Масийхи Мавъуд (ас) менен теңдеши жок тууганчылыкты түзүү
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Бөлүмдөр
  1. Баш сөз
  2. Байъат шарттары
  3. Байъат деген эмне?
  4. Байъаттын мааниси – өзүн Кудай Таалага тапшыруу
  5. Алла Таала тарабынан Байъат алууга буюрулгандыгы
  6. Байъаттын максат-мүдөөлөрү
  7. Байъат алуунун башталышы
  8. Биринчи Байъат шарты
  9. Кудай Таала Ширкти кечирбейт
  10. Ширктин ар кандай түрлөрү
  11. Экинчи байъат шарты
  12. Эң чоң жаманчылык – жалган сүйлөө
  13. Зынаадан сактангыла
  14. Жаман көз менен кароодон сактангыла
  15. Баш ийбестик жана бузукулуктардан оолак болгула
  16. Зулумдук кылбагыла
  17. Кыянатчылык кылбагыла
  18. Бүлүк салуудан сактангыла
  19. Чыккынчылык жолдорунан абайлагыла
  20. Кызуу кандуулукка берилбегиле
  21. Үчүнчү Байъат Шарты
  22. Беш маал намазды калтырбай орундаткыла
  23. Тахажжуд намазын орундаткыла
  24. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га дайыма салаваат окуп тургула
  25. Алладан дайыма кечирим сурап тургула
  26. Истигфаар жана тобо кылуу
  27. Алла Таалага мактоо-алкоо айтып тургула
  28. Абдан маанилүү жана керектүү тема
  29. Төртүнчү Байъат шарты
  30. Кечиримдүү болгула
  31. Эч кимге зыян келтирбегиле
  32. Карапайым жана жөнөкөй адам болгула
  33. Бешинчи Байъат шарты
  34. Кыйынчылыктар күнөөлөргө «каффараат» (кун) болуп калат
  35. Кырсыктын башталышында кылынган сабыр гана чыныгы сабыр болот
  36. Силер Алла Тааланын акыркы Жамаатысыңар
  37. Меникилер менден ажырашпайт
  38. Толук берилгендик жана туруктуулук үлгүсүн көрсөткүлө
  39. Алтынчы Байъат шарты
  40. Бидъат жана жаңы-жаңы (маанисиз) каада-салттарды четке кагуу керек
  41. Исламий таалим үчүн биздин жетекчибиз – Курани Карим
  42. Курани Карим гана – силердин жашооңор
  43. Жетинчи Байъат шарты
  44. Ширктен кийин текеберликтей башка балээ жок
  45. Текебер адам эч качан бейишке кирбейт
  46. Текеберлик менен шайтандын ортосунда кандайдыр бир терең алака бар
  47. Текеберлик – Кудай Тааланын алдында өтө жийиркеничтүү нерсе
  48. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын назарында жардылардын орду
  49. Сегизинчи Байъат шарты
  50. Ислам таалимдеринин корутундусу
  51. Исламдын тирилүүсү бизден кандайдыр бир «Фидя» сурайт
  52. Күнөөдөн кутулуунун куралы – ишенич
  53. Тогузунчу Байъат шарты жөнүндө
  54. Тогузунчу Байъат шарты
  55. Баарына жакшы мамиле кылуу таалими
  56. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) жана адамзатка карата боорукерлиги
  57. Онунчу Байъат шарты
  58. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) жана Учурлук Халифа менен тууганчылык байланышты орнотуу зарыл
  59. Маъруф жана Маъруф эместин аныктамасы
  60. Баш ийүүчүлүктүн эң бийик үлгүсү
  61. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) ээлеген ар бир даража Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)ды ээрчигендигинен болгон
  62. Ар кандай жагдайда да баш ийүү зарыл
  63. Ким жамаат мүчөсү эсептелет?
  64. Өз ара тууганчылык жана сүйүү пайда кылгыла, ошондой эле Кудай Таала менен чыныгы алакаңарды орноткула
  65. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)дын колунда байъат кылуунун эки пайдасы
  66. Ушул доордогу бекем чеп – Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)
  67. Айрым окуялар
  68. Силерге куш кабар болсун! Эми силер дайыма «Маъруф» чечимдердин астындасыңар
  69. «Маъруф боюнча баш ийүүнүн» даанышмандыктан турган чечмеси жана түшүндүрмөсү
  70. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссаллам) аркылуу жүз берген руханий ыңкылап
  71. Ширктен оолак болуу
  72. Кызуу кандуулукка берилбөө
  73. Намаздарды калтырбай окуу жана Тахажжуд намазына берилүү
  74. Кызуу кандуулукту басуу
  75. Кээ бир окуялардын уландысы
  76. Оорчулукта жана молчулукта Алла Таалага бекем бойдон калуу
  77. Сабырдуулуктун теңдеши жок үлгүсү
  78. (Маанисиз) каада-салттардан оолак болгула
  79. Тамеки тартуунун зыяндуу таасирлери
  80. Лотерея адал эмес
  81. Ичимдиктин арамдыгы
  82. Курани Каримди сүйүү
  83. Карапайымдуулук жана жөнөкөйлүк
  84. Текеберчиликтен оолак болуу
  85. Динди дүйнөдөн жогору коюу
  86. Адамзатка кызмат кылуу жана чын ыкыластуулук жана ыймандуулук боюнча теңдеши жок үлгүлөр
  87. Ахмадий дарыгерлер өздөрүн динге арнасын
  88. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) менен теңдеши жок тууганчылыкты түзүү
  89. Жамаатка чын ыкылас менен берилгендердин балдарынын милдети
  90. Жаттардын (акыйкатты) моюнуна алгандыгы
Чектеш темалардын мазмуну

Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) менен теңдеши жок тууганчылыкты түзүү

Дагы ошол онунчу шартта Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) менен теңдеши жок тууганчылык алакасын орнотуу айтылган. 1907-жылы Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам)дын кенже уулу Сахибзаада Мырза Мубарак Ахмад катуу ооруп, температурасы жогорку көрсөткүчкө чыкты, ошого байланыштуу Саййид Абдусаттаар Шах Сахиб (разияллааху анху)нун бир окуясы кезигет. Анын ооруп жаткан күндөрүндө кимдир бирөө түшүндө Мубарак Ахмаддын тою болуп жатканын көрдү. Түш жооруучулар мындай деп жазышат: эгер той белгисиз аялга болсо, анын жооруусу – өлүм болот, бирок айрым түш жооруучулардын пикиринче, эгер ошондой түш көзгө көрүнгөн түрдө орундатылып коюлса, анда ошондой жооруусун кечиктирүүгө болот. Ошентип, түш көргөн киши ушул түштү Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам)га угузганда, ал (алайхиссалаам) мындай айтты: түш жооруучулар анын жооруусу – өлүм деп жазышкан, бирок аны ачык түрдө орундатууда кээде ушул жооруунун натыйжасы чыкпайт. Ошондуктан, келгиле, Мубарак Ахмадды үйлөнтөлү. Ошентип, той-үйлөнүү эмне экенин билбеген баланы үйлөнтүүнү Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) ойлогон. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) ошондой сөздөрдү сүйлөп жатканда, кокусунан Азирети Доктор Саййид Абдусаттаар Шах Сахибдин үйүнөн (анын аялы – Азирети Саййида Саъийдатун-Нисаа Бегам Сахиба) мейман катары ушул жерге келген болчу, короодо көрүнүп калды. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) аны чакырып, мындай айтты: «Биз Мубарак Ахмадды үйлөнтүүнү чечтик. Сиздин Марям аттуу кызыңыз бар. Эгер сиз макул болсоңуз, Мубарак Ахмадды ага үйлөнтөлү». Ал: «Хузур, мен макулмун, бирок эгер сиз бир аз мөөнөт берсеңиз, мен Доктор Сахибден да сурайын», – деп жооп берди. Ошол учурда маркум Доктор Сахиб жана анын үй-бүлөсү Тегерек бөлмөдө[1] турушкан эле. Ал ылдый түшүп кетти… Доктор Сахиб ал жерде жок эле. Мүмкүн, бир жакка кеткендир. Бир аз күткөн соң, ал келип калды. Анан мындай ыкмада кеп козгоду: кээде кимдир бирөө Алла Тааланын динине киргенде, анын ыйманы сыноодон өткөрүлөт. Эгер Алла Таала сиздин ыйманыңызды сыноодон өткөрсө, сиз туруктуулук бере аласызбы? Ошондо ал эки жакты ойлогон: ыктымал, ошол себептүү Доктор Сахиб кызды берүүгө эки анжы болушу мүмкүн. Биринчиден, мындан мурун анын үй-бүлөсүнүн бир дагы кызы Саййид[2] эмеске турмушка чыккан эмес эле; экинчиден, Мубарак Ахмад айыккыс оорууга чалдыккан эле жана маркум Доктор Сахиб өзү аны даарылап жаткан болчу. Ошол себептүү, ал: «Токсон тогуз пайыз ушул той коркунучтуу жана тез арада кыз жесир болуп калуу ыктымалы да бар», – деп ойлошу мүмкүн. Ушул бардык факторлор себебинен Доктор Сахибдин үйүндөгүлөрү: «Доктор Сахиб алсырап, ыйманы текке кетпесин», – деп ойлогон. Ошондуктан, ал: «Эгер, Алла Таала ыйманыңызды сынамакчы болсо, туруктуулук кыласызбы?» – деп сурады. Ошондо, Доктор Сахиб: «Алла Таала мага туруктуулук насип этет деп үмүт кыламын», – деп жооп берди.

