ЕВРЕЙ АДАМЫНЫН ИСЛАМ-АХМАДИЯГА БОЛГОН САПАРЫ
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

КУДУРЕТТҮҮ ЖАРАТКАНДЫН ЖЕТЕКЧИЛИГИ: ЕВРЕЙ АДАМЫНЫН ИСЛАМ-АХМАДИЯГА БОЛГОН САПАРЫ

ислам ахмадия

2022-жылдын январында мен Улуу Британиянын Хертфордшир шаарындагы Мажлис Худдамул Ахмадияда аймактык «Назим таблиг» катары кызмат кылуу сыймыгына ээ болдум. Мен өзүм жашаган аймактагы ар бир Кыядаттарга (жергиликтүү худдамдарга) барып, таблиг жана даават менен алектенчүмүн. 2022-жылдын 10-январында Кембриджге сапарым алдында Азирети Имам Махдий (ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмадга кат жазып, даават кылуу максатында Кембриджге бара турганымды айтып, андан бата сурадым. Сүйүктүү Хузур азирети менин катыма жооп берип: «Алла таала таблиг жана даават жолундагы аракетиңизге береке берсин жана дааватыңызды татыктуу инсандарга жетсин», – деди.

Ошентип, 2022-жылдын 10-январында Кембриджге саякатка чыгып, Кембридж Гранд Аркад соода борборунун сыртында нөшөрлөгөн жамгыр алдында туруп, кыскача маалымат жана Ахмадияттын кабары камтылган баракчаларды таратып жаттым. Бирок, канча аракет кылсам да, эч ким мага көңүл бурбай, эч кандай кызыгуу көрсөтпөй, өтүп кетип жатышты. Анан бир киши токтоп, эмне кылып жатканымды сурады. Ал мени бир нече мүнөттөн бери байкап, жаан-чачынга, суук аба ырайына карабай, баракчаларды таратып жаткан аракеттеримди байкаганын айтты. Бул көрүнүш анын жүрөгүнө тааасир тийгизип, мага жакындап, мен таратып жаткан кабар тууралуу суроо берүүгө түрткү берди – деп айтты.

Мен Ахмадия Мусулман Жамаатынан экенимди айтып, ага Жамааттын ишенимдери тууралуу маалымат бердим. Ал «Ислам каржылоосу» тармагында иштегенин айтып, Ахмадия Мусулман Жамааты тууралуу көбүрөөк билүүгө кызыкдар экенин билдирди. Андан кийин мен анын байланыш маалыматын алдым жана биз мындан аркы сүйлөшүү үчүн жолугууга макул болдук. Кийинчерээк экөөбүз бир нече жумадан кийин кафеде жолуктук, мен аны менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алдым. Маектешүүбүздүн жүрүшүндө ал 17 жылдан ашык убакыттан бери исламдык финансы адистиги боюнча экономика боюнча улук окутуучу болгонун билдим.

2022-жылдын январынан баштап, мен аны менен жума сайын жолугушууларды өткөрүп турдум, анда мен анын Ислам жана Ахмадия тууралуу суроолоруна колумдан келишинче жооп бердим. Убакыттын өтүшү менен ал дагы көп нерсеге умтула баштады. Мен ага берген эң биринчи китебим ага жаккан «Ислам окууларынын философиясы» болду. Ошондон кийин мен ага «Ахмадиятка киришүү» китебин бердим, ал аны да абдан жогору баалады. Андан кийин ал өз алдынча интернеттен «Улуу Батыштын кайра жаралуусу» китебин сатып алып, аны «Иса Машаяк – Индияда» менен чогуу жана Жамаатыбыздын башка көптөгөн китептерин абдан шыктануу менен окуду. Анын Ахмадияга болгон кызыгуусу дагы күчөдү.

Ал мага исламдык каржылоо тармагында иштеген 17 жыл ичинде анын жүрөгү Ислам таалимдерине жакын болуп калганын түшүндүрдү. Бул Ислам дининин теңдикке, абсолюттук адилеттүүлүккө жана каржы тармагындагы калыстыкка басым жасаганынан улам болгон.

