Тогузунчу Байъат шарты
«Ал Кудай үчүн Анын жалпы пенделерине камкор болуп, колунан келишинче Кудай берген бардык күч-кубаттарын жана нээматтарын адамзаттын пайдасына жумшайт».
Алла Таала Курани Каримде мындай дейт:وَاعۡبُدُوا اللّٰہَ وَلَا تُشۡرِکُوۡا بِہٖ شَیۡئًا وَّبِالۡوَالِدَیۡنِ اِحۡسَانًا وَّبِذِی الۡقُرۡبٰی وَالۡیَتٰمٰی وَالۡمَسٰکِیۡنِ وَالۡجَارِ ذِی الۡقُرۡبٰی وَالۡجَارِ الۡجُنُبِ وَالصَّاحِبِ بِالۡجَنۡۢبِ وَابۡنِ السَّبِیۡلِ ۙ وَمَا مَلَکَتۡ اَیۡمَانُکُمۡ ؕ اِنَّ اللّٰہَ لَا یُحِبُّ مَنۡ کَانَ مُخۡتَالًا فَخُوۡرَا Котормосу: Аллага ибадат кылгыла жана эч бир нерсени Ага шерик кылбагыла. Ошондой эле ата-энелерге да, жакын туугандарга да, жетимдерге да, мискиндерге да, тууганчылыгы бар кошуналарга да, тууган-туушкан эмес кошуналарга да, өз жолдошторуңарга да, мусапырларга да, кол астыңардагыларга да жакшылык кылгыла. Албетте, Алла текеберлик кылуучу (жана) мактанчаакты сүйбөйт. («Ан-Нисаа» сүрөөсү: 37)