06-хадис сабагы • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Момун-мусулман ѳзүнүн тили жана колу менен эч кимге жамандык кылбоо керек

Азирети Абу Муса (разияллааху анху) Сахаабалар (разияллааху анхум)дун Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га төмөнкүдөй суроо бергенин рабаят этет:

Йаа Расулаллаах! Аййул-Ислаами афзалу? Каала ман салимал-муслимууна мин лисаанихий ва йадихий. («Бухарий», Китаабул-йимаан, Баабу аййул-Ислаами афзалу)

Йаа Расулаллаах! Аййул-Ислаами афзалу? Каала ман салимал-муслимууна мин лисаанихий ва йадихий. («Бухарий», Китаабул-йимаан, Баабу аййул-Ислаами афзалу)

Котормосу: Эй, Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)! Эң мыкты Ислам кайсы? Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деди: «Эң мыкты Ислам тилинен жана колунан мусулмандар зыян көрбөгөн адамдыкы».

Ушул хадисте мусулмандар эстен чыгарып жиберишкен абдан зарыл жана өтө маанилүү сабак берилген. Биздин динибиз эки эле бөлүктөн турат: бири Алла Таалага ибадат кылынсын жана Анын бизге важип болгон акысы аткарылсын; экинчиси, Алла Тааланын пенделерине мээримдүүлүк жана кызмат көрсөтүлсүн. Диндин бардык маселелери ушул эле эки нерсенин тегерегинде айланат.

Алла Тааланын дининин негизги жана маанилүү максаты да ушул гана, калгандарынын баары түшүндүрмөлөрү эле. Түпкү иш, негизги нерсе, маанилүү иш ушул гана: адамзат Алла Таалага ибадат кылсын, Анын пенделерине камкор болуп, аларга кызмат кылсын, аларга тилинен да, колунан да эч кандай зыян келтирбесин. Кээ бир адамдар бир топ убакытка созуп намаздарын аткарышат, зикир чалышат, ибадат кылышат, бирок бир тууган момун-мусулман эркек-аялдарга жамандык кылышат. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдында эки аял жөнүндө сөз кылынган: бири, намаздарды аткарууда, орозолорду тутууда аябай алдыда болчу, бирок өзүнүн кошуналарына жамандык кылчу, аларга тийишчү; экинчиси, намаз менен орозону парыз катары аткарчу, бирок кошуналарына жана жакырларга кызмат кылчу, ал киши сыр жасап, аны кесип, тилимдерге бѳлүп, адамдарга берчү. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) биринчи аял тууралуу мындай деген:

«Ал – тозокто». Ал эми экинчиси тууралуу мындай деген: «Ал – бейиште». («Муснад Ахмад бин Ханбал», муснад Аби Хурайра (разияллааху анху), 3-том, 556-бет, 9673-хадис, «Ааламул-кутуб» – Бейрут 1998)

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бардык адамдарга ырайымдуу жана мээримдүү болууга буюрган болсо да, бирок ушул хадисте өзгөчө мындай деп айтылган: жакшы мусулман өзүнүн колу менен жана тили менен башка мусулманга жамандык кылбайт, анткени мусулмандардын аймагында жашаган мусулман күндөлүк турмушта көбүнчө мусулмандар менен эле мамиле кылат. Бирок кудум Раббибиз – Алла бүткүл ааламдар Раббиси экениндей эле, кудум Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бүткүл ааламдарга мээримдүү экениндей эле момун-мусулман да дүйнөдөгү бардык адамдарга камкор болуп, боорукерлик кылат.

Алла Таала Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын айткандарына амал кылуу күч-кубатын бизге берсин. Аамийн.

Чектеш темалардын мазмуну