Ал исламдык финансы тармагында иштеген жылдары сунниттик Ислам, шиа Исламы жана башка Исламдын ар кандай агымдарынан келген көптөгөн улуу аалымдар жана муфтийлер менен жолуккан, бирок алардын эч кимиси анын Ислам жөнүндөгү суроолоруна жооп бере алган эмес жана эч кимисинен жүрөгү бейпилдик тапкан эмес. Бул убакыт ичинде мен аны: «Эгер ал акыйкатты издеп, чын ыкластуу болсо жана Аллага чын ыкластан дуба кылса, Аллах анын жүрөгүн ИсламАхмадиянын акыйкатын кабыл алуу үчүн ачат», – деп ишендирдим. Андан кийин мен аны Жамаатыбыздын миссионерлери Атаул Мужийб Рашид жана Насим Бажва мырзалар менен жолугушууга алып бардым, алар анын суроолоруна жооп беришти. Алардын кичи пейилдиги, билими терең ага таасир калтырганын билдирди.

Бул убакыттын ичинде ал MTAны үзгүлтүксүз көрүп, сүйүктүү Хузурдун жума кутбаларынын англисче котормосун уга баштады. Мындан тышкары, ал жеке өзү сүйүктүү Хузур азиретиге ар жума күнү кат жазып, анын акыйкатка болгон сапары үчүн дуба кылуусун суранган. Кийинчерээк ал Ахмадиянын аныктыгын ачып берген кээ бир түштөрдү көрөт жана бул анын Ахмадияга болгон кызыгуусун анын акыйкатына абсолюттук ишенимге айландырды. Ал түштөр анын жүрөгүнө катуу таасир эткен.

Белгилүү бир түшүндө ал өзүн согуш болуп жаткан жерде көрүп, айланасында бомбалар жарылып, өмүр менен өлүм кырдаалын жараткан. Ошентип, түштөгү көрсөтмө айкын эле, ал ар дайым менин жанымда болушу керек болчу, анткени мен ага согушта кан төгүлүп жана зордук-зомбулуктар кезинде жол көрсөтүп тургам. Бул түш анын хидаят сурап тиленүүсүнө жооп жана Ахмадияттын чын же жалган экенин аныктоо үчүн Аллахтан келген белги экенине дароо ынандырды. Бир жыл изилдеп, Аллахтан хидаят сурап дуба кылгандан кийин 2022-жылдын 10-декабрында Ислам Ахмадиятын кабыл алды. Ал-хамдулиллах.

Бирок Ахмадий болгондон бери анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн айрымдары андан баш тартышты жана ал мурда исламдык каржылоо боюнча сабак берген Ислам университеттери менен бир нече эмгек келишимин жоготту. Бул университеттер мындан ары анын студенттерине лекция окуусун каалабайт, анткени ал азыр Ахмадияны кабыл алды. Ошондой эле, ал жайылып жаткан рак оорусу менен да чыдамкайлык менен күрөшүп жатат. Ал көптөгөн сыноолорго жана кыйынчылыктарга дуушар болууда, бирок ал ага Ислам-Ахмадия белегин берген Аллага шүгүр кылат жана ишениминде бекем бойдон калууда.

Учурда ал Кембридждеги Ахмадия Жамаатынын алкагында таблиг жана даават иштери менен алектенет жана анын миссиясы Кембриджде (Англия) курулуп жаткан биринчи Ахмадия мечитин курууга жардам берүү. Эамонн Свийней сүйүктүү Хузурубуз менен 2023-жылдын 25-июнунда Англиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Таблиг жана даават катчысы Ибрахим Ихлаф мырза жана мен менен чогуу баарлашуу сыймыгына ээ болду. Бул жолугушууда Эамонн экөөбүз сүйүктүү Хузурубузга Алла таала бир англиялык еврей адамды Исламды кабыл алуу үчүн кандай жолго салганы тууралуу шыктандыруучу жана таң калыштуу окуяны айтып бердик. Ал-хамдулиллах.

Чындыгында, адам Аллахтын ырайымы менен гана акыйкатка багытталат. Ошондуктан, биздин жүрөгүбүз Кудайдын жетекчилигине ыраазычылыкка толуп, бул ыйман баяны мындан ары да көптөгөн рухтарга дем берерине чын жүрөктөн ишенебиз. Эамонн бир тууганыбызга Кудайдан сабыр, анын тез жана толук сакайып кетишин жана Ислам-Ахмадия кызматында узун, ден соолукта өмүр сүрүшүн тилейбиз.

Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат!

(Макаланы даярдаган: Улуу Британиянын тургуну Мухаммад Сабахуддин Рафиуддин)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via