Бир күнөөсүз Ахмадий Пешаварда шейит кылынды
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Дагы бир күнөөсүз Ахмадий Абдул Кадыр мырза Пешаварда шейит кылынды

Пешаварда шейит кылынган Ахмадий мусулман

♦Пешавар: Ахмадийлерди бутага алып өлтүрүүлөр уланууда: Гомеопат доктор Абдул Кадыр өлтүрүлдү

♦Бир жигит Базид Хел, Пешавардагы медициналык борборго ок чыгарды. Айыпталуучу колго түшүрүлүп, полицияга өткөрүлүп берилди.

♦Акыркы айда Пешаварда төрт Ахмадий бутага алынып, өлтүрүлүштү.

♦Мамлекет Ахмадийлерди коргоо үчүн жек көрүү өнөктүгүн токтотуу үчүн натыйжалуу чараларды көрүшү керек: Ахмадия Жамаатынын өкүлү

Ченаб Нагар Рабвах (PR): Бүгүн, 2021-жылдын 11-февралында Пешавардын Базид Хел аймагындагы медициналык борборго жасалган чабуулдан улам Гомеопат Доктор Абдул Кадыр мырза өлтүрүлдү. Түшкөн маалымат боюнча, аталган медициналык борборду Бинямийн Ахмад аттуу бир Ахмадий жүргүзүүдө. Бул медициналык борбор ондогон жылдардан бери аймактын жашоочуларына кызмат көрсөтүп келет жана бул аймакта улуу кадыр-баркка ээ болгон. Келип түшкөн маалыматка ылайык, өлтүргүч бүгүн саат 14:00 чамасында медициналык борбордун эшигинин алдындагы коңгуроону кагып келген. Абдул Кадыр мырза эшикти ачаары менен, кол салган адам ага ок чыгарган.

Пешаварда шейит кылынган Ахмадий мусулман

Абдул Кадир мырза жакынкы ооруканага жеткирилди, бирок өзүнө келе албай, көз жумду. Маркум калайык-калкка кайрымдуулук кылган инсан болчу жана эч ким менен жеке кастыгы болгон эмес. Ахмадий болгондуктан, туш болгон коркунучтардан улам, ал бир нече ай мурун үй-бүлөсүн Пешавардан алыс жайгашкан коопсуз бир жерге көчүрүп жиберген болчу. Шейит маркум 65 жашта болчу, анын артында жесир аял, 4 уулу жана 5 кызы калды.

Чамасы 18-19 жаш курагындагы киши өлтүргүч Эхсанулланы медициналык борбордо бар адамдар кууп жетип, полиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Абдул Кадир мырзанын өлтүрүлүшүнө байланыштуу терең кайгыруу жана капачылыгын билдирип жатып, Ахмадия Мусулман Жамаатынын өкүлү Ахмадияга каршы жек көрүү өнөктүгү жалпы өлкөдө жана айрыкча Пешаварда күч алгандыгын айтты. Акыркы бир нече айлардан бери Ахмадийлер үзгүлтүксүз бутага алынып, өлтүрүлүп жатышат. Жакынкы мезгилде Ахамдийлерди бутага алып, аларга кол салынган бул сегизинчи окуя. Нанкана районунда жаш Ахмадий доктор Тахир Ахмад мырза 2020-жылдын 20-ноябрында акыйда-ишеним боюнча пикир келишпестиктерден улам өлтүрүлгөн. Бир нече күн мурун 2021-жылдын 2-февралында Лаййада бир Ахмадий мектеп директоруна кандуу кол салынды, анда бактыга жараша ал киши аман калды.

Ахмадия Жамаатынын өкүлү өз сөзүн андан ары улап, үзгүлтүксүз кандуу кол салуулары натыйжасында сүйүктүү Мекенибиздеги Ахмадийлерде кооптонуу сезими күчөп, ал эми Пешавардагы Ахмадийлер коркуу сезиминде экендигин билдирди. Аталган өкүл мамлекеттен Ахмадийлерди коргоо үчүн күчөп бара жаткан жек көрүүчүлүк кампаниясын токтотууну талап кылды.

(Ал-Фазл Интернейшнал мекемеси)

*٭*٭*

Чектеш темалардын мазмуну
Share via