Ошондо Саййида Марямдын маркум апасы ага бүт окуяны айтып берди: мен жогорку кабатка барганымда, Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам): «Марямды Мубарак Ахмадга никелеп коёлу», – деп айтты. Бул сөздү угуп, Доктор Сахиб: «Жакшы. Эгер Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) ошондой кааласа, биз эмнеге каршы чыгабыз?» – деп жооп кылды. Ошол жоопту угуп, Марям Бегам маркумдун апасынын (Алла Таала анын даражаларын дайыма жогорулатып турсун) көздөрүнөн аргасыз жаш агып, ыйлап жиберди. Ошондо Доктор Сахиб маркум андан: «Эмне болду. Сизге ушул тууганчылык жаккан жокпу?» – деп сурады. Ал мындай жооп кайтарды: «Мен макулмун. Кеп ушундай: Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) никелөөнү айткандан бери сиздин ыйманыңыз текке кетпесин деп коркуп, жүрөгүм кысылып жаткан болчу. Сиздин жообуңузду угуп, кубанганымдан көз жашымды токтото албадым». Кыскасы, ошентип той болду. Бир топ күндөн кийин (ооруусу күчөп кетти) ал кыз жесир калды». (Кадияндагы «Ал-Фазл» газетасы, 1-августь, 1944-жылы, 1-2-бет; «Азирети Доктор Саййид Абдусаттаар Шах Сахиб», 122-124-беттер)

Эми карагыла, Алла Таала дагы Доктор Сахибдин ыкыластуулугун бекер кетирген жок. Азирети Муслих Мавъуд (разияллааху анху) аны никесине алды. Анын аты Азирети Умми Тахир Марям Сыддыйка (разияллааху анхаа)[3] болгон.

Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) Азирети Сахибзаада Абдул-Латийф Сахиб Шахийд (разияллааху анху) туурасында мындай деп жазат: «Ошол эле күндөрдө Алла Таала тарабынан үзгүлтүксүз мага ушул вахий-аян келди жана абдан салтанаттуу жана күчтүү белги-жышаандар жүз берди. Мен Масийхи Мавъудмун деген билдирүүм далилдер менен дүйнөгө жарыяланды. Кабулга караштуу Хост өлкөсүндө Ахундзаада Мавлавий Абдул-Латийф аттуу улуу инсанга чейин кандайдыр бир жол менен менин адабияттарым жетти жана мен өз адабияттарымда асмандык колдоолор менен, атап айтканда, Алла Тааланын колдоосу менен мен өз китептеримде жазган бардык логикалык жана акылдык далилдердин баарына көз салды. Ал улуу инсан ичи таза, илим-билимдүү, акыл-парасаттуу Кудайдан корко турган жана такыбаны жолдогондуктан, ошол күчтүү далилдер анын жүрөгүнө чоң таасир тийгизди, натыйжада ушул билдирүүнү тастыктоосуна көп деле кыйынчылык туулбады. Анын таза мээси дароо: «Ушул инсан Алла Таала тарабынан келген жана ушул билдирүү – дурус!» – деп кабыл алды. Ошондо ал менин адабияттарымды мээримдүүлүк менен окуй баштады, ошондой эле абдан таза жана даяр руху мен жакка тартылып келди. А түгүл (мени менен) жолукпай отура берүү ал үчүн абдан оор болуп калды. Акыры ошол салтанаттуу тартылуулук, сүйүү-урмат жана ыкыластуулуктун натыйжасы ушундай болду: ал ажылык кылууга бекем ниет коюп, сапар үчүн арыз менен кайрылды. Ал Кабул Амиринин назарында бир такыба аалым жана бардык аалымдардын жетекчиси эсептелгени үчүн ага уруксат да берилди, жардам катары бир аз акча да берилди. Ошентип, ал уруксат алып Кадиянга жетип келди. Мени менен жолукканда, жаным колунда болгон Кудайдын атынан касам ичемин: мен аны мени ээрчүү жана менин билдирүүмдү тастыктоо боюнча ушунчалык берилгенин байкадым: андан көбүрөөк адамзат үчүн мүмкүн эмес. Бир шише атырга толгондой эле мен аны сүйүүмө толгонун көрдүм. Анын нурдуу жүзү сыяктуу эле анын жүрөгү да мага нурдуу көрүнгөн эле». («Руханий хазаайин», 20-том, «Тазкиратуш-Шахаадатайин», 7-бет)

