Мусулман Лидер Экстремизмге каршы күрөшүүдө Медианы Жоопкерчиликтүү болууга чакырды
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Мусулман Лидер Экстремизмге каршы күрөшүүдө Медианы Жоопкерчиликтүү болууга чакырды

Азирети Мырза Масрур Ахмад медиа мусулмандардын көпчүлүгү аткарып келе жаткан Ислам дининин тынчтык таалимдерин баса белгилеп көрсөтүүсү керек деди

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Англиянын Европа Биримдигинин бөлүгү бойдон калсын деген ойду колдоорун билдирди

2016-жылдын 19-мартында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхисслаам)дын 5-Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) Улуу Британиядагы Ахмадия Мусулман Жамааты тарабынан уюшулган 13-Улуттук Тынчтык Симпозиумунда өзүнүн тарыхый кайрылуусун жасады.2016-03-19-UK-Peace-Symposium-002

Аталган азем Лондон шаарында жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинде болуп, ага 26 өлкөдөгү 900дөн ашык угармандар, алардын ичинде 500дөн ашуун Ахмадий эмес коноктор, Өкмөт Министирлери, башка мамлекеттердин элчилери, Парламенттин эки палатасынын өкүлдөрү жана ар кандай  чоӊ орундарда иштеген коноктор жана меймандар катышышты.

Урматтуу Халифа Хадийл Касым айым Орто Чыгыштагы коркунучтуу жана ыңгайсыз лагерлерде кармалып кеткен миңдеген балдардын кыйынчылыктарын жеңилдетүү үчүн жасаган зор аракеттерине баа берип, ага «Тынчтыкты Өнүктүрүү боюнча Ахмадия Мусулман Сыйлыгын» да тапшырды.

Өзүнүн кайрылуусунда ал киши чыныгы жана түбөлүктү тынчтыкты орнотуу максатында коомчулуктун бардык деңгээлдеринде адилеттүүлүк жана теңдүүлүктүн фундаменталдуу керектүүлүгү жөнүндө сүйлөдү.

Ал киши медианы

«кичинекей азчылык»

калп эле Ислам дининин атынан жасап жаткан мыкаачылыктарды бастыруудан көрө жер жүзүндөгү көпчүлүк мусулмандардын позитивдүү ишмердүүлүктөрүн бастырып,

«жакшылыктын жана тынчтыктын күчү катары»

өзүнүн таасирдүүлүгүн колдонуусуна чакырды.2016-03-19-UK-Peace-Symposium-003

Ал киши Ислам дининде муртаддыкка (Ислам дининен кайтуу) эч кандай жаза жоктугуна жана  Курани Карим эл аралык диний эркиндик байрагын көтөргөн Китеп экендигин жана ал киши кайталап, жер жүзүндөгү бардык террорист жана экстремист топторго курал-жарак жеткирүү жана каржылоо линияларын кесүү керектигин айтты.

Симпозиумда мурун өткөрүлгөн газета-журнал өкүлдөрүнүн жыйынында ал киши өзүнүн Улуу Британия Европа Биримдигинин бөлүгү бойдон калуусу керек деген көз карашын сунуштады. Ал киши «Калуу» акциясы ийгиликтүү болот жана Европа Биримдигинен эч кандай «Бөлүнүүсү» болбойт деген үмүтүн билдирди.

Азирети Мырза Масрур Ахмад бүгүнкү терроризм жана экстремизмдин дүйнөдө кеӊири таралуусу Ислам дининен коркуу себебине алып келүүдө деген факты айтуу менен ал  ошол кечеге тарыхый кайрылуусун баштады.

2016-03-19-UK-Peace-Symposium-004

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ушул иш Ислам дининен коркуу түшүнүгү кеңири таралган убакта ого бетер күчөп ИГИЛ сыяктуу террорист топтор жасаган коркунучтуу жана уятсыз иштери болуп жаткан бир учурда болуп жатат. Мисалы, былтыр ноябрь айында дүйнө Парижде террористтик чабуулдар болгон кезде кандайдыр бир коркунучка күбө болгон, андан тышкары ар кайсы өлкөлөрдө убакты-убакты менен тынбай жан кечти жардыруулар жана чабуулдар жасалып жатты».

Ошентсе да, ал киши ачык-айкын түрдө мындай деп айтты: чыныгы Ислам тынчтыктын дини жана сырткы көрүнүшү менен гана мусулман деп аталуучу кээ бир мусулман топтор тарабынан жасалып жаткан мыкаачылык амалдарга Ислам дини такыр уруксат бербейт жана актабайт дагы.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Курани Каримдин биринчи сүрөөсүндө Алла Таала «бүткүл ааламдардын Раббиси» деп айтылган. Ал Мээримдүү жана Ырайымдуу. Демек, бардык ааламдардын Раббиси, Мээримдүү жана Ырайымдуу Алла кандай гана болбосун, Өзүнө ишенгендер Анын Макулуктарын ырайымсыздык менен өлтүрүүсүн жана аларга карата зордук-зомбулук кылуусун же зыян келтирүүсүн жактырышы мүмкүнбү? Албетте, мындай нерсе болуусу тап-такыр мүмкүн эмес деген жооп болот».

