Азирети (Алла Таала ага жардамчы болсун) Англиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын  Жылдык Борбордук Шуураасынын соңку сессиясына келип, ыймандарды күчтөндүрүүчү кайрылуусун жасады.

17-июнь күнү, дүйшөмбү күнү

Бүгүн башка расмий барлашуулардан тышкары Англиядагы Жалса Салананын Жетекчилик Комитети мүчөлөрү Ал Азирети менен жолугушту.

◊ Бүгүн кечкисинде кээ бир үй-бүлөлөр менен болгон жолугушуудан кийин Ал Азирети Урматтуу Мубашшир Ахмад Зафар мырзанын эки уулу (Хузурдун жеке катчысынын кеңсесинде иштеп жаткан Жамаат миссионери) Урматтуу Наййар Ахмад Зафар мырза жана (МТАнын медиа тармагында иштеп келе жаткан миссионер) Урматтуу Камар Ахмад Зафар мырзанын той-тамагына катышуу үчүн Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечити менен жанаша ар түрдүү максаттар (multi purpose) менен курулган залга келди. Урматтуу Наййар Ахмад Зафар мырза Урматтуу Максуд Ахмад Тахир Атвал мырзанын (Вакифа Нау) кызы кымбаттуу Саима Максуд айымга үйлөндү жана Урматтуу Камар Ахмад Зафар мырза (Германиянын тургуну) Урматттуу Вахийд Ахмад мырзанын кызы кымбаттуу Набийла Ахмад айымга үйлөндү. Ал Азирети шам менен куптан намаздарын чогуу Исламабаддагы «Мубарак» мечитинде окутту. Эсиңерге сала кетели, ушул азем жаңы Борбор Исламабадда өткөрүлүүчү алгачкы той-тамагы болчу.

дуба ак бата халифат

Эй, Алла! Ыйык Рух менен Имамыбызды колдогун, ал болгон жеринде аны менен бирге болгун жана ага эӊ күчтүү жардам менен көмөк көрсөткүн!

(Жумалык «Ал-Фазл Интернейшнал» газетасы, 21-июнь, 2019-жыл)

Share via