Ошондой эле Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) Азирети Халифатул-Масийхил-Аввал (разияллааху анху) туурасында мындай деп жазат:

«Ушул жерде мен «Алла таала Өзүнүн берешендиги менен мени жалгыз калтырган эмес» деген нерсени айтпай, шүгүрчүлүк кылбай, тура албаймын. Мени менен тууганчылык алакасын байланыштыра турган жана Алла Таала Өз колу менен негиздеген ушул Жамаатка кире турган адамдар сүйүү жана ыкыластуулуктун ажайып-сонун түсүнө ээ болушкан. Мен өзүмдүн эмгегим менен эмес, тескерисинче Алла Таала Өзүнүн өзгөчө мээримдүүлүгү менен  чындыкка толгон ушул рухтарды мага тартуу кылды. Эң алгач мен өзүмдүн руханий тууганымды кеп кылууга ичимден толкундап отурамын: анын ыкыластуулук нуру сыяктуу эле аты дагы Нуруддин. Ал өзүнүн адал мал-мүлкүн сарптап, Исламды жайылтуу үчүн жасап жаткан кээ бир дин кызматтарына: «Кана, ошол кызматтар менин колуман да келсе», – деп дайыма суктануу менен караймын. Динди колдоо үчүн анын ичиндеги толкундап жаткан шыктануучулугун элестетип: «Алла Таала не бир пенделерин Өзүнө тартып алат?» – деп Алла Тааланын Кудуреттүүлүгү планы көздөрүмдүн алдында көрүнө баштайт. Ал өзүнүн бүт мал-дүйнөсү, баардык күч-кубаттары жана ага насип болгон бардык финансылык жөмдөмдүүлүктөрү (колунда бар байлык) менен дайыма Алла (жана) Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)га баш ийүүгө даяр турат. Мен жакшы ой менен эле эмес, тажрыйба менен ушундай туура жана анык маалыматка ээмин: ал менин жолума мал-мүлк тургай, жан менен намысын да аябайт. Эгер мен уруксат бергенимде, ал өзүнүн бүт бардык нерселерин ушул жолго курман кылып, өзүнүн руханий жолдоштугу сыяктуу эле денелик жолдоштугу жана дайыма жанымда туруу акысын да орундатмак. Менин сүйүктүү тууганым – Мавлавий Хакийм Нуруддин Бехравий Жамму (Индия) штатынын даарыгери сүйүү-урмат жана ыкыластуулуктун даражалары боюнча канчалык илгерилеп кеткенин окурмандар кабардар болуулары үчүн анын каттарынан кээ бир саптарын үлгү катары көргөзөмүн. Ал саптар төмөнкүдөй:

«Мавлаанаа, Муршаданаа, Имааманаа! Ассалааму алайкум ва рахматуллаахи ва баракаатуху. Хузур! «Мен ар дайым Хузурдун жанында туруп, Имаамуз-Заман[4] кайсыл максат үчүн Мужаддид[5] дайындалган болсо, ошол максатка жетейин», – деп дуба кыламын. Эгер уруксат этсеңиз, кызматты ыктыярдуу түрдө таштап, күнү-түнү сиздин кызматыңыз менен алек болуп отурайын. Же эгер буйрук кылсаңыз, ушул алака-байланышууну таштап, дүйнө кыдырып, адамдарды чыныгы динге чакырайын жана ушул эле жолдо жан берейин. Мен сиздин жолуңузга курман болгонмун. Менде бар нерсе – меники эмес, сиздики. Азирети Пиру Муршад! Мен жетик чынчылдык менен айтамын: эгер менин бүт мал-мүлкүм динди жайылтуу жолунда сарпталып калса, мен максатыма жеткен боломун… (Азирети) Умар (разияллааху анху) (Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га жакын болгондой), мен сизге жакынмын. Бүт баарын ушул жолго курман кылууга даярмын. «Менин өлүмүм чынчылдар өлүмү сыяктуу болсун!» – деп дуба кылыңыз.

Жогоруда кеп козголгон Мавлавий Сахибдин чынчылдыгы, кайраттуулугу, боорукерлиги жана берилгендиги анын сөзүнөн ачыкка чыккандай эле, иш жүзүндө анын ыкластуу кызматтарынан дагы ачыкка чыгууда. Ал сүйүү жана ыкыластуулуктун жетик сезими менен бүт баарын, а түгүл үй-бүлөсүнүн күн кечирүүгө керектүү нерселерин дагы ушул жолго курман кылууну каалайт. Анын руху сүйүүгө берилип, толкундануу себебинен, анын мүмкүнчүлүктөрүнөн ашык кадам шилтөөдөн таалим берүүдө. Ал ар дайым, ар бир көз ирмемде кызмат менен алек». («Руханий хазаайин», 3-том, «Фатх-э-Ислам», 59-63-беттер)

Каршылык билдирген бир кишиге жооп кайтарып, Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) мындай деп жазат:

«Сиз: «Жалгыз Хакийм Мавлавий Нуруддин Сахиб гана – ушул Жамааттагы чыныгы такыба адам, башкалары мындай же тигиндей», – деп айтасыз. Сиз ушул жалаа үчүн Алла Таалага кандай жооп берериңизди мен билбеймин. Мен касам ичип айтамын: кеминде жүз миң ушундай адам менин Жамаатымда бар: алар чын жүрөктөн мага ыйман келтиришти жана жакшы иштерди жасашат, (насаат) сөздөрдү угушканда, көп ыйлагандыктан жакалары суу болуп кетет. Мен өзүмө Байъат кылган миңдеген адамдардан көптөгөн өзгөрүүлөрүн байкаймын: Муса (алайхиссалаам)дын тирүү кезинде ага ыйман келтирген анын жолдоочуларынан буларды миң даража жакшыраак деп ойлоймун. Алардын жүздөрүнөн сахаабалардын ишенич жана жөндөмдүүлүк нурун кезиктиремин. Ооба, эгер кимдир бирөө өзүнүн табигый кемчилиги айынан аз жөндөмдүүлүккө ээ болгон болсо, анда бул башка кеп.

Мен байкаймын: менин Жамаатым жакшылык жана жөндөмдүүлүк боюнча канчалык өсүп-өнгөн болсо, бул да бир муъжиза-керемет. Миңдеген инсандар чын-дилден биригишкен. Эгер бүгүнкү күндө аларга: «Өзүңөрдүн бүт байлыгыңардан баш тарткыла», – деп айтылса, алардын баары (андан баш) тартууга даяр турушат. Ага карабастан, мен аларды дайыма дагы башка өсүп-өнүгүүлөргө чакырамын жана алардын жакшылыктарын аларга угузбаймын, бирок ичимден кубанычтамын». («Сийратул-Махдий», 1-бөлүк, 165-бет, 2-басылыш, 1935-жылы чыккан)

[1] Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам)дын үй бөлмөлөрүнүн бири.

[2] Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын үй-бүлөөсү Саййид деп аталат.

[3] Азирети Мырза Тахир Ахмад Халифатул-Масийхир-Раабиъ (рахимахуллаах)тын энеси.

[4] Ушул доордун Имамы – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам).

[5] «Жаңылоочу» дегенди билдирет.

Share via