2016-03-19-UK-Peace-Symposium-005

Ал киши мындай деди: зулумдук жана адилетсиздик үстөмдүк болгон жерде тынчтык жана реформалап-оңолуу үчүн Ислам дини эки ыкманы үйрөтөт.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Эгерде өз ара сүйлөшүүлөр, пикир алмашуулар жана дипломатиялык жолу менен тынчтыкка жетишсе, анда бул өтө эле жакшы. Ал эми ошондой кылуу мүмкүн болбосо, анда бакубат тынчтыкты орнотуу максатында зулумдуктарды токтотуу үчүн гана күч колдонулса болот».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ислам дининде жазалоо негизинин философиясы өтө эле кыраакы жана өзгөчө… Кандайдыр бир өч алуу үчүн эмес, тескерисинче реформалап-оңдоо, калыбына келтирүү жана жакшыртуу үчүн жазалоого же чек коюуга уруксат берилет».

2016-03-19-UK-Peace-Symposium-006

Ислам динине коюлган жалпы сын-пикирлерди четке кагып, ал киши мындай деди: Ислам дининде муртаддыкка (динин таштап кетүүдө) эч кандай жаза жок жана эл аралык диний эркиндик Ислам дининин башкы усулу (принциби).

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ислам дини эл аралык диний эркиндик жана ой-пикир эркиндиги усулдарын (принциптерин) коргойт. Ишеним – бул жүрөк маселеси жана ар дайым ошондой болуусу керек, ошон үчүн дин мамилесинде эч кандай зордук-зомбулук болбошу керек».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Эгер бул же тигил мусулман Ислам дининен чыгууну кааласа, анда Курани Карим таалимдери боюнча ал ошондой кылуу укугуна ээ. Эч бир өкмөт, эч бир топ же жеке адам ага жаза берүү же кандайдыр бир чектөө коюу укугуна ээ эмес. Ошондуктан, Ислам дини муртаддык үчүн жаза каралган деген сын-пикир бүтүндөй адилетсиз жана негизсиз».

2016-03-19-UK-Peace-Symposium-007

Маалымат каражаттарынын өзүнүн таасирдүүлүгүн колдонуп жакшылыкты таратууда, жоопкерчиликтүүлүк менен иштөө керектигин сүйлөп,  Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Албетте, адамдардын ой-пикирине таасир этүүдө медиа чоң роль ойнойт, ошон үчүн медиа жакшылыктын жана тынчтыктын күчү катары ошол күчүн жоопкерчиликтүүлүк менен колдонуусу керек. Ал чакан бир топ жасап жаткан ырайымсыздык амалдарын көрсөтүүдөн көрө чыныгы Ислам дини сунуштап жаткандарын дүйнөгө көрсөтүүсү керек».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Террористтик жана экстремисттик топторду рекламалоо – бул алар үчүн кандайдыр бир кычкылтек».

2016-03-19-UK-Peace-Symposium-008

Ал киши мындай деди: Маалымат каражаттары мусулман деген аты эле бар  топтордун Ислам дининин атынан жасап жаткан мыкаачылык террорчулуктарына убакытты кооротуп кереги жок, анткени алар чын жүрөктөн Ислам дининин чыныгы жана тынчтык таалимдерин жайылтып жаткандардын үндөрүнө кош көңүл карашкан.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Эл аралык чыр-чатактын учурунда биз төмөнкүдөй негизги усулдарды унутпашыбыз керек: жамандыктын жана зулумдуктун бардык көрүнүштөрүнө тыюу салуубуз керек, ошондой эле жакшылыктын жана адамгерчиликтин бардык көрүнүштөрүн жайылтуубуз керек. Мына ушул ыкмада жамандык кеңири жайылбайт, ал эми жакшылык жана тынчтык кеңири жайылат, ошондой эле коомчулугубузду кооздойт».

Сирияда болуп жаткан согуш жөнүндө сөз кылып жатып, ал киши мындай деди:

Батыш сириялыктардын оор ахвалын жоюу максатында Сирия бийлиги менен

«алака-байланыш каналдарын ачууга даяр»

болушу керек.

