Азирети Мырза Масрур Ахмаддын күндөлүк алектенүүлөрү
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Азирети Мырза Масрур Ахмаддын күндөлүк алектенүүлөрү

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар

Азирети Мырза Масрур Ахмад өзүнүн жума кутбасында Азирети Зайд бин Хариса (разияллааху анху)нун кулк-мүнөзүн айтып берди

2019-жылдын 20-июнунан 23-июнунун аралыгында Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз)дин ар кандай алектенүүлөрү ж.б. иштеринин күндөлүгү

21-июнь күнү, куттуу жума күнү

Ал Азирети Тилфорд Исламабадагы «Мубарак» мечитинде жума кутбасын окуду, ал кутба МТАнын спутник байланыштары аркылуу, андан тышкары Ютуб ж.б. медиа форумдары аркылуу бүткүл дүйнөдө угулган жана көрүлгөн. Ал Азирети өзүнүн жума кутбасында Азирети Зайд бин Хариса (разияллааху анху)нун куттуу өмүр баянынан сөз кылып, анын кулк-мүнөзүн айтып берди. Андан тышкары, (Урматтуу Мубарак Сыддыкий мырзанын кызы) урматтуу Марям Салман Гүл айымдын каза тапкандыгынан сөз кылып, аны жакшы сөздөр менен эскерип, жума намазынан кийин анын жаназа намазын окутту.

22-июнь күнү, ишемби күнү

Ал Азирети Исламабаддагы «Мубарак» мечитинде Аср намазын алып баргандан кийин төмөнкү 2 никени кыйып, ал никелердин берекелүү болуусу үчүн дуба кылды. Ошондой эле, эки тараптагы туугандар менен кол алышып көрүштү жана аларды куттуктады:

  1. (Американын тургуну) Урматтуу Мухаммад Сыддык Малик мырзанын кызы кымбаттуу Аксаа Маликтин никеси (Американын тургуну) урматтуу Саъаадат Ахмад Саалик мырзанын уулу урматтуу Шафаъат Саалик мырза менен кыйылды;
  2. (Германиянын тургуну) Урматтуу Чаудхрий Куламбас Хан мырзанын (Вакифа Нау) кызы кымбаттуу Бушраа Хандын никеси (Бахаавал Нагар шаарынын тургуну) урматтуу Шейх Васиймуддин мырзанын уулу урматтуу Шахзаад Васийм мырза менен кыйылды.

◊ Бүгүн кечкисинде Ал Азирети (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) үй-бүлөлөр менен болгон жолугушуулардан кийин «Мубарак» мечити менен ар түрдүү максаттар үчүн салынган залдын ортосундагы жайга келди, ал жерде «Масрур» аттуу эл аралык крикет турнирине катышкан 22 команда жана ошол турнирди уюштуруучулар Ал Азирети менен сүрөткө түшүшү керек болчу. Ал Азирети өз ордуна отургандан кийин сүрөттөр тартылды. Андан кийин Ал Азирети кечки саат сегиз жарымдан бир аз убакыт өткөн соң ар түрдүү максаттар үчүн салынган залга келип отурду. Ал Азирети ал жерген баргандан кийин (Германиядан келген крикет командасынын көңүлүн көтөрүү үчүн алар менен чогуу келген) Германиянын тургуну урматтуу Шейх Шавкат Али мырза толкунданып кетип, «Наъра-э-Такбийр» деген ураанды чакырды, ага ал жерде чогулган адамдар да толкунданып, «Аллааху Акбар», – деп жооп кайтарышты. Бул Ал Азирети турганда, ушул көп максаттар менен салынган залда тартылган эң алгачкы ураан болчу.

Бардык командалар жана улуу урматтуу коноктор Ал Азирети менен чогуу тамак ичүү бактысына ээ болушту. Саат тогуз жарымдан бир аз убакыт мурун Ал Азирети өз үйүнө кетти, анан бир аз убакыттан кийин намаз үчүн келип, шам менен куптан намазын чогуу окутту.

23-июнь күнү, жекшемби күнү

Бүгүн башка расмий жолугушуулардан тышкары Mr Julian Hülsemann да Ал Азирети менен жолугушуусу керек болчу. Ал киши (Жамаатыбыздын миссионери) урматтуу Саййид Салман Шах мырза жана урматтуу Сулайман Аариф мырза аркылуу Германиядан келген эле. Ал киши Германияда проект координатору жана коомдук ишмер болуп иштеп жатат. Ал киши Жамаатыбыздын аземдерине катыштып келе жаткандыгы үчүн мурунтан эле Жамаатыбызды таанычу. Ал киши Ал Азирети менен жолугушуу жана Тынтык Симпозиумга катышуу ниетин билдирген эле. Кайсы бир аргасыздыктын айынан Тынчтык Симпозиумга катыша албай калды. Азыр Алла Тааланын берешендиги менен Ал Азирети менен жолугушуу бактысына ээ болду. Ал-хамдулиллах

Ал киши өз жолугушуусунда Ал Азиретиден бир топ маселелер тууралуу багыт берүүсүн суранды. Ал киши ар кандай улуттар менен ар кандай каада-салттарга ээ болгон адамдарды бириктирүүнүн кандай ыкмасы бар болушу керек деп сурады. Буга жооп кылып, Ал Азирети сиз адамдарды чогултуңуз, биз ар кайсы улуттардын өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө даярбыз деп айтты. Кудум ушундай ал киши Европанын келечеги тууралуу Ал Азиретинин ой-пикирин сураганда, Ал Азирети өтө баалуу кеңештерди айтып берди. Ал Азирети Европада Германиянын өтө маанилүү ролу бар. Германия өзүнүн коңшу мамлекеттери менен жакшы кызматташтык алакаларын түзүүзүсү зарыл деп айтты.

Mr Julian Hülsemann жолугушуудан кийин өз ой-пикирин билдирип, ушул барлашуудан өтө кубанычта экенин айтты. Ал киши Хузурдун айткан сөздөрүнүн тереңин толук бойдон түшүнүп-жетүүгө бир аз убакыт керек деди. Ал киши Хузурдун жеке мүнөзүнөн терең таасирленди, айрыкча ушунчалык улуу даражадагы инсан болуп, ар кайсы коомдор менен диалог түзүүгө даяр тургандыгынан.

 Ал Азирети (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) менен жолугушуу

17-июнь менен 23-июнь аралыгында Ал Азирети беш күн расмийлер менен, ал эми алты күн жеке адамдар менен жолугушту. Ар кайсы кеӊселердин бөлүм башчылары, тармактуу уюмдардын президенттери, Жамаат миссионерлери ж.б. туугандар өздөрүнүн расмий жолугушууларында Ал Азиретиден көрсөтмөлөрдү жана багыттарды алышты.

Ушул убакыт аралыгында 105 үй-бүлө жана 61 адам өзү өзүнчө Ал Азирети менен жолугушуу бактысына ээ болушту. Өздөрүнүн Жетекчиси менен жолугушуу үчүн Ахмадий мусулман бир туугандар 16 өлкөдөн келишкен, алардын катарында Америка, Канада, Австралия, Нигер, Германия, Финландия, Греция, Швеция, Дания, Норвегия, Бельгия, Франция, Ирландия, Исландия, Пакистан, Англия кирет.

дуба ак бата халифат

Эй, Алла! Ыйык Рух менен Имамыбызды колдогун, ал болгон жеринде аны менен бирге болгун жана ага эӊ күчтүү жардам менен көмөк көрсөткүн!

(Жумалык «Ал-Фазл Интернейшнал» газетасы, 25-июнь, 2019-жыл)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via