Израил-Палестина жаңжалы тууралуу Ахмадиянын билдирүүсү
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Израил-Палестина жаңжалынын күчөшү боюнча Ахмадия Мусулман Жамаатынын билдирүүсү

Мечит, Англия

(Эскертүү: Бул баяндама Азирети Имам Махдий (алайхиссалам)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллаху таала би-насрихил азиз)дин көрсөтмөсүнө ылайык жарыяланат)

«Акыркы бир нече күндүн ичинде жүздөгөн израилдик жана палестиналык, анын ичинде аялдар, балдар жана кары-картаңдар маанисиз зордук-зомбулуктун жана кан төгүүнүн натыйжасында өлүп же жарадар болушту. Бейкүнөө жарандарды өлтүрүү же аларга зыян келтирүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын таалимдерин ачык бузуу болуп саналат. Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) а түгүл согуш абалында да аялдарга, жаш балдарга, кары-картаңдарга зыян келтирилбесин, эч бир диний жетекчиге же сыйынуучу жайга кол салынбасын деп үйрөткөн.

Ахмадия Мусулман Жамааты бул жагдайлардан кандай гана болбосун жабыр тарткандардын бардыгына көңүл айтып, алар үчүн дуба кылат.

Дуба кылуу менен чогуу, биз согушту дароо токтотууну жана мындан ары башка адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн бардык мүмкүн болгон чараларды көрүү менен тынчтыкты орнотууга чакырабыз. Бул үчүн тиешелүү тараптар жана улуттардын ортосундагы байланыш ачык бойдон калышы зарыл.

Ок атышууну токтотуу келишимине жетишмейинче, ар кандай аскердик иш-аракеттер бейкүнөө жарандарга эч кандай зыян келтирбей тургандай, толук кепилдик менен гана жүргүзүлүшү керек.

Анын үстүнө, аймактагы мусулман өлкөлөрү тынчтык орнотуу үчүн өз ара биригишип, экстремисттер менен эч кандай байланышы жок бейкүнөө палестиналыктардын укуктарынын корголушун камсыз кылышы керек.

Биз Америка Кошмо Штаттарын жана башка таасирдүү өлкөлөрдү ансыз да туруксуз абалды мындан ары курчута турган ар кандай аракеттерден же билдирүүлөрдөн алыс болууга чакырабыз. Тескерисинче, тиешелүү эл аралык уюмдар менен бирдикте жаңжалды тез арада басаңдатууга жана тынчтыкты тез арада калыбына келтирүүгө бардык күч-аракеттерди жумшаса жакшы болот.

Түбөлүктүү жана туруктуу тынчтыкка жетишүү үчүн калыстуулук жана адилеттүүлүктү орнотуу абдан маанилүү, ошондуктан бардык ири күчтөр адилеттүүлүк жана чыныгы ынсаптуулук принциптерине негизделген узак мөөнөттүү жана туруктуу тынчтыкты орнотууга көңүл буруулары керек».

Чектеш темалардын мазмуну
Share via