2016-03-19-UK-Peace-Symposium-010

Ал киши мындай деди: дүйнөлүк өкмөттөрү же эл аралык уюмдары тынчтыкты бийликти алмаштыруунун ордуна тынчтыкты орнотууну жогору коюулары керек. Ал киши мындай деди: алар Ирак жана Ливиянын кырсыктуу мисалдарынан сабак алуулары керек, ал эки өлкөнүн узак башкарып келген жетекчилери зордук жолу менен алмашылгандыгынан бери ошол эки мамлекет баш аламандык жана мыйзамсыздык баткагына батты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад реалдуу түрдө  дагы бир Дүйнөлүк Согуш башталып кетүү коркунучу бар экенин эскертти. Эгерде бардык тараптар өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын бир жакка коюп, адилеттүүлүк менен иш алып барууга даяр болсо, ушул алааматты алдын алуу үчүн дагы да убакыт бар экенин айтты.

Ал киши террористтик топторго фынансылык каржылоо линиясын кесүүгө үзгүлтүксүз ийгиликтүү боло албагандары үчүн сынга алды. Чындыгында, биз тынчтык үчүн иштеп жатабыз деп билдирүүчү ушул күчтүү улуттар Орто Чыгышка курал-жарактарды экспорт кылып жатышат, натыйжада алар Сирия, Ирак жана Йеманда болуп жаткан согуштарга май куюшууда.

Күйүүчү май соода-сатык иштери жагынан Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Күйүүчү майды алууда адеп-ахлак терезеден чыгып кетүүдө».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Терроризм жана экстремизмди жок кылууга колдон келишинче бардык аракеттер жасалып жатат деп билдирилет, бирок далил ошол билдирүүнү ырастабайт».

Аягында Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Мен бардыгыбыз адамгерчиликтин максатын алдыга жылгызууга өзүбүздүн тиешелүү ролубузду ойноо үчүн дуба кылам жана адилеттүүлүккө негизделген чыныгы тынчтык дүйнөнүн бардык аймактарында орносун деп да дуба кылам».

Аталган тарыхый кайрылуудан мурда бир топ улуу урматтуу коноктор тынчтыктын маанилүүлүгү жана бүгүнкү күндөгү дүйнөнүн оор ахвалы жөнүндө сүйлөштү.

Англиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуттук Президенти Рафийк Хаят мырза мындай деди:

«Ахмадия Мусулман Жамааты билим берүү, гуманитардык иштер, ошондой эле өзүн реформалап-оңдоо жихады жана тынчтыкты жайылтууга басым жасайт».

Парламент депутаты жана Ахмадия Мусулман Жамааты үчүн Бардык Партиялардын Парламенттик тобунун өкүлү Сиобхайн МакДонах мырза мындай деди:

«Ахмадия Мусулман Жамааты ушул өлкөгө зор салымдарды кошууда, ошондой эле тынчтык жана диний сабырдуулук боюнча акыйдаңар бардыгыбыз үчүн кандайдыр бир мисал. Урааны (девизи) «сүйүү баарына, жек көрүү эч кимге эмес» болгон Жамааттан мына ошондой эле мүнөздү күтүү керек».

2016-03-19-UK-Peace-Symposium-011

Парламент депутаты жана Лондон мэрине талапкер Зак Голдсмитх мындай деди:

«Ахмадия Мусулман Жамааты бир кылымдан ашуун убакыттан бери жек көрүүгө каршы туруп, мээримдүүлүк, сүйүү жана иш жүзүндөгү жардам менен жамааттарды бириктирүүгө аракет кылуудасыңар».

Экстремизмге каршы күрөшүү министри, Уимблдондук Лорд Тарик Ахмад мындай деди:

«Улуу Урматтуу Азирети Мырза Масрур Ахмаддын руханий  жана таасирдүү жетекчилиги астында Ахмадия Мусулман Жамааты (экстремизмге каршы күрөшүү боюнча)  көрсөткөн мисалынан жакшыраак мисал болушу мүмкүн эмес».

Парламент депутаты, Эл аралык Өнүктүрүү иштери боюнча өлкө катчысы Рт. Хон Жастин Грийнинг мырза мындай деди:

«Мен Парламенттин жергиликтүү депутаты катары Ахмадия Мусулман Жамаатына өкүлчүлүк кылып жаткандыгым менен сыймыктанам, бирок мындан кененирээк ролум бийликте да бар, бул жактан  «Адамзат – биринчи орунда» деген уюм менен чогуу иштөө жана Ахмадия Мусулман Жаштарынын Уюму менен акча чогултуу да мага насип эткен».

Аталган аземден мурун да, кийин да Улуу Урматтуу Халифа ар кандай сыйлуу адамдар жана коноктор менен жеке жолугушту жана медиа өкүлдөрү менен маалымат жыйынын да өткөрдү.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via